Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Адам укуктары: аракет бар, көйгөй көп


1948-жылы 10-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясында Адам укуктарынын декларациясы кабыл алынган.

1948-жылы 10-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясында Адам укуктарынын декларациясы кабыл алынган.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жалпы жыйынында Кыргызстандагы улуттук азчылыктар, аялдардын укуктары, сексуалдык азчылыктардын зобун-зордукка кабылганы, кыйноолордун жайылышы, сот реформасына басым жасалды.

Кыргызстан эгемендик тарыхында экинчи жолу Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинде тийиштүү отчет берип, жалпы Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндигине байланыштуу кырдаал дүйнөлүк уюмда талкууга алынды. Ага Кыргызстандын Юстиция, Ички иштер министрликтеринин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, укук коргоочулар, акыйкатчы катышты.

"Биз жана дүйнө" программасынын коноктору: Женевадагы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетиндеги талкууга катышкан Ички иштер министрлигинин өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Шамшыбек Мамыров, акыйкатчы Бакыт Аманбаев, Бишкектен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кыргыз өкмөтү менен жергиликтүү укук коргоочулар бири-бирине альтернатива болгон баяндамаларды сунушташкан. Дүйнөлүк уюмдагы талкуу маалында кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укуктарын коргоодогу жылыштар, жетишкендиктер тууралуу сөз кылышты. Укук коргоочулар жана акыйкатчы дагы талкууларга катышып, өз бааларын беришти.

Негизи Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына келгенде, соңку жылдары улуттук азчылык, аялдардын укуктары жана сексуалдык азчылыктардын укуктарына басым жасалды. 2010-жылкы Оштогу кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү жазасын алган жок, ошол эле маалда күнөөсү далилденбеген адамдар соттолуп, камакка алынган учурлар да жок эместиги кайра белгиленди.

(талкуунун 1-бөлүгүн толук угуңуз)

Талкуу маалында Кыргызстандын дарегине кыйноолор боюнча кескин сын-пикирлер айтылды. "Кылмышка шектүү деп кармалгандар кыйноолорго туш болот, алардын укуктары бузулат. Милиция кармалгандардан акча талап кылат. Сот процесстеринде айыпталуучулардын адвокаттары менен жакындырына ыдык көрсөтүлөт. Мындай фактылар боюнча кыргыз бийликтери чара көрбөйт" - деп мүнөздөлдү. "Кыйноо болгондо милиция ишти өз ара келиштик деген негизде токтотуп, тергөөнү жаап салат. Бул тынчсызданууну пайда кылат. Анткени мындай учурда кылмышты жаап салуу аракети болушу мүмкүн. Мурдагы жылдары биз алган маалыматтар мындай фактылар бардыгын көрсөтөт. Кыйноолорго күнөөлүүлөр жазасыз калууда".

(талкуунун 2-бөлүгүн толук угуңуз)

Кыргызстандагы сот реформасы, көз карандысыз сотторду тандоодогу кемчиликтер да белгиленди. "Кыргызстанда көз карандысыз сотторду тандоону эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга аракет көрүлүшү керек. Сотторду тандоо кеңешинин азыркы курамы жана анын саясатташып баратканы кооптонуу туудурат. Президент сотторду тандоо кеңешинин башчысы экени ага саясий өңүт берип, бул дагы тынчсыздануу жаратат", – деген пикир айтылды.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети март айынын соңунда Кыргызстанга өз баасын берет.

Кыргызстан "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү" конвенцияга кошулган дүйнөдөгү 167 өлкөнүн бири катары мамлекеттеги адам укуктарынын абалы тууралуу Улуттар уюмунун тийиштүү комитетинде мезгил-мезгили менен отчет берип турууга милдеттүү. Буга чейин 2008-жылы эл аралык уюмга отчет сунушталган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG