Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Чандалаш: көпүрө бүтмөйүнчө кен казылбайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Чаткал районунда Чандалаш кен казган компаниянын иши жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам кайрадан токтотулду.

2013-жылы эки айылды туташтырган көпүрөнүн бүтпөй жатышы тургундардын нааразычылыгын жаратып келет. Облустук бийлик район акими тарабынан мыйзамсыз комиссия түзүлүп, буйругу жок текшерүүгө алып жатканын билдирди.

Райондун Чандалаш айылынын отузга жакын тургуну 18-октябрда кайрадан ишин жандандырган “Бустер” компаниясына барышып, көпүрөнү куруп бүтмөйүнчө ишин токтотуу талабын коюшкан. Бирок кен казган компания жергиликтүү тургундардын талабына жооп кайтарган эмес. Айыл тургуну Шербет Өскөнбаева буларга токтолду:

- 2013-жылы айылыбызга “Тоо кен” компаниясы көпүрө курууга киришкен. Ошол көпүрөнүн 70% бүтүп, үстү коюлбай турат. Аны бүтпөй жатып дагы бир “Бустер” фирмасы келген. Эми ошол компанияга район акими менен айыл өкмөтүбүз иштөөгө уруксат берип коюптур. Ага да макулбуз, бирок кимиси болсо да бизге көпүрөбүздү куруп беришсин. Эми район бийлиги биздин башыбызды айлантып, "тендерге койдук, кайсы компания жеңсе ошол бүтүрүп берет" деп айтып жатышат. Биз ага каршы чыгып жатабыз. Качан көпүрө бүткөндө гана ишин улантат. Кышы менен арызданбаган жерибиз калбады. Кечээ күнү компанияга барсак эч кимиси чыгып койгон жери жок.

Чандалаш айылынын төмөн жагындагы 130 гектар жерге түштүк кореялык "Бустер" компаниясы 2012-жылы 50 кило алтыны бар деп эсептелген кенге лицензия алган. Кен казган компания ишке киришээр алдында Жаңы-Базар менен Чандалаш айылын бириктире турган көпүрө куруп берүүгө айылдыктарга убада берген.

2015-жылдын октябрь айында көпүрөнү бүтүрүү милдетин алган "Емко" фирмасы 4,5 млн сомго сапатсыз курулуш материалдарын колдонуп, ишти жарым-жартылай бүтүрүп, калган сумманы өз пайдасына иштетип жибергенин прокуратура аныктаган. Талаш жараткан көпүрө азыр да токтоп турганын айтат Жаңы-Базар айылынын тургуну Тумарбек Ажибеков:

- Алар ишти башташып, дарыяга төрт устун орнотуп, үстүн жабаарда сот иштери башталып, ошол бойдон токтоп турат. Андан сырткары айыл өкмөт башчысы дагы башка куруучу компания таап келип, өкмөттүн порталына жарыя бербей эле өз ара келишим менен баштап жиберишти. Анысы да сууга эки тирөөч койгондо агып кетип, 30 миң доллар текке кетти. Мына ушинтип эле иш алга жылбай токтоп турат.

Чаткал районунда учурда алтын казган жети компания иш алып барат. Чандалаш кенине лицензия сатып алган түштүк кореялык инвесторлор үч жыл мурда бир эле кенди эки башка компанияга сатып, алардын бири "Бустер", экинчиси "Тоо-кен" деген ат менен ишин уланткан. Кийинчерээк эки компания лицензия үчүн соттошуп, “Бустер” компаниясы жеңген. Бул соттошуулар көпүрө курууга байланышкан чатактын чыгышына да шарт түзгөн.

Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Нурланбек Мырзаяров бүтпөй жаткан көпүрөгө кайрадан тендер жарыяланганын билдирди:

- Эки компаниянын соттошуусунан улам курулуш иштери токтоп калган. Мен да азыр булардын ишин жакшы түшүнө албай жатам. Экөө бөлүнүп кеткен соң токтоп калган. Азыр биз долбоорун тендерге бергенбиз. Көпүрө бүтөйүн деп эле калган болчу. Тендерден Ош шаарындагы курулуш ишканасы утуп алды. Азыр документ иштерин бүтүрүү процесстери турат. Кен казган компания алган көпүрөнү куруп бүтүрүп, анан иш баштайт. Азыр болсо алар ишин токтоткон.

20-октябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган районго иш сапары менен барып, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Бирок нааразычылык жараткан алтын кени боюнча маселе каралган жок.

Облус башчысы барарда район акиминин көрсөтмөсү менен атайын комиссия түзүлүп, аталган компаниянын кен казган аймагын текшерген. Бирок бул комиссия буйругу же арызы жок мыйзамсыз түзүлгөнүн облустук бийликтен билдиришти.

“Бустер” компаниясы түштүк кореялык ишкерлерге таандык. Азырынча ишканадан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Райондун Чандалаш айылында элүүгө жакын түтүн эл жашайт. Кошуна айылдагы мектепке жана ооруканага каттоо үчүн айылдыктар 15 чакырым жерди айланып өтүүгө туура келет. Кышкысын маал-маалы менен жол каттамы жабылып турат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG