Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20
Кыргыз элинин тарыхында нечен бороон-чапкындуу учурлар, тагдыр ортодо, өмүр ортодо болгон жылдар, ал гана эмес кылымдар көп болгон. Ушул жагынан караганда 19-кылым биздин улуттук тарыхыбыздагы эң эле маанилүү, ошону менен бирге эл турмушуна терең изин калтырган, ыйы да, чыры да, кубанычы да көп болгон кылым десек туура болот го.

Эмне үчүн дегенде, 19-кылымда кыргыз эли бир эмес, үч жоонун кысымында калганы белгилүү. Бир жагынан Кокон жапырса, экинчи жагынан Орус империясы тап берип, үчүнчү жагынан чоң Кытай жылган ажыдаардай жакындап келаткан кез эле.

“Эки доо бир келсе, амалыңдын кеткени, эки жоо бир келсе, ажалыңдын жеткени” деген ата сөзү да ошондой кыйын кырдаалда чыккан сөз эмеспи. Ошол калайык-калктын айласы куруп, журттун шаштысы кетип турган чакта айтылуу Арстанбек ырчы:

“Казак, кыргыз биригип,
Бата кылып алсак бейм,
Кашкардагы Бадөөлөт,
Ата кылып алсак бейм” деп толгонуп, чебеленген сыяктанат.

Бирок байыркы замандардан бери нечен кур бет келишип, кан төгүшүп, керек болсо кытайлардын айынан Алтайдан Ала-Тоого көчүп, Айкөл Манастын убагынан бери “кытай” деген сөз канга сиңген катуу сөз болгондуктан, Цин империясынын ыктыярына кирүү эч бир мүмкүн эмес нерсе эле.

Ошол катаал да, татаал да заманда ысыккөлдүк бугулардын бийи, азыркыча айтканда лидери Боромбай Кокон менен да эмес, Кытай менен да эмес, акыры келип Орусия менен бак байлап, орустар менен мамиле түзгөнгө акыл токтоткон экен. Анын биринчи себеби Боромбай ошол кездеги эң эле маалыматтуу, тышкы дүйнөнүн кайда баратканын, кайсы мамлекеттин эмне потенциалы, кандай экономикалык күч-кудурети бар экенин дурусураак сезген жана туйган адам болуптур. Албетте сарбагыштар менен бугулардын ондогон жылдарга созулган локалдык согушун өз көзү менен көргөн Боромбай бий Орусиянын жардамы менен ич ара кырылыштардан, ыйкы-тыйкылардан кутулууну да абдан самаса керек.

Жанында ар дайым кыргыздын акылгөй азаматтарын, ырчы-чоорчуларын ала жүрүп, легендарлуу дипломат, нака элчи Тилекматты кармап, ошол арада казактын улуу окумуштуусу, саякатчы жана этнограф Чокан Валиханов менен бир эмес, көп жолу сыр тартышып сүйлөшкөн Боромбай бий акыры Кокон менен да эмес, Кытай менен да эмес, Орусия менен алака түзгөнгө, ансыз да жакындап келаткан империяга күч менен эмес, ыктыярдуулук менен кирип кеткенге бел байлаган экен.

Боромбай бий менен Чокан Валихановдун карым-катнашы өзүнчө бир кызык тема. Биринчиден, Чокан кыргыз жерине келгендеги эң биринчи ирегесин аттаган кыргыз төбөлүнүн үйү - Боромбайдын үйү болуптур.

Бир жолу суранса кабыл албай, экинчи жолу суранса да кабыл албай, акыры улам-улам суранган Чоканга өргөсүнө баш бакканга уруксат берген экен. Ага себеп, балким, Чокан чыныгы ысмын жашырып, Хожа Алимбай деген соодагердин атын жамынып келгендиги да болгон. Бирок акыры Боромбай бий Чоканды үйүндө кабыл алып, экөө жакын таанышып, кийин тааныш эле эмес, сырдаш да болуп кетишкен. Натыйжада бугулардын бийи Чокан Валихановго ошол кездеги кыргыздын эң мыкты деген ырчы-жамакчыларын чакырып берип, Чокан ошентип “Манас” эпосуна туш болгон.

“Манастын” эң мыкты деген үзүндүсүн жазып алып, “Көкөктөйдүн ашын” Петербургда орус тилине которуп баскан. Ошентип “Манастын” жаңы өмүрү башталып, кийинчерээк кыргыз эпосу дүйнөнүн эң эле улуу эпосторунун бири катары таанылган.

Биздин эпоско Чокандан өтүп, эч ким зор баа берген жок. Ал эми Чокан Валиханов болсо “Манасты” ошондо эле дүйнөдөгү эң бир улуу эпос деп таанылган “Илиада” менен салыштырып, “Манас” - бул талаа “Илиадасы”, кыргыздардын легендалары менен мифтерин, салт-санаалары менен тарыхын, дипломатиялык карым-катнаштарын чагылдырган энциклопедия деп атаганы баарыбызга белгилүү.

…Боромбайдын үйүндө отуруп, “Манасты”, кыргыздын санжырасын, элдик чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп жаткан учурда Чокандын жазып кеткен бир кызыктуу сөзү бар. Биздин элдин байыркы тарыхына таң берип, бирок “кыргыздардын кылымдар бою оозеки сүйлөнүп келген сөздөрүн кагазга түшүргөн эң биринчи адам мен болсом керек, мындан кийин кыргыз сөздөрүн угуп эле эмес, окуганга да, көз менен көргөнгө да болот” деген экен кыраакы Чокан. Ырасында эле атам замандарда таш бетинде калган кыргыз сөздөрүн эске албаганда, биздин тилибиз калем менен кагаз бетине жазылганы, балким, чын эле Чокан Валихановдун заманында болушу толук ыктымал.

Биздин байкашыбызча, Чокан менен Боромбай бийдин тыгыз алакасына эки жагдай себеп болгон өңдүү. Биринчиси - Боромбайдын ар нерседен маалыматтуу, ошол эле Чокан айткандай, акылгөй, азыркыча айтканда интеллектуалдуу адам болгондугу себеп болгон.

Экинчиси - Чокандан алгандай маалыматты, атап айтканда Орусия тууралуу маалыматты Боромбай бий эч кимден ала алмак эмес. Ал эми Орусия менен мамиле түзүү - ич ара ыркы кеткен кыргыз урууларынын уруш-чабышын токтотуу деген сөз эле. Орусия менен мамиле түзүү - чоң, алдуу-күчтүү мамлекеттин калканчы астында өнүгүү жана өсүү деген сөз эле.

Албетте Орусия ак падышанын заманында Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө эч бир сезилээрлик салым кошкон жок. Падыша бизде эле эмес, бүткүл Орто Азияда нака колониалисттик саясатты жүргүздү. Көп кордуктарды көрдүк, жерибизди ээлетип, экинчи сорттогу калкка айландык. 1916-жылкы Үркүндү, андагы азаптар менен тозокторду айтып отурбайлы.

Кыргызстандын жаңы тартиптеги автономиялык областка, кийинчерээк республикага айланышына негизги салымды Совет өкмөтү кошту. Эгемендүүлүктү да Совет өкмөтүнөн алдык.

Бирок баары бир Кыргызстанды тегеректеп бир эмес, үч жоо катар келгенде, ортодо Орусияга бет бурганыбыз стратегиялык жактан туура чечим болгонун тарых көрсөттү.

Ал эми тилин да, дилин да жакшы түшүнгөн бул мамлекет менен кандай-карым катнаш күтөбүз - бул биздин гана эркибизге, улуттук кызыкчылыктарыбызга байланыштуу нерсе го.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG