Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

HRW: Коогадан кийин кыйноолор көбөйгөн


Кара-Суунун Нариман айылындагы атайын операция учурунда кармалгандар, 2010-жылдын 21-июну.
Кара-Суунун Нариман айылындагы атайын операция учурунда кармалгандар, 2010-жылдын 21-июну.

Human Rights Watch уюму Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийинки тергөө жана сот жараяндарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алганын жар салды.

Бул эл аралык уюмдун баяндамасында июнь каргашасынан кийин кылмышка шектүү адамдар кыйноого кабылганы, алардын көпчүлүгүн өзбек тектүү жарандар түзгөнү жана бул жагдайды Кыргызстандын Башкы прокуратурасы көз жаздымда калтырып жатканы жазылат.

Human Rigts Watch уюмунун «Бурмаланган адилеттик» аттуу бул баяндамасында былтыркы июнь каргашасынан кийин Кыргызстанда кыйноолор, негизсиз камоолор көбөйгөнү белгиленет. Мындан тышкары прокуратура органдары камактагыларга күч колдонуулар боюнча арыздарды кароодон баш тартканы, соттор кыйноо жолу менен моюнга алдырган фактыларга таянып, айыпталуучуларды узак мөөнөткө эркинен ажыратканы сынга алынган.

Уюмдун изилдөөчүсү Оле Солванг мындай жагдайга көбүнесе өзбек тектүү жарандар кабылганын, кыйноолор тууралуу тийиштүү далилдер бар экендигин ачыктады:

HRW уюмунун Европа жана Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчи орун басары Рэйчел Денбер менен изилдөөчүсү Оле Солванг (солдо) маалымат жыйыны учурунда.
- Биз ушул жылдын ичинде кыйноолор жана туура эмес ыкмалар болгондугун көрсөткөн 65 учур тууралуу маалымат алдык. Бул иштердин бардыгы боюнча толук тактоо жүргүзбөсөк дагы, көпчүлүгү боюнча кошумча далилдерди, күбөлөрдүн айткандарын, медициналык корутундуларды таптык. Уруп-согуулар тууралуу сүрөттөр да бар. Ошентсе да бул кыйноолор боюнча Башкы прокуратура көпкө чейин кылмыш ишин козгогон жок.

Камактагы кыйноолор көз жаздымда калганбы?

Эл аралык уюмдун баяндамасында буга чейин Башкы прокуратурага камактагылардын кыйноого кабылышы боюнча 14 арыз түшкөнү айтылат. Бул арыздардын ичинен 13 арыз боюнча кылмыш иши козголбой калганын, бирөөсү кийинчерээк токтотулганын уюм орунсуз деп эсептейт. Мындан тышкары июнь коогасы боюнча кармалгандардын 85 пайызга жакынын өзбектер түзгөнү, соттук жараяндарда коопсуздук сакталбай, адвокаттар менен судьяларга басым жасалганы да сынга алынууда.

Уруп-согуулар тууралуу сүрөттөр да бар. Ошентсе да бул кыйноолор боюнча Башкы прокуратура көпкө чейин кылмыш ишин козгогон жок...
Human Rigts Watch камакта отургандарга зомбулук көрсөтүүгө каршы саясат жүргүзүү, олуттуу мыйзам бузуулар боюнча түшкөн арыздарды кайра карап чыгуу, Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысынын Кыргызстанга келүүсүнө шарт түзүү өңдүү сунуштарды кыргыз өкмөтүнө жөнөтүүдө.

Натыйжада Human Rigts Watchтун негизги дооматтары Кыргызстандын прокуратура органдарына жана сот системасына багытталууда. Башкы прокуратура башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза июнь окуясына байланыштуу кыйноолор боюнча арыздар тыкыр иликтенип жатканына токтолду:

- Июнь коогасы боюнча камалгандарга карата жасалган туура эмес мамиле тууралуу жарандардан түшкөн бардык арыздар текшерилип жатат. Анын ичинде укук коргоо кызматкерлеринин да мыйзамсыз аракеттери боюнча арыздар каралууда. Жөн эле айта берүүгө болбойт. Конкреттүү фактылар керек

Жарыша жарыяланган баяндамалар

Human Rigts Watch уюмунун изилдөөлөрү кыргыз коомунда ар башка пикирлерди жаратууда. Маселен, өкмөт башчы Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов бул уюмдун баяндамасы менен толук таанышып чыга электигин, бирок сунуштар алгылыктуу болсо, кыргыз өкмөтү колдой турганын билдирди.

Фарид Ниязов
- Өкмөт июнь окуяларынын себеп, кесепеттерин кайсы бир саясатчы, коомдук бирикменин изилдешине каршы эместигин буга чейин билдирген. Бирок бул аракеттер Кыргызстан элинин ынтымагын жана өлкөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга багытталып, элдешүү жараянына мүмкүнчүлүк бериши керек. Эгер уюмдун иши ушул багытта болсо, кыргыз өкмөтү бул аракетти колдойт.

Human Rights Watch уюму менен жарыша Amnesty International Эл аралык укук коргоо уюму да июнь коогасынын бир жылдыгына карата өз баяндамасын жарыялады. Анда да ушул эле маселелерге басым жасалып, кыргыз бийлиги өткөн кагылыштардын тек жайын адилет, так иликтебесе, кайрадан карма-каршылыктар чыгышы ыктымал деп эскерткен.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бул уюмдардын сунуштарын кыргыз бийлиги көз жаздымда калтырбай, тиешелүү чара көрүшү керектигин белгиледи:

Төлөкан Исмаилова
- Бул баяндама акыйкаттыкка аябай жардам бериши керек. Ошондуктан Башкы прокуратура акыйкат көзөмөл кылып, мыйзамдуулук иштеши үчүн аракеттениши керек. Экинчи жактан, ошол айтылган мыйзамсыз кейстер сотто кайта каралышы керек. Ошонун ичинде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кейси.

Эл аралык Human Rights Watch уюму укук коргоо жаатында дүйнө боюнча иш алып барып келет. Уюмдун “Бурмаланган адилеттик” аттуу бул баяндамасы 40тан ашык юристтерден, жактоочулардан, жабырлануучулардан жана бийлик өкүлдөрүнөн алынган маектерге негизделген.

XS
SM
MD
LG