Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Бишкекте өтүп жаткан "Бир дүйнө Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалында чыр чыкты.

19-сентябрда фестивалдын тизмесинен Азимжан Аскаров тууралуу тасманы алып салууну талап кылган аялдар фестивалды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганы маалымдалды. Фестивалдын уюштуруучулары коюлган дооматтар негизсиз экенин айтып, милициядан тартипти сактап берүүнү өтүндү. Өзбек улутундагы Азимжан Аскаров 2010-жылдардагы июнь окуясы үчүн айыпталып, өмүр бою абакка кесилген.

Уюштуруучулардын айтышынча, иш-чара өтүп жаткан “Манас” кинотеатрына келген 6-7 аял фестивалдын жүрүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. "Бир дүйнө - Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалынын директору, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова коомдук тартипти бузгандарга чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылышканын айтты.

- Бул деген коомдук кинотеатр. Биз аны ижарага алганбыз. Тартипти бузгандарга Административдик кодекс аркылуу чара көргүлө деп, бардык тартип коргоо органдарына кайрылдык.

​Адам укугун коргоочу “Фридом хаус” эл аралык уюму тарабынан тартылган Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасма “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалында 21-сентябрда көрсөтүлөт. Бейшемби күнү “Манас” кинотеатрына барып, анын көрсөтүлүшүнө каршы демилге көтөргөндөрдүн бири Ыргалай Бекмуратованын айтымында, ал соттолгон адамды каарман кылган тасмага каршы.

- Биз Ош окуясы боюнча бирден-бир күнөөсү далилденип, өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровго каршы болуп чыктык. Анткени анын күнөөсү бардык сот иштеринде далилденген.

Окумуштуу жана коомдук ишмер Жолборс Жоробековдун пикиринде, Азимжан Аскаров тууралуу тартылган тасма 2010-жылдагы окуяларды эске салып, адамдардын улуттук сезимдерин козгойт.

- Кыргызстанда улут аралык окуянын жарасы жаңыдан гана айыгып келатат. 2010-жылдын өткөнүнө аз гана болду. Бул фильм адамдарды башка жолго бурат, ошондой эле биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн терс жагын жана укуктук тарабынын начардыгын көрсөткөн саясий мазмуну да бар.

​Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бирок ал коюлган айыптарды четке кагып, моюнуна алган эмес. Теги өзбек Азимжан Аскаров 2010-жылга чейин мыйзамсыздык менен күрөшкөн жергиликтүү укук коргоочу катары белгилүү болгон.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалынын директору, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова тасмага карата дооматтар негизсиз деп эсептейт.

- Биринчиден, ал укук коргоочу. Ал фильм укук коргоочунун тагдыры жөнүндө. Бул жерде тергөө кандай жүргөн деген маселе бар. Бул жерде кеп кыргыздар же өзбектер жөнүндө болгон жок. Мыктыбек Сулаймановду ким өлтүрдү деген да суроо турат. Ошон үчүн булар жөндөн-жөн ызы-чуу кылышпасын. Жолборс Жоробеков жана башкалар советтик мезгилде тарбияланган жана ошол кездеги түшүнүктөгү адамдар. Алар бүгүнкү болуп жаткан демократиялык жараяндарды терең түшүнө алышпайт.

24-сентябрга чейин Бишкекте өтүп, андан соң аймактарда уланчу “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына чет элдик авторлордун 19 жана жергиликтүү документалисттердин 15 тасмасы катышууда. Адам укугуна арналган даректүү фильмдердин “Бир дүйнө” фестивалы Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен 2007-жылдан тарта Кыргызстанда жыл сайын өтүп келатканы менен өзгөчө мааниге ээ.

​Өткөн жылы да “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына катышкан голландиялык режиссердун "Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасы адеп-ахлактык нормаларга каршы келет деп, кыргыз коомчулугунда талаш жараткан. Жыйынтыгында аны көрсөтүүгө сот чечими менен тыюу салынган болчу.

Ал аралыкта Белгияда расмий сапары менен болгон президент Алмазбек Атамбаев Азимжан Аскаровдун маселеси боюнча пикирин билдирди. Президенттин Белгияга сапарынын алдында адам укугун коргогон Human Rights Watch эл аралык уюму Брюсселдеги эл аралык уюмдар Аскаров боюнча сот өкүмүн өзгөртүүгө кыргыз президентин чакыруу керек деп билдирген:

- Адам укугу деп жатасыңар, албетте андай суроолор да болду. Бүгүн да бул жерде Азимжан Аскаровду сөз кылып жатышат. Мен аларга Азимжан Аскаровдун соту болгон деп айттым. Мисалы, “мен бул жерге келип алып, тигиге туура эмес өкүм чыгарылыптыр” деп айта албайм да. Анткени сот деген сот. Бул ишти сот чечиш керек. Экинчиден, ишти кайра караш үчүн кандайдыр бир далилдер болуш керек да. Азыр андай далилдер жок.

Буга чейин да жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Аскаров боюнча сот өкүмү адилетсиз болду деп, кыргыз бийлигин аны кайра кароого чакырышкан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG