Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Оппозиция президентти кызматтан кетүүгө үндөдү


Жалал-Абад: оппозициянын митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын демилгеси менен Жалал-Абад шаарында жана Аксы районунда тынч митингдер өтүп, социалдык төлөмдөргө байланышкан талаптар коюлду.

УОКтун мүчөсү Бектур Асановдун Жалал-Абаддагы митингде президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү чакырыгын Аксыдагы митингдин катышуучулары колдошкон жок.

Жалал-Абаддын борборунда өткөн митинг Барпы театрынын алдында уюштурулду. Митингдин катышуучуларынын бири, шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков социалдык талаптарды окуп берди:

- Биринчиден, Кыргызстанда болуп жаткан энергетика маселеси. Биз токойдо жашап туруп чөлдөн отун сурап жаткандай абал жаралып жатат. Экинчиси - жерге болгон Соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулоосу. Үчүнчүсү - балдарга берилүүчү жөлөк пулдар. Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, кайсы бир партия шайлоо алдында ар бир төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул деп айтышкан. Алар канчалык аткарылганын көрүп турасыздар. Кыймылсыз мүлккө салык да жогорулап, камсыздандырууну элден сурабай киргизип койду. Бул да нааразычылык жаратууда. Мындан сырткары чек ара маселесин бийлик бир жактуу чече албай келүүдө. Ошондой эле Кумтөр Кыргызстандын трагедиясы болуп жатат.

Конституцияны өзгөртүү маселесин Сузактын тоо зонасынан келген Токтомат Акынбеков көтөрдү:

- Конституцияга жүрөгүм ооруп, ыйлагым келет. Айыл өкмөттөрдө башаламан башкаруу орун алууда. Айылдык кеңештин 15 депутаты шайланып алып, өзү каалаган айыл өкмөт башчысын шайлап коюп, тууганчылык болуп отура беришет. Мен бул багытта канча жолу бийликтегилерге кат жаздым. Бирок жооп болгон жок. Райондук, облустук бийликтин эмне кереги бар? Акча кайда кетип жатат? Кыскартыш керек.

Өзгөн районунан келген Төлөгөн Жолдошев оппозицияны кузгунга теңеди деп, президент Алмазбек Атамбаевге нааразы болду.

Оппозиция мүчөсү, УОКтун мүчөсү Бектур Асановго сөз берилгенде 3-4 адам чыгып микрофон талашып, ортодо ызы-чуу жаралды. Бектур Асанов президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө чакырды:

- Бүгүнкү күндө бийлик криминалга аралашып кетти. Революция элдин үмүтүн актаган жок. Атамбаев бийликти башкара албай калды. Биз президенттен тез арада бийликтен кетүүсүн талап кылабыз.

Шаар мэри Салайдин Авазов акциянын акырына чейин байкоо жүргүзүп турду. Акырында сөз алып, жергиликтүү бийлик дайыма эл менен болгонун белгилеп, оппозициянын талаптары негизсиз экенин айтты:

- Элдин турмушун оңдой турган жакшы бир программаңар жок эле, куру кыйкырык менен чыгып жатасыңар. Президент жаман, бийлик жаман деген дүжүр сөздөн башка айтарыңар жокпу. Эптеп эле бирөөнү жамандап кызматка туруш керек. Мына, Максат мага өзү келип кызмат сурап, КСДПдан депутат болсомбу деп жүргөн. Ага жетпей калып эми оппозиция болуп алыптыр. Азыр резолюция окуганда 7-8 адам эле колдойбуз деп кол көтөрдү.

Митингдин жүрүшүндө кезекке жазылгандардын баарына сөз берилген жок. Башында микрофон талашып, оппозицияга сын пикир айтам дегендер кайрадан ызы-чуу салганда резолюция окулуп, микрофон өчүрүлдү.

Чогулгандар 24-мартта Ошто өтүүчү курултайда бир жыйынтык чыгаарын айтышты. Кечке жуук Жалал-Абадда Базар-Коргон жана Аксы райондорунун аксакалдарынын атынан уюштурулган маалымат жыйынында оппозициянын саясий чакырыктарын сынга алышты.

Оппозициянын демилгеси менен ушул эле күнү Кербен шаарында өткөн митингде социалдык маселелер көтөрүлүп, аны аткарууга бийликке дагы 15 күн убакыт чектеди.

Ал арада Аксынын жаштары менен Базар-Коргон жана Сузак районунун аксакалдары кайрылуу кабыл алышып, жаз алдында элди тынчтыкка үндөө менен эч кандай митингдердин кереги жоктугун билдиришти.

Уюштуруучулар Жалал-Абаддагы райондордон жана Ош облусунан өкүлдөрдүн катышуусунда өткөн нааразылык акциясына миндей киши катышканын айтышты. Байкоочулар эки митингдин ар биринде эки жүздөн киши катышты деп болжошту.

XS
SM
MD
LG