Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Кыргыз парламентиндеги соттук териштирүүлөр менен коштолуп жаткан мандат талаш чыры коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты.

Байкоочулар бул көрүнүш өлкөдө парламентаризмдин кадырын кетирип жатканын белгилеп, Кыргызстанда партиялык система менен шайлоо өзүн актабай калганын айтышууда.

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Берүүгө - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев жана "Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров катышты.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG