Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Калмаматов: Кыргызстандыктар ойлоп табууга жөндөмдүү


Ажыбай Калмаматов
Ажыбай Калмаматов

Бүгүн интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнү. “Кыргызпатенттин” жетекчиси Ажыбай Калмаматов өлкөдөгү ойлор табуулар тууралуу кеп салды.

«Азаттык»: Алгач ушу ойлоп табууларга, жаңычыл ыкмаларга патент берип, автордун укугун коргоо жаатында иш алып барган кызматтын жетекчисисиз. Ушул жылы канча ойлоп табуулар болуп, канча жаңычыл ыкмаларга патент берилди? Башка жылдарга салыштырмалуу жылыштар барбы?

Ажыбай Калмаматов: Сиздин сурооңузга жооп кылып төмөнкүнү айтмакчымын. Бир жылда 180ден 220га чейин ойлоп табуу боюнча арыздар келип түшөт да. Ушу толук эмес төрт айдын ичинде 40тан ашуун ойлоп табуулар боюнча арыздар түштү. Эми бул ойлоп табуулардын арызын кароодо бизге алты айдан үч жылга чейин убакыт берилет. Интеллектуалдык менчик боюнча дүйнөлүк уюмдун талаптары боюнча үч жылга чейин өзүбүздүн жыйынтыгыбызды чыгарып туруп, ошо ойлоп табууну чыныгы ойлоп табуу деп, же болбой турган болсо, биз бөлөк жообун беришибиз керек. Эгер ойлоп табуу чыныгы ойлоп табуу боло турган болсо, күбөлүк жазып беребиз. Ошо ойлоп табылган нерсе кандайдыр бир деңгээлде бизде корголот.

“Азаттык”: Мына сиз айткан 40ка жакын ойлоп табуун негизги бөлүгү кайсы тармакка тиешелүү?

Ажыбай Калмаматов: Кыргызстанды мындай анализ кылып көрө турган болсок, ойлоп табуунун негизги бөлүгү өнөр жай менчигинин обьектилерине туура келет. Ошондой эле айыл-чарба жаатында болобу, же болбосо техникалык негиздеги ойлоп табуулар көбүрөөк болот.

“Азаттык”: Кыргызстанда ойлоп табуучулардын, жаңы табылга ээлеринин потенциалы, чыгармачылык активдүүлүгү кандай?

Ажыбай Калмаматов: Мен сизге айтып кетет элем. Кыргызстандын, анын ичинде жарандардын потенциалы көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу ойлоп табууларга, жаңылыктарды киргизүү жагына өтө жакын келишет. Дүйнө жүзү боюнча 184 өлкө жанагы бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик боюнча уюмга кирсе, ошонун ичинен биринчи ондук, же жыйырмалык деп коёт, ошол биринчи жыйырмалыктын ичинде биздин өлкө катталып турат. Бул биздин интеллектуалдык деңгээл, биздин жарандардын ойлоп табууга, жаратууга болгон умтулуусунун деңгээлин көрсөтүп турат.

“Азаттык”: Ал эми ушул бир өлкөнүн интеллектуалдык деңгээли, интеллектуалдык байлыгы кандай көрсөткүчтөр менен өлчөнөт. Ойлоп табуунун санына жарашабы, же сапатынабы?

Ажыбай Калмаматов: Эгерде бир ойлоп табуу тууралуу арыз бериле турган болсо, ошол арыздын мүнөзү, ачыктоосун дүйнөлүк системага, уюмга беребиз. Эгер башка өлкөлөрдө момундай бир ойлоп табуу болбогон болсо, анда тигил жактан бизге жооп келет дагы, белгилүү бир процедура өткөндөн кийин күбөлүк беребиз. Күбөлүк берилгенден кийин биздин өлкөнүн ойлоп табуулары салыштырмалуу карап көрсөк, биздики алдыда бара жатат деген ойдобуз да. Себеби бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун дагы башчылары, жетекчилери, ошол жерде иштеген адамдар белгилеп келишет да. Кыргызстанда ойлоп табууга, бир нерсени жаратууга, жаңылыктарды киргизүүгө жарандар өтө дилгир жана ышкыбоз деп.

“Азаттык”: Бир катар адисттер Кыргызстанда интеллектуалдык менчик башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы корголбойт, каракчылык, уурдоо абдан өнүккөн деген пикирлерин айтып келишет. Эмне үчүн мындай пикирлер жаралууда? “Кыргызпатент” толук көзөмөлдөй албай жатабы?

Ажыбай Калмаматов: Башка өнүккөн Европа өлкөлөрүндө, Америка континентинде 90 пайыздан жогору, 95 пайызга чейин каракчылык, “пиратство” деп коёт, ушул нерсе орун алган да. Ал эми Кыргызстанда бул деңгээл беш пайызга төмөнүрөөк. Каракчылык 85-90 пайыздын деңгээлинде деп айтып кетмекчимин да. Бул бир жагынан бүгүнкү күндө интернеттин системасынын, баягы маалыматтык боштуктун бардыгынан каракчылык тез арада таралбайт да. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө бул өтө бир оор маселени пайда кылып жатат да. Коррупциянын деңгээлиндеги нерсе болуп жатат.

“Азаттык”: Ал эми азыркы тапта “Кыргызпатенттин” ушул каракчылык менен күрөшүп, алардын жолун бөгөттөөгө мүмкүнчүлүгү барбы?

Ажыбай Калмаматов: Бүгүнкү күндө биз күч органдары менен өзгөчө Каржы полициясы менен, прокуратура органдары менен кыдыруу жүргүзүп, базарлардагы күркөлөр болобу, ошол жердеги күмөн туудурган продукцияларды алып туруп, өзүбүздүн деңгээлде текшергенден кийин жыйынтык берип жатабыз. Анан айта кетейин, бизде "Каракчылыкка жол жок" деген иш чара жыл сайын өтүп турат.

“Азаттык”: Мына жыл сайын канчалаган илимий иштер жакталып, илимий усулдарга патент алышат. Ойлоп табуулар болуп жатат дедиңиз. Бирок алардын иш жүзүнө ашканы саналуу гана. Буга эмне себеп?

Ажыбай Калмаматов: Негизги себеп биздин баягы экономикалык деңгээлибиз, акча, каражат маселеси. Эгер акча болуп, биздин баягы бизнесмендер менен ойлоп табуучулар арасында тыгыз иш болуп, каражат маселеси чечилгенде, биздин ойлоп тапкан нерселердин бардыгы ишке ашат эле. Бүгүнкү күндө жүз пайыз ойлоп табуунун ичинен ишке ашканы он пайызга да жетпейт
.
“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG