Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

777 ААА мамлекеттик номуру 1,7 миллион сомго сатылды


Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Бишкекте 28-сентябрда өткөн аукциондо 777 ААА автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Маалыматка караганда, бул каражат онлайн-аукцион башталгандан бери мамлекеттик номур үчүн сунушталган эң жогорку баа. Саат 15.00дө башталган аукционго тогуз адам катышкан. Алардын баары 6000 сом өлчөмүндө кепилдик акы төлөшкөн. Бул аукциондогу баштапкы баа - 60 миң сомдун он пайызы.

Мындан мурда 01 111 ААА номуру 160 миң сомго, 01 888 ААА номуру 180 миңге, 01 999 ААА – 282 миңге, 01 001 ААА – 594 миңге сатылган. (NT)

XS
SM
MD
LG