Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Жалал-Абадда КСДП шайлоого катышат


Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын Жалал-Абадда шайлоого катышуусуна уруксат берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган чечимин талкуулады. Анын жыйынтыгында бул партиянын шайлоого катышуусун көпчүлүк добуш бергендер колдоду. БШК мүчөлөрүнүн тогузу буга "макул", экөө мыйзам одоно бузулганын айтышып каршы болушту.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда КСДПнын тизмесин жокко чыгарган эле. Мындай чечимди комиссия мүчөлөрү шаардагы үч саясий партиянын арызынан соң кабыл алышкан. Даттанууда КСДП партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик норманы сакталбаганы жана жайгашуу тартибин бузгандыгы көрсөтүлгөн.

"Ата Мекен" саясий партиясынын шаардык бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Гүлжан Асанова КСДП тарабынан мыйзам одоно түрдө бузулганын айтып, арыз менен кайрылгандардын бири:

- "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 44-беренесинин 7-пунктунда шаардык кеңештерге талапкерлердин жалпы санында эркектердин саны 70% ашпоосу белгиленген. КСДП партиясы берген 85 талапкердин 73% эркектер болуп, норма сакталган эмес. Мындан сырткары талапкерлердин тизмеде жайгашуусу 2 эркек 1 аял болуусу керек болчу. Бирок бул норма да сакталбай, 47-орундан кийин 10 эркектин арасына бир гана аял киргизилген. Мыйзамда так көрсөтүлгөн, эгерде тизме түзүүдө кемчиликтерге жол берилсе ушул мыйзамдын 53- жана 60-беренелерине ылайык партиянын талапкерлеринин тизмеси шайлоо күнүнө үч күн калганга чейин жокко чыгарылыш керек. Биз БШКга жазган арызыбызда катачылыкка жол берген аймактык шайлоо комиссиясынын жоокерчилигин кароону, ал эми АШКга жазган арызыбызда КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарып берүүнү суранганбыз. Буга "Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын аймактагы координаторлору кол коюшкан.

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 2-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, "Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынан келген доо арызды кароого алышкан. Анда партиялар КСДП гендердик балансты сактаган эмес жана эркек-аялдардын жайгашуу тартиби бузулганын доо арызда көрсөтүшкөн.

Бирок КСДП тизме түзүүдөгү алешемдиктерди шайлоо комиссиясынан көргөн. "Анткени убагында берилген тизмеге алар эч кандай доомат койгон эмес. Ошол себептүү баары мыйзамдуу деп ойлогонбуз", - деп түшүндүргөн болчу партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мойдинов.

Ал арада “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан КСДП тизмесине байланыштуу жагдайдан улам соттошууга чейин барарын билдирди. Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциянын өкүлү Мирлан Бакиров аймактык шайлоо комиссиясы өзү кабыл алган чечимди өзү жокко чыгарып, мыйзам нормаларын бузганын "Азаттыкка" билдирди:

- Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн чечимин өзү кайра карай албайт. Биз ошол мыйзамдык нормалардын баарын көрсөтүп, БШКга кайрылуу жөнөтөбүз жана аны көзөмөлгө алабыз. Эгерде кайра мыйзамды тебелеп чечим кабыл алынса, сотко беребиз. Анткени, биз укуктук мамлекетте жашайбыз.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо ушул жылдын 1-ноябрында бүткөн. 5-ноябрда БШК алардын ар бирине талапкер күбөлүгүн тапшырган. Шаардык кеңешке шайлоого катышуучу жалпы талапкерлердин тизмеси БШКнын расмий сайтына жана маалымат каражаттарына жарыяланган. Башка партияларда күмөн саноо тизме жарыяланган соң жаралган. Ошол себептүү үч партия биригип, 30-ноябрда БШКга жана аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 мандат үчүн жети партия ат салышууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG