Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Овчинников: Жибек жаман ишке барбайт эле


Жибек Сакеева жана Вячеслав Овчинников
Жибек Сакеева жана Вячеслав Овчинников

Кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезияда маңзат менен кармалып, абакка түшкөнүн эң биринчилерден болуп “Азаттык” айтып чыкты эле. Биз бул окуянын артынан түшүп, Жибекке тиешелүү фактыларды угармандарыбыз менен окурмандарыбызга кабарлап турмакчыбыз.

Кабарчыбыз Элиза Кененбаева Жибек менен бир кездеги сүйлөшүп жүргөн орус жигит, учурда Казакстанда турган Вячеслав Овчинников менен маектешкен.

- Вячеслав, Жибек экөөңөр кайдан жана кантип таанышып калдыңар эле?

- Жибек экөөбүз 2007-2008-жылдары таанышканбыз, так эсимде жок, экөөбүз тең казинодо иштечү элек, биз 1-2 жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Ал албетте ата-энесине мен жөнүндө айтчу эмес. Биринчиден менин улутум орус, экинчиден, Жибек үй-бүлөсү, агалары мен жөнүндө билүүсүн каалаган эмес. Анан мен Казакстанга иштегени кетип, жолукпай калганбыз.

- Сизге Индонезияга кетем деп айтты беле?

- Мага интернет аркылуу жазган, бирок так деле айткан эмес. Индонезияга китепканага иштегени кетип жатам дегендей болгон, анан Өзбекстанга жүк ташыйм деп жүргөн.

- Индонезияга кеткенден кийин байланыштыңар беле?

- Ооба, интернет аркылуу жок дегенде аптасына бир жолу кат алышып, баарлашып эле турчубуз. Жибекке баары жагып жаткан, эли ак көңүл, жакшы экен деп жазчу. Акыркы жолу сентябрда мен Бишкекке барганда жолукканбыз.

- Сиз Жибектин кармалганын кантип билдиңиз?

- Мага интернеттеги “Одноклассники” сайтындагы баракчама бир бейтааныш бала, “Азаттыктын” сайтына шилтеме салып жөнөтүптүр, анан мен кирип окуп, билдим.

- Жибекти жакын билген адам катары айтсаңыз, ал маңзат ташууга жөндөмдүү беле?

- Жок, мен Жибекти жакшы билем, ал маңзат ташуу эмес, дегеле жаман ишке бармак эмес. Бул жерде ал чоң алдоонун курмандыгы болгону ачык эле билинип турат. Бирок Жибек өтө ишенчээк болчу, бир эмес, бир нече жолу өзүнүн курбуларына да алданган учурлары болгон.

XS
SM
MD
LG