Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Аваз Жусупбековдун блогун сунуштайбыз.

КПССтин башкатчысы - "генеральный секретары" Михаил Сергеевич Горбачевдун доору күчөп турган убак. “Айкындык”, “Кайра куруу”, “Сергек жашоо”, “Ылдамдоо” сыяктуу ураандардын курчоосунда жашап жаткан кез.

Анда мен Кемин райондук “Эмгек жарчысы” гезитинде иштечү элем. Албетте, гезит коммунисттик партиянын райондук комитетинин органы болчу.

Редакция кызматкерлери бухгалтерибизден баштап “Сергек жашоо” коомуна жапырт мүчө болуп киргенбиз. Атайын төш белги да чыккан, аны көкүрөккө тагынып алганбыз. Дүкөндөрдө товарлар суюлуп, азык-түлүктөр карточка менен сатылып калган. Арак атайын дүкөндөн киши башына бир-экиден сатылат. Аны да саат 2ден 7ге чейин жетишсең алдың...

Куда күтүп, келин алып той берем десең чоңдорго барасың...

Ал кезде азыркыдай чоң тойлор жок. Ашып кетсе 20-30 кишиге, кафелердин жыты да жок, үйүңөн эле тососуң. Райисполкомго арыз жазсаң, атайын талон берет. Аракка өзүнчө талон. Бергени он бөтөлкө, жакшылап сүйлөшүп эбин тапкандар бир ящик – 20 бөтөлкөгө талон алышат.

Арак кенен кезде, чынын айтсак, ичкенге шылтоо көп болор эле. Анча-мынча тыйындарды чогултуп түштөн кийин кабинетти ичинен илип алып, жүз граммдашып үйгө тарачубуз.

Эми “сопу мыйзам” келген соң башка жолун издей баштадык. Ал кезде Быстровка шаарчасында орус улутундагы тургундар арбын болчу. Ар бир экинчи үй самогон кайнатат. Бирок эч кимге көрсөтпөйт. Анткени атайын түзүлгөн аракечтикке каршы комиссия күнү-түнү кыдырып текшерет.

Текшерүүчүлөрдүн арасында, албетте, биз да барбыз. Ошондуктан редакция кызматкерлерин көргөндө жаа бою качышат. Көнгөн адатты кантип таштайбыз, редакциянын айдоочусу Жумабекти жумшайбыз. Ал балээнин баарын билет. Баарыбызды сасыган самогонго да көндүрдү ал шумпай. Заматта таап келет.

Редактор менен жооптуу катчы жок болсо отурган ордубуздан эле стакандарга куюштуруп ичип алабыз. Редактор өзү жакшы киши, кабинетинен чыкпайт, пенсияда, ичпейт...

Жооптуу катчы болсо кээде ичет, бирөөнүн эсебинен, өзү бир тыйын чыгарбайт. Кызып алса ого бетер мыктысынып көп сүйлөйт, ошондуктан андан көбүн эсе оолак болобуз. Анын үстүнө ал бизде парторг да болуп иштейт. Байкап калса чогулушка салам деп эле коркутуп турат.

Бир күнү редактор райкомго пленумга кирип кетти. Райкомдун имараты жаныбызда. Пленум саат он бирде башталса, кечки алтыга чейин созулат. Жооптуу катчы болсо отпускада эле.

Түштөн кийин аял кызматкерлерди: катчы кызды, кабарчы эжени жана бухгалтер үчөөн үйүнө жибердик. Өзүбүз - үч эркек шашпай отурдук. Эки самогондун бирин аяктап калганбыз, экинчисин стакандарга куюштуруп жатсак эшик шарт ачылып, редактор менен райкомдун бөлүм башчысы, орус киши, аты Борис Васильевич болсо керек, экөө кирип келишти.

Ушул убакка чейин редактордун ушунчалык ачууланганын көрбөптүрмүн. Өңү кумсарып бизди ашатып сөгүп кирди дейсиң!.. Дагы жакшы арабызда аялдар жок... Окуучу балдардай тикебизден тизилип турабыз...

- Таа-ак... Орозбек Бейшенович, болору болду эми, нервиңизди сактаңыз...

- Андан көрө отуруңуз, булардын ишин азыр эле карайбыз, - деди Борис Васильевич. Ал кыргызчаны суудай билчү.

– Жумуш убактысында, жумуш ордунда самогон ичип отурасыңар... Калдыбы? Кана, барбы? Куйгула мага да! – деп стулга отурду.

Биз бири-бирибизди карадык. Мен колумдагы бөтөлкөдөн бош стаканга толтура куйдум. Борис Василевич стаканды алып ордунан туруп:

- Неңдиурайындар, баарын атып салса! Алжып калгыча отурушат... Зор мамлекеттин - державанын түбүнө жетишти... Неңдиурайын сволочтар! Миң-миңдеген балдардын убалына калышты... - Борис Васильевич өзүнчө ызырына сүйлөдү.

Анан бизге кайрылып: - Келгиле, жолдоштор, Ооганстанда курман болгон, бейкүнөө балдар үчүн ичели, - деп стаканды тартып жиберди. Биз бири-бирибизди карап туруп калдык. Райкомдун кишисинин оозунан ушундай сөздү биринчи угуп отурабыз. Эсибиз ооду. Биздин редактор ошого кейип келген окшойт.

- Эмне турасыңар!? Ташы калдыбы! Ичкиле эми! – деп ал да буйра сүйлөдү.

Унчукпастан алып жибердик. Борис Васильевич орун алып бизди да отургула дегенсип ишарат кылды...

...Көрсө Москвадан ЦКдан жашыруун кат келиптир. Ал катта, бир сөз менен айтканда, Ооганстанга жардам деп жүргүзүлгөн тогуз жылдык кандуу согуш - “интернационалдык милдет” деп жарыяланган ураан чоң жаңылыштык деп жазылыптыр...

Мына ушундай кайгылуу ачуу чындыкты биринчи Борис Васильевичтен билдик. Ооган ааламаты жөнүндө самогондон да ачуу чындыкты.

Авазбек Жусупбеков

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG