Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Жалал-Абад: Кандуу окуялар боюнча сот иштери уланууда


11-январда Жалал-Абад облустук соту өткөн жылы октябрь айында аталган шаардык сот эркинен ажыраткан үч адамдын апелляциялык арыздарын кароону улантты.

Сотто мамлекеттик айыптоочу адам өлтүрүү, массалык башаламандыкка катышуу жана улут аралык кастыкты козутуу айыптары боюнча соттолгондордун кылмыш ишин кайрадан изилдөө үчүн башка курамда түзүлө турган баштапкы соттун кароосуна жиберүүнү сунуш кылды. Жарыш сөзгө чыккан айыпталуучулардын жактоочулары аларды актап чыгарууну өтүнүштү.

Облустук соттун 11-январдагы отурумунда жарыш сөз алган мамлекеттик айыптоочу Нурлан Жаныш уулу шаардык сот кетирген кемчиликтерге кайрылды. Анын айтымында, кылмыш ишинин көп жагы такталбай калган. Мисалы, өткөн жылы 12-июнда ЖТР имаратынын жанында эки адам өлтүрүлгөн. Бирок бир кишинин гана өлүмү боюнча жүргүзүлгөн кылмыш иши толук изилденген эмес.

Нурлан Жаныш уулу
Ошол күнү өрттөлгөн телеканалдын он бир миллион сомдук доо арызы иш-кагаздары болбогондуктан шаардык сот тарабынан жарандык тартипте кароого сунуш этилип, иштен четтетилген. Соттук-медициналык текшерүүдө кишинин миздүү жарактан набыт болгону такталган эмес.

Облустук прокуратуранын кызматкери Нурлан Жаныш уулу айыпталуучу Бахрамжан Кунаковдун мурда соттолгону жоюлбай туруп, кайра кылмыш жасаганы эске алынбай, ага жеңил жаза чегерилгенин белгилеп, ошондон улам аны күчөтүлгөн тартипте 8 жылга, соттолуучу Мойдунжан Абдуманаповду шарттуу түрдө үч жылга абакка кескен шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүнү сунуш кылды:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү, 233-беренесинин 2-бөлүгү, 97-беренесинин 2-бөлүгү 16-пункту менен айыпталган Кунаковду, Нарматовду жана Абдуманаповдун кылмыш иши боюнча чыгарылган Жалал-Абад шаардык сотунун 2010-жылдын 28-октябрындагы өкүмү бузулуп, кылмыш ишти жаңыдан башка курамда кайра кароо үчүн, биринчи инстанцияга кайра жиберүүңүздөрдү сурайм.



Бахрамжан Кунаковдун мурда соттолгону “Мунапыс тууралуу” мыйзам менен кыскартылган. Жактоочу Фархад Курбанов өз коргоосундагы бул адамдын окуяга катышпаганын эске алуу менен аны актоону өтүндү:



Мамлекеттик айыптоочу буга чейинки сотто айыпталуучуларга жогорку жаза сураган. Каяша сөзгө чыккан жактоочу Туратбек Сулайманов андай сунушка каршы болуп, соттолуучулардын айыбын ырастаар далилдер табылбаганын билдирди:

Фархад Курбанов
- Процессуалдык нормалар одоно түрдө бузулуп, айыптар кысым, уруп-сабоо жолдору менен алынганын тактоочу материалдар бар. Мурдагы процесстерде буларды тактоочу күбөлөр келген, кылмыш болгон сааттарда балдар кылмыш болгон жерде эмес, башка жакта болгонун тастыктаган күбөлөр бар. Ошол себептен булардын күнөөсү эч кандай далилденген жок. Буюм далилдер да жок. Ошондуктан сот залынан бошотуп, актап бериңиздер.

Дагы бир жактоочу Осмон Наркулов шаардык сот күчөтүлгөн тартипте он үч жылга түрмөгө кескен Ибраимжан Нарматовдун күнөөсү далилденген жок деп эсептеп, мамлекеттик айыптоочунун кылмыш ишти баштапкы соттун кароосуна жиберүү оюна макул болгон жок:

- Бул жерде бардык жагдайлар такталды. Ошондуктан соттолуучу Нарматов Икрамжандын күнөөсү бүгүнкү сот маалында аныкталган жок.

Турат Сулайманов
Соттук жыйында жарыш жана акыркы сөз тийген айыпталуучу Бахрамжан Кунаков “кароомдо апам, эки балам жана карындашым бар. Ошолорду эске алып, айыбымды кечирүүңүздөрдү сурайм”,-десе, Мойдунжан Абдуманапов да кылмыш жасабаганын айтты.

Үч адамга байланыштуу апелляциялык даттанууну териштирген Жалал-Абад облустук соттук коллегиянын жыйыны эми 20-январда уланат. Анда бүгүн кезек тийбей калган соттолуучулардын бирөөсүнө акыркы сөз берилгенден кийин адам өлтүрүү, массалык башаламандыкка катышуу, улуттар аралык кастыкты козутуу жана өлүк денени билип туруп мазактоо окуялары боюнча шаардык сот тарабынан эркинен ажыратылган бул адамдарга облустук соттун өкүмү угузулушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG