Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Учурда дүйнө жүзүн кооптондуруп жаткан «Ислам мамлекети» радикал тобу Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай коркунуч жаратууда?

Кыргызстандын бийликтери диний радикалдык уюмдардын коркунучтарына туруштук берүүгө даярбы? Бул суроолорго "Биз жана дүйнө” берүүсүндө жооп издедик. Талкууга чыгыш таануучу, Жакынкы Чыгышта аскерий тилмеч болуп көп жыл кызмат өтөгөн, профессор Валижан Таңырыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адистери: Замир Турсунбеков менен Эсенгелди Жумакунов катышты.

"Азаттык": Халифат жарыялаган "Ислам мамлекети" радикалдык тобу Борбор Азияга түздөн түз коркунуч келтирери тууралуу кыргыз бийликтери да эскертишти. Мындай билдирүү канчалык негиздүү?

Валижан Таңырыков: Бул радикал уюм учурда Ирак аймагынын 40%, Сириянын 30% басып турат. Курал-жабдыгы күчтүү, каржы булактары абдан чоң. Эгер окуялар ушундай нукта уланып, бул радикалдар Ирак жана Сирияны толук басып ала турган болсо өз бийлигин, таасирин кеңейтүү үчүн Борбор Азияга да келиши мүмкүн. Биздин чөлкөмдө ошол маанайдагы ички күчтөр да бар. Биздин кол башчылар ушунун баарын эске алып, алдын ала чара көрүшү керек деп ойлойм.

"Азаттык": Азыркы тапта Сирия менен Ирактагы согуш талааларында Кыргызстандын жүздөн ашык жараны бар деген маалымат айтылууда. Соңку маалымат кандай?

Замир Турсунбеков.

Замир Турсунбеков.

Замир Турсунбеков: Биздин маалыматыбыз боюнча, Сирияда азыр жүз элүүдөй кыргыз жараны бар. Алардын көпчүлүгү өзбек улутундагылар. Көбүнчө түштүктөн кетишүүдө, бирок түндүк жергесинен да бар. Маселен, Кара-Балтадан, Токмоктон согуш талааларына кетишкен. Алардын ичинде он чактыдай кыз-келин бар. Экөөнү жазында кайтарып келишти. Бул уюмдун Кыргызстанга тийгизген таасири аябай чоң болушу мүмкүн, себеби июль айында "Ислам мамлекети” тобунун жетекчиси Абу Багр Багдади алардын саясий картасы ачыкка чыкканын билдирген. Ошол картага ылайык, Орто Азия чөлкөмү, анан ичинде Кыргызстан Хорасан деген вилайеттин ичине камтылган. Алар жакынкы төрт жыл ичинде бул карта ишке ашат деген үмүттө. Кыргыз бийлиги бул деструктивдүү, экстремисттик уюмга каршы дүйнөлүк коомчулук менен бирге күрөшүүгө аракет жасоодо. Бизде дагы бул уюмга кызыкдар күчтөр бар. Атургай жөнөкөй жарандарыбыздын арасында да ошол халифатка касам ичкендери бар экени айтылууда.


"Азаттык": Азыркы Сирия менен Ирактагы согуш талааларына Борбор Азиядан, башка чөлкөмдөрдөн, атургай Европа Биримдигинен согушкерлерди кантип алып кетип жатышат деп иликтешкенде - бирден-бир булак катары интернет табылган. Кыргызстанда дагы ушул интернет аркылуу согушкерлерди тартып атышабы? Мечиттер аркылуу кеткендер барбы?

Эсенгелди Жумакунов.

Эсенгелди Жумакунов.

Эсенгелди Жумакунов: Бизде социалдык тармактарда андай билдирүүлөрдү тараткандар бар. Ошол жактан бул халифатты колдоого ант бергендер да учуроодо. Аны ачык эле, атүгүл гезитке да жарыялап атышат. Бул боюнча биздин тиешелүү органдар иш жүргүзүп, ошол кишилердин билдирүүлөрү анализденүүдө. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн. Бул идеяны колдогондордун көбүнчөсү радикалдуу экстремисттик маанайдагы салафи топтор жана «Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюму болушу ыктымал. Бирок бул жерде да ар кандай пикир келишпестиктер бар. Мисалы, Иракта деле же болбосо жалпы эле ислам дүйнөсүндөгү салафилер да өзүнчө бөлүнүп турат. Ошол эле “Ислам мамлекети” уюмун колдобогон салафилер бар. “Ал-Каида” менен алардын ортосунда да ажырым бар экени айтылууда.

"Азаттык": Айрым адистер өлкөдөгү экономикалык, саясий кырдаалды жана чөлкөмдөгү коңшулардын абалын эске алганда коопсуздук жагынан "Кыргызстанды кудай өзү сактап турганын" айтышат. Коңшу өлкөлөрдөн согуш талаасына кеткен жарандардын саны Кыргызстандыкынан бир топ арбын. Айрым өлкөлөрдөн 600дөн 1000ге чейин адам согушка кеткени айтылууда. Валижан агай, абалды кандай баалайсыз?

Валижан Таңырыков

Валижан Таңырыков

Валижан Таңырыков:

"Кыргызстанды Кудай эле колдоп турат" дегенге кошулам. Мындан ары да колдой берсин. Ушул кырдаалды, ушул жагдайды өзгөртүү үчүн мамлекет башында тургандар элдин турмушу жөнүндө ойлонуп, өсүп келаткан муундарды тарбиялоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгышы керек. Турмушубуз жакшырбаса, өзүбүз ынтымакка келбесек, сөзсүз тыштагы күчтөрдүн таасири тийиши мүмкүн. Себеби Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан эң чабал өлкө. Сирия менен Ирактын согуш аймактарына кыздар дагы барып атат деп айтылды. Алар ошол жакка жихадчыларды сексуалдык жактан тейлөө үчүн барат экен. Анын баары ачык эле айтылууда. Мындан сактануу үчүн биз экономикабызды өнүктүрүп, өзүбүздүн ички душмандарыбызды акыл же күч менен багындырышыбыз керек.

"Азаттык": Сирияга, Иракка кетип жаткандардын көбү үй-бүлөлүү, көз карашы калыптанган адамдар болсо дагы “жихадга кеттик” деген азгыруулардан улам жөнөп жаткандары айтылууда. Бул жерде мечиттердин, диниятчылардын ролу кандай болушу керек?

Замир Турсунбеков: Акыркы убакта диний чөйрөдөгү абал чабал экенин мамлекет өзү мойнуна алып, быйыл февраль айында президенттин катышуусу менен өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында дин боюнча жаңы саясат жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага ылайык, ушул жылдын октябрь айында ажылык процесси аяктары менен мечиттердин жана имамдардын ишмердүүлүгүн анализдөөгө багытталган аттестация өткөрүлөт. Ошондо бардыгы белгилүү болот. Аттестациядан өтпөй калган имамдарды кетирип, биздин мамлекеттик саясатта кабыл алынгандай мелүүн исламды - исламдын ханафий-мазхабын карманган имамдарды гана калтырабыз.

"Азаттык": Жакында эле Косоводо он беш мечиттин имамына "Балкан өлкөлөрүнөн согушкерлерди мобилизация жасап, Ирак менен Сирияга жиберген” деген айып тагылып, алар камакка алынды. Франциянын, Британиянын, атургай Австралиянын өкмөттөрү жарандары согуш талааларында курал алып кармашып жүргөнүн, алардын айрымдары кайра өз өлкөлөрүнө келип, согушкерлерди мобилизациялап, алып кетип жатканы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарышты. Кыргызстандан жүздөн ашуун жаран кетиптир, бирок дагы кетүүгө белсенип турган же азгырыкка кирген жарандарга бийлик кантип бөгөт коё алат? Кантип алардын жолун тоссо болот?

Эсенгелди Жумакунов: Биринчиден, өтө масштабдуу иш жүргүзүлүшү керек. Бул деген жалаң гана күч же укук коргоо органдары аркылуу чечиле турган маселе эмес. Муну Ханафизм Матруди мазхабын көтөрүү менен гана чечсе болот деп айта алабыз. Анткени ханафи-мазхабында биздин исламдын демократияга шайкештүүлүгүн көрсөткөн элементтер бар. Ошолорду алдыга чыгарып, ошол элементтер аркылуу сөзсүз халифат куруу бул парз эмес экенин түшүндүрүшүбүз керек. "Ислам мамлекетин" куруп, бүт дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирүү демилгеси коммунисттердин "интернационалдуу коммунизм курабыз" деген идеясына эле барабар. Бул саясатташкан ислам. Саясатташпаган жөнөкөй исламда андай түшүнүк жок. Мына ушуну биз жакшылап элге жеткиришибиз керек. Ал үчүн ошол Имам Матруди, Имам Ханафинин китептерин кыргыз тилине которушубуз абзел.

Азыр президенттин алдында жаңы түзүлгөн корго каражаттар чогулууда. Түркия мамлекети чоң каражат бөлдү. Фонд ошондой иштерди алып кетерине ишенебиз. Эгер бир адам радикалдуу кадамдарды жасаган болсо, андан улам ошол адамдын өзүнө, өлкөбүзгө зыяны тийип атса мындай кадамдарды токтотуу керек. Ошондой эле биздин мамлекет өтө эле алсыз дегенге кошулбайм. Кыргызстан чөлкөмдөгү эң демократиялуу мамлекет. Маалыматтын баары ачык. Согушта өлүп аткандарын, жагдай кандай экенин эл интернет аркылуу таразалап билип атат. Баары эле ошол жакка согушка дайынсыз кетип жатат дегенден алыс болушубуз керек. Бизде ашынган радикалдар, салафиттер деле аз, салафиттер арасында да мелүүн салафилер көп. "Биз араң эле турабыз, олку-солку болуп жатат" деген туура эмес. Мамлекет курал-жабдык, миллиарддаган акча алса эле баары чечилип кетпейт.

"Азаттык": Борбор Азия чөлкөм катары диний-экстремисттик коркунучтарга каршы чогуу тура алабы? Борбор Азиядагы беш мамлекетти сырттан келчү чоң коркунуч, чоң душман бириктире алабы?

Валижан Таңырыков: Бирикпесек анда уттуруп коюшубуз мүмкүн. Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити болгондо ушул маселелердин бардыгы талкууланды. Менин оюмча, ШКУнун мүчөлөрүнүн бардыгы ушул келечекте боло турган коркунучту эске алып туруп биригип, Жамааттык коопсуздук келишим уюмун чыңдашы керек. Бир сөз менен айтканда даяр болушубуз керек.

"Азаттык": Ирак жана Сириядагы согушуп жүргөн кыргыз жарандары кайтып келсе, экстремисттик идеологияга сугарылып келгендерге карата кандай чара көрүлүшү керек?

Замир Турсунбеков: Кыргызстан өзбек улутундагы өз жарандарын ал жактан кайтарды. Алар азыр үй камагында, тиешелүү органдардын көзөмөлүндө отурушат. Кайтып келгендер кылган иштерине өкүнүп, экинчи мындай ишке барбай тургандыгын айтышууда. Ошол эле маалда Тажикстан Сирия жана Иракта согушуп жүргөн жарандарын кайтарып келүү максатында өз ыктыяры менен кайтып келген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген атайын мыйзам кабыл алды. Биз дагы ошондой мыйзам иштеп чыксак болот. Биздин коңшу мамлекеттер арасында диалог аз болуп атат. Жакында эле АКШнын базасы чыгып кетти. Эми биз орустардын жардамынан баш тартпашыбыз керек, бир тууган коңшу мамлекеттерге да ишенип болбойт.

"Азаттык": Демек эгер күтүүсүз бир окуя болуп кетсе, Советтер Союзу кезиндей эле Москванын жардамына муктажбызбы?

Валижан Таңырыков: Албетте, сөзсүз.

Эсенгелди Жумакунов: Эми булар келечекте боло турган нерселер. Биз эч нерсеге жарабайбыз деген психологиядан кутулушубуз керек. Буюрса, баары жакшы болот деп ишенишибиз керек. Өзүбүздүн элибиз ынтымактуу жашап, өлкөдө демократия болсо ал жерде коркунуч болбойт. Эл бөлүнсө тыйган кыйын болуп калат. Бизде күч менен басылып турган, кокустан жарылып кетчүдөй фактор жок. Кыргызстанда бардыгы ачык айтылат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG