Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:46

Паспорт мафиясын ким калкалайт?


Кыргызстандын жарандык паспортун колдонуп жүргөн кытайлык уйгурлардын Түркияда кармалышы коомчулуктун көңүлүн бурган башкы окуялардан болууда. Башка өлкө жарандарынын колуна тийген кыргыз паспортунун чоо-жайын тиешелүү күч түзүмдөрү териштирүүдө.

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчи орун басары Дастан Догоев жана Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов катышты.

“Азаттык”: Дастан мырза, паспорт чуусу чыгары менен эле сиздер анын жасалма экенин айтып, одоно жол менен көмүскө цехтен жасалган деп жатасыздар. Бирок кармалган паспортторду эч ким колуна кармап көрө электе эле ушундай жыйынтык чыгаруу эрте эмеспи?

Дастан Догоев: Биринчиден, бул Түркияда кармалган паспорттор жасалма болуп саналат. Жасалма деген эмнени билдирет? Бул деген өкмөттөн расмий түрдө чыккан паспорттун көчүрмөсүн алып, анын негизинде ал жерге кандайдыр бир керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү. Экинчиден, мындай паспорттор Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн да чоң проблемасы. Азыр Интерполдун базасында 40 миллион жасалма паспорт бар. Жоголгон, уурдалган паспорттордун негизинде жасалмаланып жатат.

Азыр Түркия тараптан ал паспорттор алына элек. Бирок биз интернет аркылуу көчүрмөсүн алдык. Анын негизинде карап көрсөк, анын жеке маалыматтары бир, бирок санариптик сүрөттөрү алмашып калган.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:36 0:00

“Азаттык”: Алмамбет мырза, УКМК жасалма кыргыз паспортторун даярдоонун башында Ош облусунун тургуну Ахмаддилла Сайдуллаев баштаган топ иштегенин билдирди. Учурда алардын төртөө Стамбул аэропортунан кармалып, камакка алынганы белгилүү болду. Мындан тышкары бул ишке эл аралык уюшма топтун дагы аралашуусу болушу мүмкүндүгү айтылууда. Сиз шектенип жаткан “Инфокомго” булардын байланышы болушу мүмкүнбү?

Алмамбет Шыкмаматов: "Инфокомго" тикелей байланышы мүмкүн эмес го. Бул паспортто 12ге жакын коргоочу элементтери бар. Биринчи бети доллардан дагы кыйын да. Ар бир барагында ушундай элемент бар. Муну жасаш эч кимдин колунан келбейт. Муну үйдө отуруп алып эле жасай албайт.

Кармалгандар чек арадан чыгып, паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатышат. Демек аларда “Де-Ля-Рудан” келген накта эле паспорттор жүрөт. Болгону эң акыркы барагын алып, түстүү принтерден өткөрүп, сүрөтүн кошуп, тигип коюп жатат.

Бул паспорттор алардын колуна кайдан тийип калып жатат? Анткени жарандар паспортторун 100-200 долларга эле сатып жиберүүдө. Анан кайра эле 700 сом штраф төлөп, жаңы паспорт алат. Ошентип жүз паспортту шылуундар элдин колунан алып жатат.

“Азаттык”: Тайырбек мырза, сиздер паспорттун чыныгы ээлери Кыргызстанда экенин, шылуундар умрага акысыз жолдомо ойнотулат деген шылтоо менен бул паспортторду топтоп, керектүү маалыматтарды көчүрүп алгандан кийин лотереядан утпай калдыңар деп кайра ээлерине кайтарып беришкенин айтып жатасыздар. Мындай шылуундук боюнча муфтият эмне дейт? Анткени умраны уюштурууга муфтият уруксат берет да?

Тайырбек Сарпашев: Эгерде бул паспорттор мамлекеттик органдардын жардамы менен алынган болсо бул таптакыр башка кеп. Анда биздин мамлекеттин эл аралык аброю түшөт.

Бүгүнкү күндө биз жасаган паспорттор элдин колунда. Аны тактадык. Ээлеринен сураганда алардын колунан кылмышкерлер ажылыкка бекер алып барууга лотерея ойнотобуз деп жыйнап алып, кийин болбой калды деп таратып беришкен. Жыйнап алганда ал паспорт менен нак виза алган. Анын негизинде жасалма паспортту жасашкан. Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка органдар бул ишке тиешеси жок.

Дин комиссиясы ажылыкты уюштурууну муфтият толук мойнуна алсын деп сунуш берген. Бирок ага карабай алты туристтик фирмага макулдук берилген экен. Алар расмий түрдө ажылык менен алектенет. Бүгүн козголгон кылмыш ишинин негизинде “Айдин” деген фирма топтогону аныкталды. Кылмыштуу топ ошолордун жардамын пайдаланган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG