Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Орусиялык басма сөз каражаттары Борбор Азия, КМШ маселелерине арналган геосаясий темадагы материалдарды жазышууда.

Маңзаттан чыккан жихад

"Талиптер менен "Ислам мамлекетинин" согушкерлери ооган маңзат базары үчүн күрөшө баштады" деп жазат “Новое время” интернет журналы.

"Талиптер менен “Ислам мамлекети” бири-бирине “ыйык согуш” – жихад жарыялашты. “Ислам мамлекети” талиптерден Гелманд, Бадахшан жана Нангархар провинцияларын тартып алууну көздөөдө. Гелмандда апийим өстүрүлөт, ал эми Бадахшанда героин өндүрүүчү жашыруун лабораториялар бар. Мындан тышкары Орусия менен КМШ өлкөлөрүнө маңзат транзити түптөлгөн, ал эми Нангархар провинциясы Пакистанга жол ачат" деп айтылат макалада.

Быйыл 224 миң гектар жерге апийим эгилгендиги макалада белгиленет Мурун ооган маңзат бизнесинде мындай чоң көлөмдө апийим айдалган эмес. Быйылкы түшүм Ооганстандагы жаңы жихад согушундагы он миллиондогон доллар өлчөмүндө каражат алып келе турган башкы байге болмокчу.

Бул согушта “Ислам мамлекети” жеңсе, анын бийлиги ооган жеринде толук орнойт, ал эми талиптер учурдагы көзөмөлүн сактап калса, исламчылар качууга мажбур болушу ыктымал. Бул эки радикал күчтүн өз ара тирешүүсү Борбор Азияга пайдалуубу деген суроо коюлат макалада.

Глобалдык фонддун Кыргызстанга дооматы

REGNUM маалымат агенттиги кабарлагандай, СПИД жана кургак учук илдеттерине каршы күрөшкөн Глобалдык фонд Кыргызстандан 121 миң доллар грантты кайтарып берүүнү талап кылууда. Макалада Глобалдык фонд берген 47 миллион доллардын бир бөлүгүн Кыргызстандын Улуттук фтизиатрия борбору максатсыз колдонгону айтылат. Муну 2009-жылы жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр аныктаган.

Улуттук фтизиатрия борборунун учурдагы директору Абдуллат Кадыров бул маселе боюнча бардык дооматтарга борбордун мурунку жетекчилери жооптуу деген. "2004-2008-жылдары берилген грант боюнча келишимдер ал учурдагы СПИД республикалык борборунун жана Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчилери Сагыналы Маматов жана Автандил Алишеров менен түзүлгөн. Ошондуктан каражаттардын кандай сарпталганына алар толук жооптуу", - деп түшүндүргөн Абдуллат Кадыров.

Өз учурунда Глобалдык фонд Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул ишке кийлигишүүгө ыйгарым укугу жок экенин түшүнүү менен кабыл алып, бирок 744 миң доллардан ашуун жаңы грант алуу үчүн бул ишке көмөктөшүүнү өтүнгөн.

2013-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Улуттук фтизиатрия борборунун чет элдик гранттарды максатсыз колдонгону боюнча фактыларды иликтеп жаткандыгы макалада айтылат. Анда каражаттар гранттык келишимге туура келбеген максаттарда – абактагы кургак учук менен ооруган жарандарды паспорт менен камсыз кылууга, жана ошондой эле эмерек, компьютердик техника жана унааларды сатып алууга кеткени баяндалат.

Күмөн санаткан кыргыз ветеринариясы

Россельхознадзор Кыргызстандагы ветеринардык көзөмөлдүн эффективдүүлүгүнөн күмөн саноодо деп жазат РИА-Новости интернет басылмасы. Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүүнүн алдында ветеринардык кызматтын ишин толук жандандантуусу керек деген талап коюуда.

Федералдык кызматтын жетекчисинин орун басары Алексей Алексеенко Кыргызстандын ири мүйүздүү жана майда жандыктарынын арасында көп тараган шарп илдетинин коркунучтуу чекке жакындаганын айтып, бул жерде тыкыр көзөмөл керектигин белгилеген. "Советтер Союзунда кыргызстандык ветеринардык көзөмөл абдан күчтүү эле. Азыр аны кайра жандандыруу керек. Биз Евразиялык экономикалык биримдикте алсыз звено болуусун каалабайбыз. Чек арадагы ветеринардык көзөмөл катуу болушу керек. Ал жактан Кытайдын товары да өтүшү мүмкүн" деп айткан Алексей Алексеенко.

Учурда кыргыз өкмөтү Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында ветеринардык көзөмөлгө кошумча аудит киргизүүгө каршы чыгып, аны алып салууну талап кылып жатканы белгилүү.

ЕАЭБ бирдиктүү валютага даяр эмес

Евразия экономикалык биримдиги бирдиктүү валютаны кабыл алууга даяр эмес деп маалымдайт “Известия” гезити. Евразиялык экономикалык комиссиянын эксперттери биримдикке кирген бир дагы мамлекет өзүнүн каржы насыялык саясатынан баш тартууга даяр эмес деген чечим чыгарышкан.

Учурда бирдиктүү валютаны кабыл алуу үчүн объективдүү экономикалык өбөлгө дагы жок. Бирдиктүү валюта тууралуу ойду Орусиянын президенти Владимир Путин март айында Беларус жана Казакстандын президенти менен болгон жолугушууда көтөрүп чыккан. Орус президенти бирдиктүү валюта Евразиялык интеграциялык биримдиктин чегинде ишке кирет деп айтып, Орусиянын Борбордук банкына 1-сентябрга чейин бул маселе боюнча бардык суроолорду иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Евразия экономикалык биримдикке Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения мүчө. Кыргызстан 8-майда расмий түрдө толук кандуу мүчө болуп кабыл алынат деп айтылууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG