Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Аялдарга зомбулук көрсөткөндөр көп, жооп бергендер жокко эсе


Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси социалдык оор жараат катары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кездешет.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси социалдык оор жараат катары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кездешет.

25-ноябрь - аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 10 күндүк акция башталды.

"Азаттыктын" бул жолку талкуусу да аялдарга карата зордук-зомбулук маселесине арналып, ага Социолог Топчугүл Шайдуллаева, “Заман Кыргызстан” гезитинин редакторунун орун басары, адабиятчы Абдыкерим Муратов, мусулман аялдардын “Мутакаллим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы жана Жалал-Абаддагы “Каниет” кризистик борбордун социалдык маселелер боюнча адиси Акылай Укубаева катышты.

Үй-бүлөдөгү талаштын башаты эмнеде?

“Азаттык”: Он жылдан ашуун убакыттан бери ушул маселе менен бир топ борборлор чет өлкөдөн грант алып атайын иштеп келишет. Бирок эмнегедир аялдарга болгон зордук-зомбулук токтоп калган жок. Азайган деле жок. Эмне үчүн?

Топчугүл Шайдуллаева: Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси социалдык оор жараат катары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө жашап келет. Биз муну көп учурда элдин абалына, жашоо деңгээлине, билимине, коомго карата көз карашына, улуттук баалуулуктарына, ошол мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө байланыштырып келгенбиз. Бирок чындап келгенде мунун тамыры өтө терең, өтө катуу экен.
Топчугүл Шайдуллаева

Эгер биз статистикага таянсак, бүгүнкү күндө эң өнүктү деген Европа мамлекеттеринде, ошол эле Американын өзүндө үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Бул көрүнүш канчалык цивилизацияга умтулбайлы, турмуштун ыңгайлуулугуна жетпейли, канчалык жашоо абалыбызды оңдобойлу, ошого карабастан үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин биз азайталбай келебиз. Бүгүн Кыргызстан шартынан алып караганда дагы зомбулук маселеси боюнча коомдук уюмдар гана иштеп келатат, ушуга каршы күрөшүп. Азыр Кыргызстанда бир дагы аймакта, региондо, шаарда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн, ошолорго аз да болсо жардам берген бир дагы мамлекеттик кризистик борборлор жок. Ушундай болгондон кийин үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүнүн жолдорун карашыбыз керек.



“Азаттык”: Акылай айым, сиз түздөн-түз бул маселе менен иштешип аткан адис катары эмне үчүн токтобой, көбөйүп атат деп ойлойсуз?

Акылай Укубаева: Мурда бул маселеге көп көңүл бөлүнчү эле. Менин оюмча, бизде акыркы жылдары Советтер Союзу жок болгондон бери көпчүлүк мыйзамдардын иштебегенине байланыштуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көбөйүп кетти. Биздин борбор ушул жылы ЕККУнун долбоору менен иштедик, бизде мындай сандар чыкты. Мисалы азыр аялдарга каршы жасалган зомбулук 31% түзөт. 1998-жылдан 2007-жылга чейин бул 25-26% түзгөн. Атайлап аялдардын ден-соолугуна зыян келтирген учурлар 33% түзөт. Эмне үчүн көбөйүп атат дегенде, мисалы кыз ала качуу дегенди биздин жаштар үрп-адат кылып алышкан. Кыз макул болбосо деле ала качып келип, кийин жакпай калып үй-бүлөдө ошондон көп келишпестиктер болот. Мисалы, бүгүн эле бизге телефон чалуу болду, бир кызды алып качып келип, бир ай жашагандан кийин кайра үйүнө жеткирип коюп, күйөөсү эми дагы үйлөнгөнү жатыптыр. Биздин юрист бар, ал ага жардам берет.

“Азаттык”: Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстан боюнча жылына орто эсеп менен зордук-зомбулукка кабылган аялдардан 10 миңдеген телефон чалуулар түшөт экен. Бирок алардын иши тергелип, төртөө гана сотко өтүптүр. Бул эмне себептен, зомбулук көп, тергөө же ушул боюнча жооп берүү жок?

Топчугүл Шайдуллаева: Бизде мыйзам чыккан, үй-бүлөдө аялдардын социалдык-укуктук жагын коргоо боюнча. Эмнегедир ушул мыйзам биздин турмушка кирбей келе жатат. Керек болсо биздин укугубузду коргой турган укук коргоо органдарынын, милиция кызматкерлеринин арасында ушул мыйзамды окуганы, же билгени аз. Үй-бүлөлүк зомбулукка карата аң-сезимдеги мамиле өзгөргөн жок. Ошондуктан көпчүлүк учурда зомбулук тарткан аялдар милицияга кайрылат. Укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү мамиле болбогонуна көзү жеткенден кийин көп аялдар кол шилтеп коюп, өз казанында, өз кайгысында кайнай берет. Ушунун бардыгы биздеги укуктук маалыматтын төмөндүгү, баягы эле салт болуп келген “эрди катын урушат, эси кеткен болушат” деген кыргыздын салтындагы аң-сезимге калыптанып калган көз караштын бүгүнкү күнгө чейин жашап келатканы.

“Азаттык”: Ушул жерден жолдошунан токмок жеп, соттошконго чейин барып, бирок аягында кайра эле чогуу жашоого макул болгон Назиранын турмушанан бир үзүм мисал келтирели:

Назира: Өзүм жолдошумдан 10 жаш кичүүмүн, ал 81-жылкы, өзүм 91-жылы төрөлгөм. Жолдошумда күнөө жок, кайненем менен урушуп, "үйдөн кет" деп кууп, анан ушул жайга келгенбиз. (“Сезим” кризистик борборуна – авт.) Экөөбүздү уруштуруп койчу. Түнү менен урушуп чыктык. Жолдошум эртең менен жумушка жөнөп атканда мен айткам, мени кет деп атат эмне кылайын десем, ал өзүң бил деди. Азыр колумда беш айлык балам бар. Кол көтөрүп, бетиме чаап жиберчи, бирок катуу жаракат алган эмесмин.



Бир жолу дагы айылда жолдошум экөөбүз калганда урушканбыз, ошондо эмне тийгенин байкабай калдым, колу тийди го, көзүм көгөргөн. Бирок өзү аны сезбей калды окшойт. Көзүм бир аз эле шишип калган, бирок эртеси аябай көгала болду. Менин жолдошум кызганат, сыртка жалгыз чыгарбайт, бирөөнү кичине карап койсоң эле, ошону тааныйсыңбы дегени жаман. Көбүнчө биз ошонун айынан урушабыз. Башка жерлериме уруп аткан, анан мен качам дегенде, колу көзүмө тийип кетип, көгөргөн. Мен ажырашам деген ой менен соттошком, бирок жолдошум ыйлап-сыктап көнбөй койду. Бирок эмне болсо дагы аны менен жашаганга даярмын. Ушунча жашы улуу болсо дагы мен аны жакшы көрөм.

“Аялдар эмес, эркектер да кемсинип калды”

“Азаттык: Аялдарга карата зордук-зомбулук темасын эмнегедир аялдар өздөрү гана сөз кылып келет. Бирок аялдар “чоң муштум”, “кызыл камчы” деп коёт го кыргызда, ошондой эркектердин айынан жабыркап келишет. Зордук-зомбулукту жоюуга эркектер өздөрү кандай салым кошо алат, Абыдкерим мырза?

Абдыкерим Муратов: Мен аялдарга зордук-зомбулук деген терминдин маанисин жакшы түшүнбөй келатам. Бул аябай оор термин. Менимче бул терминди атайын сырттан, батыш жактан киргизишти окшойт. Ушулардын көпчүлүгүнүн максаты биздин ынтымактуу үй-бүлөлөрдү жок кылуу. Маселен азыркы келин айтып атпайбы, колу тийип кеткен деп. Кыргыздын жакшы сөздөрү бар, үй-бүлөдө уруш-талаш болот, анын артынан ынтымак келет деген. Улуулардын кеңеши керек. Зордук-зомбулук деген терминдин өзүн кичине жумшартыш керек.
Абдыкерим Муратов

Совет учурунда аялдарга кысым көрсөтүлгөн, аялды экинчи сорттогу адам катары көргөн фактылар болгон. Бирок ошол мезгилде “Кыздар совети” деген мектепте болсун, райондо райкомдун үчүнчү секретары аялдар маселесин караган дагы, ушулар эркектер менен аялды теңештирип отурган. Бирок ошол учурда ажарышуулар, үй-бүлөдөгү бузулуп кетүүлөр азыркыга карагана азыраак болгон. Эмне себептен азыр көбөйүп кетти? Көбөйүшүнүн бир себеби, аялдарга зордук-зомбулук деген сыяктуу долбоорлордун кыргыздарга таасир этип атканынан болуп атат. Азыр тескерисинче эркектерге зордук-зомбулук болуп атат, эркектер аялдардан кемсинип калды, эркектерди урган, кадимкидей таштап кеткен, арак ичүүгө түрткү кылган фактылар биздин турмушубузда толуп атат. Ал жактарды да айтыш керек, болуп атат азыркы заманда, эки жактан тең карасак жакшы болор эле.



“Азаттык: Негизинен көзү көгөргөнчө урган зомбулук деп эле айтылса керек деп ойлойм. Негизи эле эркектер күчүнө ишенеби, эмне үчүн кол көтөрөт аялдарга?

Абдыкерим Муратов: Эркектердин аялдарга кол көтөргөндүгү абдан оор нерсе, муну эч ким кылбаш керек, муну кылган эркектин тарбиясы жок. Ар кандай учурда, ачуусу келгенде дагы, оор кырдаалда да аялдарга кол көтөрбөш керек. Албетте аялдарды тарбиялоонун кыргыз педагогикасында толгон-токой жолдору бар. Кол көтөрүүдөн башка формаларын колдонуш керек. Бир гана өзү таасир этпестен, тууган-уругу, башка үй-бүлө мүчөлөрү, биринчи кезекте аксакалдар, байбичелер үй-бүлөлөдө ушундай шарттар болуп калган учурда өздөрүнүн таасирин тийгизип туруш керек.

“Азаттык”: Ушул эле суроону Жамал айымга да бергим келип турат. Эркектер эмнеге аялдарга кол көтөрөт?

Жамал Фронтбек кызы: Мен ойлойм, кол көтөрүп аткан эркектер булар өздөрүнө ишенбеген, көчөдөгү күчтүү эркектерге күчү жетпей, үйүнө келип аялына кол көтөрөт го деп.

“Азаттык: Шариятта кандай белгиленет аялга кол көтөрүү?

Жамал Фронтбек кызы: Ислам дини боюнча аял кишини эркектин урганга акысы жок, мүмкүн эмес. Урса болот, бирок нисфак менен урса болот деген. Нисфак менен уруунун дагы шарты бар, нисфак деген тиш щетка сыяктуу, ошону менен уруп атканда дагы акырын эле чаап койгон, бул аялды өзүнө келтирүү, токтотуу деген маселе. Биздики уруп десе эле, жүндөй тепкилеп, көзүн көк ала кылат. Кээ бир түшүнбөгөн аялдарыбыз күйөөм мени уруп атат, демек мени жакшы көрөт деп чыдап жашашым керек деп атат.
Жамал Фронтбек кызы

Бирок ислам дини боюнча эркек үйлөнгөндөн кийин ал аялды бөпөлөп, баркына жетип жашаш керек. Себеби ал аял анын баласынын энеси болуп атат. Өтө сыйлап, урматтап, ошол аялдын баркына жетип жашаш керек. Себеби пайгамбарыбыздын хадиси бар, "бейиш эненин кадамынын астында" дейт. Эгерде ошол аял ыраазы болбосо, аял кантип балдарга тарбия берет. Пайгамбарыбыздын дагы бир хадиси бар, "эне – бул медресе" дейт. Тарбия алуучу кандай болсо, ошондой болот тарбия берүүчү дейт. Аялдын орду, күйөөсүнүн орду, баласынын орду кайсы жерде? Ар бир адам өзүнүн үй-бүлөдө ордун билип жашаса, мен ойлойм, үй-бүлөдө бир дагы жаңжал болбойт эле деп. Ала качуу жөнүндө айта кетсем, ислам дини бул маселеге каршы, аялдын макулдугусуз нике ислам дининде кыйылбайт.



“Азаттык”: Кыргызда мындай да сөздөр айтылып калат “камчыны төргө илип коюш керек, муну аял киши карап турушу керек”, - деген. Аялга кол көтөргөн эркек кандай күнөө тартат, бул шариатта жазылганбы?

Жамал Фронтбек кызы: Бул жерде аялга кол көтөргөн эмес, кыямат күнү келгенде мүйүзү бар кой, же эчки, мүйүзү жок эчкини, же койду бирин-бири сүзүп койсо, кыямат күнү мүйүзү жогуна Алла таалам кайра ага мүйүз кылып туруп тигини сүздүрөт экен. Бул малдын ортосундагы болуп аткан адилеттүүлүк. Эркектер аялдарын көгала кылып, зордук-зомбулук кылып атканда буларга да Аллахым чоң жазаларды берет. Бирок мындай болот деп айтуудан алыспыз.

Зордук-зомбулук көргөн аялдар айылдарда көп

“Азаттык”: Шаарга караганда аймактарда бул маселе курч экени дайыма белгиленет. Муну биз менен сүйлөшкөн кезде Назира да белгиледи:

Назира: Ооба, уруп-согуп, качан көрсөң көчөдө кубалашып жүрүшөт, балдары чыркырашып, үйлөрүндө бардыгы талкаланган айылда көп.

“Азаттык: Мына айылдарда жагдай ушундай экен. Назира өзү түштүк жергесинин кызы, келини. Ал эми Жалал-Абадда кырдаал кандай, Акылай айым?

Акылай Укубаева:
Бул абдан төмөндөтүлгөн расмий сандар. Негизи бул көрсөткүч абдан чоң деп ойлойбуз. Азыр Абдыкерим агай айтып атпайбы, бизде Кыргызстанда үй-бүлөлөр жок болуп кетет деп. Мен бул байке менен макул эмесмин. Анткени зордук-зомбулук акыркы жылдары айыл жергесинде кайра көбөйүп кетти деп ойлойбуз. Биз азыр же мыйзамга баш ийбей калдык, же мусулманчылыкка баш ийбей калдык. Алып качып кеткен кыздардын тагдыры бизди аябай түйшөлтүп жатат. Бир ай болуп калды, бир келин соттолуп кетти. Аны тааныбаган эле жигит алып качып кетип, анан күндө мас болуп келип алып урат экен. Мас болгондо айтат экен, мен сага үйлөнмөк эмес бочумун, менин сүйгөн кызым мага турмушка чыкпай койду, ошондуктан мен сени алып келгем деп. Келин көпкө чейин чыдап жүрүптүр, анан ушунчалык ыза болгондуктан күйөөсүн муунтуп өлтүрүп коюптур. Эми ал келин азыр түрмөдө отурат.
Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга чакырган почта маркасы, Косово.

“Азаттык”: Түштүктөгү быйыл жайкы коогалуу окуядан кийин кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулуктар аябай күч алып, кийин дагы ушундай фактылар көбөйдү дешет, чындыгында ушундайбы?

Акылай Укубаева: Биз атайын сексуалдык жактан зордук-зомбулук боюнча долбоор менен иштедик. Ооба, көбөйдү деп айтсам болот, ошол окуялар учурунда кыз-келиндерге сексуалдык зордук-зомбулук аябай көбөйүп кетти. Бир-эки ай ушундай фактылар болду. Бирок так маалымат жок. Анткени биздин элдин көз карашы ушундай, бул уят деп эсептейт, ким эле өзүнүн абийрин өзү төксүн, бизге кайрылбайт.

“Азаттык”: “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, зордук-зомбулукка көбүнчө билимдүү, колунда бар жана милиция, депутаттардын аялдары да кабылат экен. Эмнеге деп ойлойсуздар?

Топчугүл Шайдуллаева: Бул жерде мындай жагдай бар, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү болот, психологиялык зомбулук, денесине жаракат алган зомбулук, жөн эле моралдык зомбулук деп коёт. Эгерде ушундан алып караганда, дегеле дүйнө жүзүндө жайылып бараткан тенденция пайда болду, укук коргоо органдарынын, милициялардын көбүнүн өздөрүнүн үй-бүлөсүндө тынч жашабаганы. Бул жерде карабайсыңарбы, ушундай бир кызык нерсе, укукту коргой турган, аялдарды үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргой турган кишилер өзүлөрү үй-бүлөдө зомбулукту көрсөтүп атышат. Бул жердеги эң башкы маселе үй-бүлө деген баалуулукту биз азайтып атабыз. Үй-бүлөнүн коомдогу орду, анын ыйыктыгына карата мамиле өзгөрдү, үй-бүлөгө карата аяр мамиле азайып калды.
Армения -- үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы акция, 2010-жылдын 25-ноябры.

Аялдардын укугун, дегеле үй-бүлөдөгү укук бузууларды коргоо үчүн биз алардын алдын алышыбыз керек, анын себептерин билишибиз керек. Кризистик борборлордун долбоорлору менен бул маселени биз чече албайбыз. Үйдүн багуучусу болгон эркектер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга биз тар мамиле кылбашыбыз керек, бир эле аялдар кабылат деп. Үй-бүлөнүн статусун көтөрүшүбүз керек, үй-бүлөнү чыңдоо иш аракеттерин жасашыбыз керек. Мээримдүү үй-бүлөдө чоңойгон балдар эч убакта кийин жаңы курган үй-бүлөсүндө зордук-зомбулукка барбайт.

“Азаттык”:
Эми канткенде соттошуп эле, ит-мышык болуп жатып калбай, бири-бирин сыйлап, зомбулуксуз мамилеге өтүүгө болот. Кандай жолдору бар, же бул менталитет деп эле улана береби?

Жамал Фронтбек кызы: Өзгөчө биздин Ош, Жалал-Абад, Баткенде ички, тышкы миграция өтө чоң болуп атат, жаштарыбызга жумуш жок. Эки эркек бириксе эле арак ичип атышат. Анан кечинде үйүнө барганда, жокчулук, жетпеген турмуштан бүт жинин аялдарынан чыгарып атышат. Биз Степное айылында орун алган түрмөдөгү аялдар менен он жылдан ашык иштешебиз. Сүйлөшүп көрсөк, ошол жакта жаткан 60% ашык аялдардын күйөөлөрү сабагандан кийин өздөрү сактанабыз деп кокустуктан өлтүрүп алышкан. Бирок бизде мыйзам жок. Мисалы Орусия, башка мамлекеттерде карасаңыздар, өзүн сактануу үчүн бирөөнү өлтүрүп алса, ал сотко кесилбей эле жашап кетсе болот. Бирок бизде 10 жылдан 18 жылга чейин айымар соттолуп кетип, кийин кайра кылмыш кылып эле түрмөгө кетип атышат.

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, сиз башында “эрди-катын урушат, казан аяк кагышат” дегендей, үй-бүлөдө ар кандай учурлар боло берет дедиңиз. Сиз өзүңүз талаш-тартыш маселени кантип кол көтөрбөй чечип келгенсиз, же кол көтөрдүңүз беле?

Абдыкерим Муратов: Албетте, менин жеке турмушумда андай окуялар болгон эмес. “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова айым айтып атпайбы шаар менен кыштактын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө. Мисалы азыр мен Бишкекти шаар деп айта албайм, Бишкектин калкынын болжолдуу 60 пайызы айылдыктар. Алардын психологиясы жалаң эле айылдык сезимдерден. Айылдык жаш үй-бүлөлөрдө бир тенденция пайда болуптур, ким аялына үстөмдүк кылса, ким аялын урса, сөгүп, кагып турса, ошол мыкты эркек деп аталат экен. Мунун өзүн токтото турган иш-чараларды иштеп чыгышыбыз керек. Экономикалык кризиске караганда ыймандык кризисибиз, адептик жетишпегендик чоң катастрофаны алып келиши мүмкүн деп ойлойм.



“Азаттык”: Чоң рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG