Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22
"Манас" эпосу биз үчүн төлгө да, тарых да, эскертүү да, ошону менен бирге мааниси аягына чейин чечмеленип бүтө элек сыр десек туура болот го.

Чынында эле биздин улуттук тарыхтын эң татаал жана чечүүчү этаптары ушул эпосто абдан элестүү жана зор көркөмдүк күч менен чагылдырылган. Бул эпосто мындан миң жылдай мурун кантип кырк уруу кыргыз баш бириктирип, бытырандылыкты жеңип, Эр Манастын тегерегинде топтолуп, кантип эл менен жерди коргоп калганы тууралуу өлбөс-өчпөс сөз жатат.

Ошону менен бирге кантип Каныкей энебиз алты айлык Семетейди кучагына кысып, кайын энеси Чыйырдыны ээрчитип, Букарага качканы, кыргыз элинин чилдей тараганы, Таластагы ордобуз чаң менен күл калганга чейин таланганы ушул "Манаста" айтылган. Улут катары кантип жашап, кантип калк катары катарыбызды сактап калабыз деген кылым карыткан суроолорго, кыялдар менен санааларга жооп да, эскертүүлөр да ушул эпосто ташка тамга баскандай так айтылган.

Бекер жеринен Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосу - биздин эзелтеден келаткан улуттук идеябыз, аздек менен сактап келаткан кыялыбыз менен тилегибиз деп айтпаган чыгаар. Ошон үчүн бул дастан узак убакыттар бою жүрөгүбүздүн тереңинде, акындарыбыздын көмөкөйүндө, тилибиздин учунда чып-чыргасы коробой жашап келди.

Бирок биздин улуу дастаныбыздын ХХ кылымдагы тарыхы - атайын сөз кыла турган, өсүп келаткан муундардын кулагына сала жүрө турган чоң тема. Бул жөн эле тарых эмес, өтө драмалуу тарых, нечен адамдардын эмгеги сарпталган, керек болсо өмүрүн кырккан татаал тарых десек жаңылбайбыз. "Манас" эпосу ХХ кылымда биздин өлкөдөгү идеялык күрөштүн чордонунда болуп келди, кээ бирлер аны каны-жаны менен жактаса, кээ бирлер аны таптакыр тыюу салууга, четке кагууга бүт аракетин жасады. Бул айыгышкан идеялык күрөш айрыкча 30-40-жылдарда, башкача айтканда Иосиф Сталиндин доорунда эң жогорку чегине жетип, нечен адамдар түрмөгө түштү, ак жеринен атылып да кетти.

"Манасты" китеп кылып чыгарып, элге таратуу демилгеси 1925-жылы ошол кездеги өкмөт тарабынан колдоого алынып, ага Төрөкул Айтматовдун колу коюлуп, негизги ишти Касым Тыныстанов баштаган топ колго алды. Бирок тап күрөшү деп аталган, миллиондогон бейкүнөө адамдардын убалына калган Сталиндин опурталдуу саясаты элдик эпоско да түздөн-түз таасирин тийгизди. Бир жагынан Тыныстанов, Евгений Поливанов, казак жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзов эпосту китеп кылып басып чыгарып, орусчага которуп, элге, дүйнөгө тараталы деп аракетин жасаса, экинчи жагынан Шахрай, Жаманкулов, Мануйлов сыяктуу сталинисттер «Манасты» «буржуазиялык-улутчул чыгарма», «пролетариатка каршы» эпос катары баалады.

«Манастын күмбөзү» деген ырды жазып, «Манас» деген пьесаны сахнага алып чыкканы үчүн Касым Тыныстанов чоң саясий айыпка жыгылып, пантүркисттик, панисламдык идеяларды даңазалаган деген күнөө коюлду. Ага Шарип Көкөнов, Бөрү Кененсариев сыяктуу манасчыл кыргыз интеллигенттери кошулуп, акыры үчөө тең 1938-жылы атууга өкүм болуп тынды. Маселен, Жаманкулов деген партиялык кызматкердин 1932-жылдын 7-мартындагы чоң партиялык жыйында жасаган докладында «элдик чыгармаларды пайдалануу дыкат текшерилсин, айрыкча «Манасты» таратуунун кереги барбы же жокпу, жакшылап каралсын» деген маселе коюлуп, «Семетей» менен «Курманбекте» «пролетариатка каршы таптардын кызыкчылыгы даңазаланган» деген бүтүм чыгарылган.

Ошого удаа Шахрай деген партиялык жетекчинин колу менен документ кабыл алынып, анда Тыныстановдун «Манас» аттуу пьесасында «Манастын Кытайга жасаган жортуулдары эксплуататордук максат менен жасалган жортуулдар болгону, эмгекчил элди талап-тоноо үчүн, кытайларды, кыргыздарды да кулдандыруу үчүн уюштурулганы баса көрсөтүлсүн» деп буйрук берилген.

Ошондон бир жыл өткөндөн кийн, башкача айтканда, 1933-жылдын март айында «Правда» гезитинде Мануйловдун «Буржуазиялык-кулактык улутчулдукту аягына чейин талкалайлы» деген макаласы жарыяланып, ошол Тыныстановдун «Манас» жана «Шабдан» пьесаларындагы «улутчулдук көрүнүштөр» катуу сынга алынган жана ошондон көп өтпөй спектакль сахнадан четтетилген.

Ошого карабастан «Манас» эпосу үчүн күрөш эч бир токтогон эмес. 1935-жылдын 10-январында Төрөкул Айтматовдун колу коюлган токтом кабыл алынып, эпосту басып чыгаруу үчүн комиссия түзүлгөн, редколлегия куралган, ага А.Токомбаев, К.Юдахин, профессор Азадовский, казак акыны Сакен Сейфуллин, тажик жазуучусу Лахути кирген. Эпостогу эң күчтүү эпизод болуп эсептелген «Чоң казат» ошол комиссия тарабынан сунуш кылынып, китеп болуп чыгып, бирок кийинчерээк окуганга тыюу салынып, китепканалардан алынып салынган. Акыр аягында «Чоң казатты» басууга сунуш кылган кыргыз ишмерлеринин дээрлик баары, алардын арасында Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов сыяктуу адамдар атууга кеткен.

Бирок баары бир улуу эпос үчүн күрөш токтогон эмес. «Манастын» китеп катары тагдырын чечүү үчүн, кантип пайдалануу керектигин изилдөө үчүн 1935-жылы Фрунзеде илимий конференция өткөрүлүп, анда Касым Тыныстанов, Мухтар Ауэзов сөз сүйлөгөн.

Эпостун тагдыры экинчи дүйнөлүк согуш убагында гана оң жагына чечиле баштаганын баса белгилей кетели. Гитлерге каршы согушта эптеп элдин духун көтөрүү зарылчылыгы келип чыгып, немистер кудум Москваны курчай баштаганда айласы кеткен Иосиф Сталин мурунку позицияларынан бир аз артка чегинип, «Манас» сыяктуу элдик эпостордун баарын пропаганда катары пайдалангыла деп көрсөтмө берди.

Ошондон кийин «Манастын каза болушу», «Айчүрөк», «Семетейдин Таласка келиши» сыяктуу эпизоддор китепче болуп 20 миң тираж менен басылып чыкты, орусчага которула баштады. Ал гана эмес, 1945-жылы партиялык токтом кабыл алынып, эпос боюнча кино тартуу, «Манастын» 1100 жылдыгын белгилөө тууралуу чечим да кабыл алынды.

Эпосту изилдөө, орусчага которуу боюнча атайын илимий сектор түзүлүп, анда Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов сыяктуу окумуштуулар иштей баштады. Бирок согуш аяктап, фашисттер жеңилгенден кийин кайра эле мурунку саясат жанданып, Сталиндин жок жерден күнөөлүүлөрдү издөө, душман табуу саясаты күчүнө киргени тарыхтан белгилүү.

Натыйжада чыккан китептерге кайрадан тыюу салынып, ага тиешеси барлар түрмөгө кесилди. Адабиятчылар Тазабек Саманчин менен Ташым Байжиев Карагандыга сүргүнгө айдалды. Ташым Байжиев ошол жерде оорудан, ачкадан каза болду, ал эми Саманчин кургак учук менен ооруп, ошондон улам мезгилинен эрте дүйнө салды.

Улуу эпосубуздун багы пост-Сталиндик доордо, негизинен кайра куруу заманында, айрыкча Кыргызстан эгемендикке, макмлекеттик көз карандысыздыкка жеткенден кийин ачылды. 1994-жылдагы Бириккен улуттар уюмунун эпостун 1000 жылдыгын белгилөө тууралуу тарыхый резолюциясы, 1995-жылдагы «Манастын» улуу тою бүтүн кыргыз элинин, кыргыз маданиятынын, жаңыдан көз жарган жаш кыргыз мамлекетинин зор жеңиши эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG