Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

HRW: Кыргыз милициясы кумсаларды кордойт


Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган.
Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган.

Human Rights Watch эл аралык уюму сексуалдык азчылыктар боюнча кыргыз милициясын айыптап чыкты.

Аталган эл аралык уюм Кыргызстандагы кумсалар жана бисексуалдардын укугу боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жарыялады. Анда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай адамдарды ар кандай жолдор менен кармап алып коркутуп-үркүтөөрү, ур-токмокко алып кордук көрсөтөөрү, ошондой эле акча өндүрүп алаары айтылган. Ички иштер министрлиги болсо мындай дооматты четке кагууда. Кыргызстанда "сексуалдык азчылыктардын укугун коргоо иш-аракеттеринин артында батыштын бузуку саясаты жатат” деп сындагандар да жок эмес.

"Зордук-зомбулукка тоюп кеттик"

Human Rights Watch Кыргызстандын төрт шаарында кумса, бисексуал 40 адам менен сүйлөшүп, таржымалын уккан. Ага ылайык, дээрлик баары милициянын кордугуна, зомбулугуна кабылганы маалым болгон.

Кумсалардын бири - Даник аттуу улан Бишкекте сейил бактардын биринде досу экөө отурганда милициялар кармап алганын, сексуалдык ориентациясы тууралуу жайып жиберебиз деп коркутуп, акча өндүрүшкөнүн айтып берди:

- Мен азыр бул жерде чындап эле коркуп отурам. Биринчи кезекте ата-энем үчүн корком. Алар мен үчүн туугандарынын, же досторунун кодулоосуна кабылышы мүмкүн. Мен эмне себептен өзүм тууралуу айтып чыкканга мажбур болдум? Мен зордук-зомбулукка тоюп кеттим. Бардыгыбыз дээрлик күн сайын болчу зордук-зомбулука тоюп кеттик. Айрыкча социалдык жашоо-шарты начар, билими жокторго, жетимдерге, өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу жакындарына айта албагандарга өтө кыйын.

Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигине сексуалдык азчылыктардын укугун коргоо боюнча бир катар сунуштарды берди. Аталган уюмдун өкүлү Анна Кирейдин айтымында, мындай адамдар милициянын кордугу тууралуу ачык арыздана албайт, даттанса деле тийиштүү чара көрүлбөйт. Ошондуктан эң ириде арыз-арманын тийиштүү органдарга жеткирүүгө шарт түзүлүшү абзел:

- Мамлекет милиция тарабынан сексуалдык азычылык өкүлдөрүн кордогон кылмыштар бар экенин коом алдында мойнуна алышы жана айыпташы керек. Зордук-зомбулукка кабылгандардын дээрлик көбү бул тууралуу арыздана албайт. Ошондуктан биз кыргыз бийликтерине милициянын зордук-зомбулугу боюнча арыздарды териштирген өзүнчө көз карандысыз орган түзүүнү сунуштайбыз. Ал жерде жазылган арыз сыр катары сакталышы керек. Тактап айтканда арыз жазган адам тууралуу прокуратуранын, же акыйкатчынын же болбосо кыйноолорду алдын алуу борборунун бир эле адамында болушу зарыл. Биз муну менен катары мындай кылмыштардын тез-тез иликтенишине, арызданууларга мүмкүнчүлүк беребиз.

Human Rights Watch уюмунун дагы бир өкүлү Борис Дитрих Кыргызстан адам укугун сактоо жаатында эл аралык милдеттемелери бар экенин эске салды:

- Биз сексуалдык азчылыктардын укуктары тууралуу айтканда, бул адамдарга өзгөчө бир укук берилиши керек дебейбиз. Биз алардын укуктары башка жарандардын укуктарындай эле корголсун дейбиз. Сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү башкалар менен бирдей укукта болушу керек.

Коомчулуктагы сабырсыз маанай

Кыргыз милициясы болсо сексуалдык азчылык өкүлдөрүн кодулайт деген дооматты четке кагууда. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз түшө электигин, түшө турган болсо териштирүүсүз калбастыгын айтат:

- Эл аралык уюмдун иликтөөсүнүн канчасы чын, канчасы жалган экени бизге белгисиз. Ошолорду сабаган, кыйнаган учурларды далилдеген фактылар болсо алып келсин. Аны биз өзүбүз териштирели, же болбосо бизден башка тиешелүү органдар териштирсин. Андай фактынын ар бири дыкат териштирилет.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кылаарын белгилешет. Ошол эле учурда кумса, бисексуал жана лесбиянка өңдүү адамдардын укугун коргоо, таламын талашуу иш-аракеттеринин арасында “батыштын бузуку саясаты” жатат деп сындагандар да жок эмес.

Кумсаларга байланыштуу чоң талкуу 2012-жылы "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалына байланыштуу чыккан. Анда голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын көрсөтүүгө катуу каршылык көрсөткөндөр болгон. Мындан улам сот тасманы көрсөтүүгө тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG