Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Июнь коогасы: "Санпа" окуясы кантип тутанган?


Бишкек-Ош жолунун "Санпа" заводунун тушундагы бөлүгү.
Бишкек-Ош жолунун "Санпа" заводунун тушундагы бөлүгү.

Бишкек-Ош жолунун боюндагы кандуу окуянын чоо-жайын кабарчыбыз иликтөөгө алган.

Бишкек-Ош жолу менен Сузактан чыккан жол кошулган экилтикте “Санпа” заводу турат. Эки жыл илгери бул дөңдө бир топ карабашыл адамдын каны төгүлгөн деп азыр эч ким айта албайт. Аттиң, бирок бул белде бир топ адам жер жазданып калган эле.

Район борбору менен "Санпанын" ортосу үч чакырым. Түркиялык ишкерлер курган бул ишкана мурда пахта тазалачу. Кийин иштебей калган.

2010-жылдын 12-13-14-июнь күндөрү аталган жолдун ушул 574-чакырымында болгон тополоң тарыхка Санпа окуясы деген ат менен калды. Былтыр ал ишкананын чатырлары өрттөлгөн, бирок өрттүн андан бир жыл мурунку июнь коогасына тиешеси жок.

Санпа окуясы боюнча айыпталгандардын соту, 11-ноябрь, 2010-жыл
Санпа окуясы боюнча айыпталгандардын соту, 11-ноябрь, 2010-жыл
Көпчүлүктүн үшүн алган июнь калабасын так ушул жол боюнда өмүрү кыйылган он жүргүнчүнүн аты-жөнү чегилип жазылган, али толук курулуп бүтө элек чакан эстелик менен ошол күндөрү кара майы жолго төгүлгөн мунай кудугу эске салбаса, бул жолдо машинелер гүүлдөп ары-бери өтүүдө.

Мындан эки жыл мурун саратанда Ошто башталган калабанын эпкини Жалал-Абад менен Сузакка да тийген. “Санпа” заводунун айланасына Сузак жана Садда айылдарынын тургундары 11-июндан баштап топтолгон.

12-13-июнда жолдун ушул экилтигине беш жүздөн миңге дейре бир улуттагы адамдар чогулган. Алар жол кыргагы менен өткөн мунай куурун бузуп, эки жакка каттаган автоунаалардын дөңгөлөктөрү тайгаланып жүрбөй калып, арга жок токтогон машиналардагы жолоочуларды кармоо үчүн кудуктан алган кара майды жолго төгүшкөн. Жарымына дейре казылган жолдун калган бөлүгү трактор менен тосулган.

Жол тоскондор атүгүл Ошто бүткөн кызматтык сапарынан кийин Бишкекке кайтып баратып, колго түшкөн Рысбек Үмөталиевдин мойнуна бычак такап, "Бакиевдин туугандары 3 миң доллар акча берип, өзбектерди атасыңар деп буйрук берген" дедиртип сүйлөтүп, видеого тарттырып алып, аны интернет аркылуу бүт дүйнөгө таратышкан. Бирок чүйлүк Рысбекти мажбурлап суракка алганын Санпа окуясы боюнча айыпталып, соттолуп кеткен милициянын мурдагы полковниги Баходыр Жалалов сотто четке каккан.

"Санпа" окуясынын курмандыктарына арналган эстеликтин талкаланган абалы
"Санпа" окуясынын курмандыктарына арналган эстеликтин талкаланган абалы
Сузактыктар Үмөталиев менен бирге кармашкан анын улуту татар шеригинин кыргыз эмес экендигин билишкенден кийин ага кол тийгизген эмес. Туугандары тик учак менен келишип, ал жигитти Сузактын Бекабад айылынын талаасынан үйүнө алып кетишет.

Куралдуу кишилер Жалал-Абад жана Ош тараптан келген автоунааларды атып токтотуп, андагы жүргүнчүлөрдү талап-тоноо менен ур-токмокко алып, өмүрлөрүн кыйганын ушул окуя боюнча соттук материалдар жана жабырлануучулар, күбөлөр ырастайт. Натыйжада он адам набыт болуп, тогуз автоунаа өрттөлгөн. Дагы эки адамдын дайыны ушул күнгө чейин белгисиз.

Окуяга тиешелүү “адам өлтүргөн, улут аралык араздашууга жана массалык башаламандыктарга катышкан, ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн” деп айыпталган сузактык он тогуз адам соттолгон.

“Санпа окуясы эмнеден келип чыкты? Аны болтурбай коюунун жолдору бар беле?” деген суроолор туулат. Жол боюндагы калаймандын келип чыгуусуна негизсиз ушактардын жайылышы себеп болгону айтылып келет.
Атайын иликтөөнү толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG