Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Жаңы жылдан тарта Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция жоюлат.

Бирок 2010-жылы июнь коогасынан жабыркаган объекттерди оңдоого жумшалган миллиарддаган сом каражат боюнча ушул кезге чейин ачык-айкын жана толук отчет бериле элек. Ал тургай эл аралык уюмдардан жана донор өлкөлөрдөн келген каржылык жана материалдык жардамдардын кандайча чыгымдалганын эсеп палатасы текшерип чыккан эмес.

Калыбына келтирүүдөгү калпыстыктар

Мамлекеттик дирекциянын маалыматы боюнча, Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө эки жыл аралыгында өлкөнүн казынасынан беш миллиард алты жүз миллион сомдон ашуун каражат чыгымдалган. Анын негизги бөлүгүн 2009-жылкы макулдашуу боюнча жеңилдетилген шартта Орусиядан алынган 100 миллион доллар насыя түзөт. Бул каражатты ал жакка багыттоо боюнча Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы 24-июндагы “Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүнүн алгачкы чаралары” боюнча чыгарылган декретинде чечим кабыл алынган.

Жаңы үйлөрдүн бири, Ош.

Жаңы үйлөрдүн бири, Ош.

Мындан сырткары эки жыл аралыгында мамлекеттик дирекциянын адистештирилген фондуна Орусиядан, Кытайдан, Казакстандан, Ирандан, Түркиядан, Омандан жана бир катар эл аралык уюмдардан миллиондогон доллар каржылык жана материалдык жардам келген. Бирок буга чейин мамлекеттик дирекция үстүрт гана маалымат берип, каражаттын чыгымдалышы боюнча толук жана ачык-айкын отчетун коомчулукка жарыялай элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев бул маселе жаңы жылдан кийин парламенттин кароосуна коюла турганын белгиледи:

- Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө эл аралык донорлордон жана республиканын бюджетинен миллиарддаган сом каражат кеткени менен анын чыгымдалышы боюнча ачык жыйынтыкты көрө албай жатабыз. Мына ошончо каражат жумшалгандан кийин Ош менен Жалал-Абадды укмуштай кылып тургузуп койсо болот эле да. Тилекке каршы каражат максаттуу чыгымдалып, мына ошол иштер жасалган жок. Мүмкүн бирөөлөр ушул иш ошол боюнча жабык калат деп жатышса керек. Бирок эртеби-кечпи анын бардыгы ачыкка чыгат. Бул маселе козголо баштады. Аны биз жаңы жылдан кийинки күн тартибине киргизип, карап чыгып, баа беребиз.

Анткен менен бир катар жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын мындай демилгесине каршы пикирлерин айтып чыгышты. Анткени буга чейин чындыгында эле Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын алдындагы адистештирилген фонд боюнча каржылык отчеттун жаап-жашырылышына айрым парламент өкүлдөрү өбөлгө түзгөн экен. Анткени Жогорку Кеңештин тиешелүү профилдик комитетинин мүчөлөрү дирекциянын ишмердигин текшерип барып, бирок андагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча эч нерсе айтышкан эмес.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева депутаттар көтөрүп жаткан маселе маанилүү болгону менен анын артында бул жолу саясий максаттар катылган деп шектенет:

- Чындыгында учурунда каржылоонун жыйынтыгы боюнча депутаттар бир эмес эки жолу текшерип кетишкен. Анда биздин суранганыбызга карабай, жарандык коомдун өкүлдөрүн ага аралаштырбай четтетип коюшкан. Депутаттар тобу келип, дирекциянын ишмердиги боюнча ошол кездеги жетекчи Жантөрө Сатыбалдиев менен сүйлөшүп, “бардыгы жакшы” деп кетишкен. Биз ошондо акчанын чыгымдалышы кандай болгону боюнча маалымат бергиле деген талабыбызга көңүл да бурушкан эмес. Эми болсо ошол маселе көтөрүлгөнүн кезектеги саясий оюн катары эле кабыл алдым. Себеби депутаттар ошондо эле коомчулукка ачык айтып чыгышса болбойт беле?

Эл аралык донорлордун эсеби чыкпаган жардамы

Ошол эле кезде жарандык коомдун өкүлдөрү калыбына келтирүү иштерине бөлүнгөн эл аралык каржылык жардамдын кандай жумшалганын иликтеп чыгуу зарылдыгын көтөрүшүүдө. 2010-жылдын июль айынан 2012-жылдын октябрь айына чейинки өкмөттүк баяндамаларга үңүлсөк, Кыргызстанга ири көлөмдө каржылык жардам көрсөтүлгөнүн байкоого болот. Бирок мына ошол каражаттын кайсыл бөлүгү кантип жана кайда жумшалганын коомчулук азырынча биле элек.


Оштогу курулуш иштери.

Оштогу курулуш иштери.

2010-жылдын октябрында Чолпон-Атада өткөн эл аралык конференцияда
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давытоглы Кыргызстанга 21 миллион доллар каржылык жардам көрсөтүлө турганын убада кылган. Ал каражат 2010-2011-жылдардын аралыгында эки жолку транш менен келип, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларды жабдууга багытталган болчу.

Кытай өкмөтү беш миллион АКШ долларына барабар каржылык жардам көрсөткөн. Ага кытайылык компания 66 батирлүү көп кабат үй куруп берүү милдетин алган. Орусия өкмөтү жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүүгө наркы 5 миллион АКШ долларына барабар курулуш материалдарын, Казакстан болсо 2 миллион долларлык курулуш материалдарын жөнөткөн. Иран мамлекети Ошто спорт комплексин курууга бир миллион доллар бөлгөн. Оман өлкөсү башында бир миллион доллар убада кылып, бирок жеке турак үйлөрдү курууга 243 миң доллар сарптаган. Азия Өнүктүрүү Банкы калыбына келтирүү иштерине 100 миллион доллар каражат караган.

Мамлекеттик дирекциянин жетекчиси Жусупжан Жээнбеков ушул кезге чейин эл аралык каржылык жардам боюнча ачык-айкын жана толук отчет берилбей келеатканын донорлордун эрки менен байланыштырды:

- Мисалы Оман өкмөтү 243 миң долларлык курулуш иштерин баштап коюп, аягына чыгарбай кетти. Чала калган ишти азыр бюджеттин эсебинен биз бүтүрүп жатабыз. Иран жана Кытай өкмөттөрү каражат бөлгөнү менен аны өздөрү куруп жатышат. Азия Өнүктүрүү Банкы болсо жеке турак үйлөрдү курууга өздөрү ишканаларды жалдап, өздөрү куруп жатат. Биздин дирекциянын эсебине мына ошол донорлор бир тыйын которгон жери жок. Бирок башында ошонун бардыгы биз аркылуу өтөт деп айтылган. Бирок ошол каражатты өз алдыбызча өздөштүрүүгө биздин акыбыз жок. Донорлорду текшермек тургай, алардын ишине кийлигише албайт экенбиз.

Ошол эле учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эсептөө палатасы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иштерине байланышкан каржылык чыгымдардын бардыгын текшерүүгө акысы бар. Бирок ушул кезге чейин мамлекеттик дирекциянын алдындагы адисдештирилген фондко которулган эл аралык каржылык жардам боюнча бир да жолу аудит жүргүзүлгөн эмес. Эсептөө палатасы болгону мамлекеттик дирекцияга бюджеттен бөлүнгөн каражаттын кандайча чыгымдалганын гана мерчемдүү негизде текшерип келет.

Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев донордук жардам буга чейин текшерилбей келгенин белгиледи:

- Биз мамлекеттик дирекциянын карамагына берилген бюджеттик каражатты гана текшере алат экенбиз. Ал эми эл аралык донорлордун каражатынын чыгымдалышы боюнча өзүнчө комиссия бар дешкен. Биз ага кийлигише албайт экенбиз.

Мамлекеттик дирекциянын алдындагы Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча адистештирилген фонддун чыгымдарына көзөмөл жүргүзүү боюнча атайын байкоочу кеңеш түзүлгөн. Жакында 30-октябрда аталган кеңештин жыйынын премъер-министр Жантөрө Сатыбалдиев алып барган. Бирок анда каржылык колдоо көрсөткөн эл аралык донорлорго алкыш айтылганы менен жардамдын натыйжалуу чыгымдалышы боюнча маселе көтөрүлгөн эмес.

Эсептөө палатасынын аудитору Өктөмхан Абдуллаева эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттын кайда жумшалганы боюнча Кыргызстандын тиешелүү бийлик органдары эмне себептен ушул кезге чейин текшерүү жүргүзө албай келгенине түшүнө албастыгын айтты:

- Эл аралык донорлордон келген акчанын бардыгы текшерилиш керек болчу. Каяктан, кандай өлчөмдө каржылык же курулуш материалдары катары келген жардамдардын баары тизмектелип, анын чыгымдалышы эмне себептен ушуга чейин текшерилбей келгени түшүнүксүз. Мыйзам боюнча андай болбош керек болчу.

Талаш жараткан 44 миллион

Өткөн жылы эсеп палатасы мамлекеттик дирекцияны текшерип чыгып, 44 миллион сом бюджеттик каражат максатсыз чыгымдалганын таап чыккан. Анда негизинен тендерден утуп алган курулуш компаниялары куруп жаткан турак-жай аянтынын баасы менен аткарылган жумуштун көлөмүнүн ортосунда айырмачылык чыгып калган.

Эсеп палатасынын ошол кездеги төрагасы Сабырбек Молдалиев аталган каржылык мыйзам бузуу текшерүүдөн соң гана ордуна келтирилгенине токтолду:

Оштогу жаңы курулуштар.

Оштогу жаңы курулуштар.

- Курулуш компаниялары мурда бүтө элек эле иштерди аткарылды деп аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөтүп жазып койгон. Бирок биз бул боюнча доомат койгондон кийин мына ошол компаниялар өздөрүнүн эсебинен кайра ошол каражатты калыбына келтиришкен болчу.

Бирок ошол эле кезде Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген аудитордун бул маселе боюнча көз карашы башкача. Аталган мекемени буга чейин эки ирет текшерген эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев 2011-жылкы текшерүүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуу эмес, түшүнбөстүк болгонун белгиледи:

- Бул жерде мисалы, курула турган турак-жайдын бир чарчы метрин 465 доллардан баалашкан болсо, мына ошол жалпы көлөмдөн ашкан эмес. Бирок биздин инспекторлор аткарылган жумуштун көлөмүн эсептеп чыгып, ашыкча чыгарылган айырмачылык бар деп корутунду чыгарышкан. Биз муну иликтеп көрүп, дирекция менен ошол компаниялардын ортосундагы түзүлгөн келишим бузулган эмес деген жыйынтыкка келген болчубуз.

2012-жылдын октябрь айына карата жеке турак үйлөрдү кошпогондо 92 объект калыбына келтирилген. Эки жылда 34 көп кабаттуу үйдүн курулушу башталып, анын жыйырма беши тапшырылды. Бүткөрүлүп, тапшырылган батирлердин жалпы саны бир миң токсон экини түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG