Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Телеберүү кумсаларга каршы маанайды козутту


Кумсаларга каршы акция
Кумсаларга каршы акция

Бишкекте кумсаларга каршы акцияга катышкан кыркка чукул адам ЛГБТ жөнүндө берүүнүн Коомдук каналдан көрсөтүлүшүнө нааразылык билдирип, түшүндүрмө талап кылышты.

Бишкектеги Улуттук филармониянын алдына чогулгандар сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү катышкан талкуу уюштуруп, Коомдук канал "улуттук баалуулуктарга шек келтиргенине" нааразылык билдиришти. Мындан улам канал жетекчилигинен түшүндүрмө талап кылышты.

Алардын бири “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков өз нааразылыгын мындай түшүндүрдү:

- Биздин маданиятка, биздин тарыхка жат ЛГБТ, кумсалар жана башка адамдарды Улуттук телеканалдан прайм-таймда, эл көп көргөн учурда көрсөтүү менен биздин жаш, улан-кыздардын акыл-эсин уулап жатканы кечирилгис иш. Биз ага каршыбыз. КТРКга башка толгон-токой маселелер бар. Ошолордун ордуна элге жат көрсөтүүнү бергени туура эмес.

Мындан соң чогулгандар жөө жүрүш кылып Коомдук каналдын кеңсесине барышты. Ал жерде акция катышуучулары канал жетекчилиги жана Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнөн, “улуттук баалуулуктарга шек келтирген” көрсөтүүнү эфирден кетиргени үчүн коомчулуктан кечирим суроону талап кылды.

Акция катышуучуларынын алдына чыккан Коомдук каналдын директору Илим Карыпбеков телеканал ар бир жарандын үнүн жеткирүүгө милдетүү экенин жана Байкоочу кеңештин көзөмөлү алдында иштерин айтты:

- Мына бүгүн сиздер кумсаларды көрсөтпө деп талап кылып атасыңар. Сиздер азыр кеткен соң укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү келип, “бизде демократия, Коомдук каналдан көрсөт деп талап кылат. Мен сиздерди жаңылыш, тигилердики туура деп айта албайм. Мен мыйзамдын чегинде келген нерселерди көрсөтө берем. Эгер Жогорку Кеңеш маалымат каражаттарынан, айрыкча Коомдук канал кумсаларды көрсөтпөсүн деген мыйзам кабыл алса, ошону аткарам.

Бишкекте кумсаларга каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Коомдук каналдын чыкчу “Ой Ордо” ток-шоусунда өткөн жумада “Толеранттуулук же рухий баалуулуктар” аттуу талкуу өткөн. Анда сексуалдык азчылыктардын маселелери талкууланып, өзүн кумса катары тааныштырган адам башкы каарман катары катышкан. Талкууга сексуалдык азчылыкка каршы чыккан активисттер да ой-пикир билдирген. Бул көрсөтүү социалдык тармактарда кызуу талкууларга жол ачкан эле.

Ток-шоуго катышкандардын бири, жарандык активист Сумсарбек Мамыралы көрсөтүү жүрүшүндө улуттук баалуулуктарга шек келтирген эч нерсе болбогонун билдирүүдө:

- Биринчиден, КТРК жалпы улуттук телеканал. Ал өлкөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү: саясаттан баштап, социалдык маселелерге чейин чагылдырышы керек. Сексуалдык азчылыктар да өлкөдө жашаган жарандардын бир бөлүгү. Алар да салык төлөйт, өз укуктары, милдеттери бар. Ал эми көрсөтүү жүрүшүндө башкалардын укугун тепселеген, башкалардын баалуулуктарына шек келтирген эч нерсе болгон эмес. Бирок айрым адамдардын ар кандай талаптарды коюшу туура эмес деп эсептейм.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова Кыргызстанда жарандардын жеке жашоосуна сый-урмат деген түшүнүктүн баркы кетип, башкалар тарабынан негизсиз кийлигишүүлөр көбөйгөнүн билдирди:

- Кыргызстанда адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги деген нерсени көпчүлүк түшүнбөй калды. Мамлекет же жарандар башка адамдардын жеке жашоосуна кийлигишүүнү норма катары кабыл алып жатышат. Эл эми кумсаларга келсек, алар өздөрү деле жарыялоону каалашпайт. Бирок ушул сыяктуу акцияларды өткөрүп, кумсачылыкка каршыбыз деп жатып, айрым адамдар өздөрү кумсачылыкты пропогандалашууда.

Кыргызстанда сексуалдык азчылыктарга каршы ар кыл акциялар утур-утур өтүп келет. Буга чейин Жогорку Кеңеште кумсалыкты үгүттөөгө каршы долбоор даярдалып эки окууда жактырылган.

Эл аралык уюмдар мыйзам долбоору адам укугун бузарын билдирип келишкен.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG