Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Гүлнура Келдибаеванын блогун сунуштайбыз.

Өлкөбүз эгемендик алганына үч жыл болуп калган. Эл жокчулуктун сазына батып турган учур. Мен 8-класста окуп калгам. Ундун тартыштыгынан аны килолоп алып, апам кичине-кичине нан жаап берчү.

Үйдө жети жанбыз. Дасторконго коюлганда эки кичинекей нандан ашык коюлбайт. Тойсок да, тойбосок да ошону жейбиз.

Ошол жылы картошка эгип, түшүмү аябай мол болгон. Күзүндө жети кап картошка жыйнап алдык. Аны күн алыс кууруп жеп, нанды үнөмдөйбүз. Балабыз да, баары бир нан жегибиз келет. Апам айла кеткенде буудай кууруп берет. Мектепке баратып эки кочуштан сала кетебиз.

Эс алууга чыккан учурда беш-алты кыз биригип куурулган буудайларыбызды жейбиз. Классташ балдар тийишип, буудайларыбызды уурдап качышчу. Кубалап жеткирбей качкан балдарды жекирип, жерге чачылган буудайларды терип отуруп калчубуз. Сабак учурунда деле оозубузга бирден-экиден салып, кытыратып жеген учурубуз да болду. Андайда байкап калган мугалим чөнтөгүбүздөгү буудайды кагып алып койчу. Балдар “саз болду” деп шылдың кылышаар эле.

Пенсия жашына жетип калган орус тилден берген Сарбан агай биздин буудайыбызды да, наныбызды да "сабакка тоскоол болосуңар" деп алып коёт. Аялы эрте эле каза болуп, жалгыз бой калган Сарбан агай “кимде нан бар?” деген суроо менен сабак баштачу. Алаарын алып, сабак бүткөн соң баштыгына салып култуюп кетип калчу. Орус тилден “Асан играет”, “Болот читает” деп сүйлөм түзсөк, “деги бул Асан менен Болот өлбөдү. Силердин атаңарды окуткан мезгилде да бар эле. Мындан башка ат жокпу?” деп урушчу. Класста он чактыбыздын аталарыбызды да ушул агай окуткан.

Мугалимдерге беш-алты айлап айлык берилбегендиктен, алар көп жолу иш таштоого чыгышты. Айлык ордуна бир каптан ун берилип калганда биз, ата-энеси мугалимдер ак нан жейт экенбиз деп өзгөчө сүйүнүп калабыз. Анткени жүгөрүнүн же арпанын унунан жасалган нан көөнүбүзө куп эле тийген.

Бир жолу айлык да, ун да берилбей калды. Жалгыз бой апам бирөөдөн беш кило ун сурап келди. Ал мезгилде бирөөдөн ун чыгышы да кыйын эле. Ундун теңинен көбүн арпа ун аралаштырып, нан бышырып берди. Жаргылчак дегенди ошондо көрдүм. Куурулган буудайды андан өткөрүп, талкан кылып, атала жасайбыз.

Ошол мезгилде менден бир жаш улуу эжемдин классташ кызынын ата-энеси Кытайга каттайт эле. Эжемдин курбусу мектепке “Пау-пау” деген сагыздарды апкелип сатчу. Эстей албайм канчадан экени. Айтор карызга болсо да алып чайначубуз. “Пау пау” чайнагандар укмуш көрүнчү. Муну менен кошо Кытайдын "Адидасы", кроссовкасы да келди. Сапаты начар, бир кийгенден артпаган бул кийимдерге да көпчүлүк мугалимдин балдары жетпедик. Алыбыз сагызга араң жетчү.

Бөтөлкөлөрдү чогултуп, дүкөнгө жөнөгөнгө шашабыз. Апам көрүп калганда “мен бөтөлкөгө самын алат элем” деп алып коёт. Айла жок, буудайды кытыратып жеп отуруп калабыз.

Эсимде, апам биринчи жолу буудай кууруганда отту улуу жагып алган экенбиз. Бат-бат аралаштырып турганбыз. Буудайлар секирип жерге жайнап эле калган. Казанды оттон алгыча шашкан апам жердеги буудайларды тергиле деди. Жөжөлөргө окшоп буудай терип, үйлөп-үйлөп жедик. Артынан суу ичип алдык. Ошол бизге түшкү тамак болду.

Синдилерим ойноп кетип, эжем экөөбүз жаргылчакка буудай тартып талкан кылдык. Апам сиңдилерим келгенче тезирээк болгула дейт. Анткени башыбыз бириккенде талканды оозубузга салып алып бири-бирибизди кытыгылап ойночубуз. Оозубуздан талкан пырылдап учуп, ансайын каткырчубуз. Апам урушса да бул көрүнүш абдан кызык көрүнчү. Жокчулук да балалыктын доорун баса албайт тура...

Гүлнура Келдибаева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG