Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

"Журтташтар" түрмөгүнүн бүгүнкү каарманы - 15 жылдан бери Москвада иштеп келаткан Талант Баев. Учурунда кризистин айынан жашоо-турмушун жакшыртуу максатында Орусияга иштегени кеткен Талант мырза азыр өз айылына түрдүү жардамдарды берип келет.

Талант Баев курулуш тармагындагы “Байстрой” ишканасынын жетекчиси. Орусияда иштеген жердештери менен бирге өз айылынын жолун оңдоо, көпүрөсүн салуу жана суусун чыгаруу иштерине көмөктөшүп келет.

“Азаттык”: Кандайча өз айылыңызга жардам берип калдыңыз? Идея, демилге кандай жаралды эле?

Талант Баев: 2001-жылдан бери Москвадамын. Бул жакта курулуш тармагында, атап айтканда курулуш материалдарын саткан базарда иштейм. Азыр Москвада турганым менен Кыргызстанга тез-тез каттап турам.

Мурда эле Кыргызстанга пайдалуу, тарыхта кала турган иш жасайм деген көп ой-максаттарым бар эле. Анан Москвадагы балдар өзүбүздөн кийинки жаштарга да жол көргөзөлү, кийин алар да эли-жерине кызмат кылсын деп чогулуп, фонд түзгөнбүз. Жакында Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылында Москвадагы балдардын демилгеси менен футбол аянтчасы ачылды. Ал аталган айылдан чыккан балдардын демилгеси менен ишке ашты. Мындан сырткары өзүбүздүн мекенчил балдар көпүрө куруп берди. Москвадагы балдар чогулуп, дагы бир чоң көпүрө курдук.

“Азаттык”: Ошондо айылга эки көпүрө куруп бердиңиздерби?

Москвадагы мигранттардын эсебинен ачылган спорт аянтчасы

Москвадагы мигранттардын эсебинен ачылган спорт аянтчасы

Талант Баев: Бир көпүрөнү Москвада иштеген Кайрат деген бала өз демилгеси менен курду. Экинчисин - биргелешип курдук. Бул жалпы иштер. Жалал-Абад шаарына караштуу Кызыл-Суу деген айыл бар. Ал жерге 24 жылдан бери көпүрө курулбай келаткан эле. Мен өзүм дагы Тайгараев айылына элге колуман келишинче жаныман жардам берип келем. Айылдын аксакалдары көпүрө жок өтө албай калдык деп кайрылышкан эле. Өзүм барганда да мектеп окуучуларынын өтө албай, суудан кечип, агып кеткен учурларын көргөм. Ошондон кийин Москвадагы балдар да ал жерге көпүрө куруп берели деген демилгемди колдоп, көтөрүп кетишти.

“Азаттык”: Көпүрөнү курууга канча акча топтодуңуздар? Жалаң Москвадагы мигрант балдардын эсебинен курулганбы?

Талант Баев: Ага Москвадагы балдар 750 миң сом топтоду. Бишкектеги агаларыбыз, Түркия, Америкадагы инилерибиз каражат жөнөтүштү. Мен өзүм 800 миң сом акча коштум. Ошентип көптөп көпүрөнү бүтүргөнбүз.

“Азаттык”: Азыр берилген каражат кайда кеткени белгисиз болуп, иш чала жан бүтүп жаткан учурлар жок эмес. Ушундай шартта каражатты кимге ишенип бердиңиздер? Же аягына чейин өзүңүздөр көзөмөл кылдыңыздарбы?

Талант Баев, Иордания

Талант Баев, Иордания

Талант Баев: Москвада бир нече фонд бар. Мисалы, Кызыл-Суу фондунун балдары жана айрым айыл тургундары да көп убактан бери көпүрө бүтпөй жатканын айтышып башында турушумду суранышты. 1,5 ай ошол жерде усталар менен жашап жүрдүм. Көпүрө куруш оңой эле экен. Эң кыйын нерсе дамба куруу, жол салуу, тоонун башына техника алып баруу экен. Төрт техника алып бардык.

“Азаттык”: Жакында спорт аянтчасы ачылганын айттыңыз. Бул да айылдыктардын суранычы болдубу? Негизи эле эмне жардам берүү керек деген маселени кантип чечесиздер?

Талант Баев: Жалал-Абадда ар жерде футбол ойнолуп жатат. Биз өзүбүздүн айылга да ачалы деп москвалык балдар жалпы чечкенбиз. Бир жыл дегенде куруп бүттүк. Апрелдин ортосунда ачылышы болду. Кийинки айларда да жабык спорт залын ачалы деп жатабыз. Андан сырткары элдин өтүнүчү менен мечит, кийинки айларда трансфарматор коюу максаттарыбыз бар. Тайгараев айылынын тургундары суу чыгарып бергиле деп өтүнүшкөн. Балдар чогулуп кайсы маселени биринчи жасайбыз сүйлөшүп чечебиз.

“Азаттык”: Мигранттардын көбү эле алгач кара жанын багуу максатында, бутка туруш үчүн кетишкен. Азыр көз караш өзгөрүп, акчаны пайдалуу иштерге жумшап, айылга, мекенине аз да болсо жардам берели дегендер көбөйдү окшойт?

Талант Баев: Көз караш сөзсүз өзгөрөт экен. Мен деле алгач Москвага 2001-жылы жокчулуктун, кыйналгандыктан келгем. Баары эле жыргаган турмуштан келген эмес. Өзүм мектепти бүткөндөн кийин беш жыл кой баккам. Элдин турмушун көргөм. Азыр бутка тургандан кийин кичине болсо да жаштар көрсүн, билсин деген тилек менен мектепке, мугалимдерге, окуучуларга жардам берип келатабыз. Экинчиден, бул аларга аз да болсо стимул болот. Мындан сырткары жолго шагыл төгүп, трансформатор коюп, көчөнү жарыктандырып, ток тартып атабыз. Булардын жаңы муун көрсүн, кийин алардын да мекенчилдик сезими ойгонсун деген тилек менен эле жасап атабыз.

“Азаттык”: Учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет жакта эмгектенип жүрөт. Айрымдары жардам берсе, башкалары акчасын жөн эле пайдасыз нерселерге коротуп жаткандыр. Кыргызстандын ар бир айылында чечилбей келаткан маселелер бар. Кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

Талант Баев: Мен ушул маселени көп айтам. Кыргызстанда канчалаган бай адамдар бар. Биз айылга 205 миң сомдон 160 киловаттык трансформатор койдук. Чиновниктер, колунда барлар үчүн бул болбогон эле акча да.

“Азаттык”: Кыргызстанга тез-тез эле келет экенсиз. Ошентсе да ар бир келген сайын өзгөрүүнү байкайсыздарбы, деги эле өзгөрүү барбы?

Талант Баев: Башка мамлекеттерге да барып көрүп жатабыз. Бирок Кыргызстанга келгенде кызыктай акыбалда каласың. Өзгөрүү бар, бирок, абдан жай болууда. Башка мамлекеттердеги шаарларды, курулуштарды көрүп суктанып, эмнеге Кыргызстанда мындай нерселерди салса болбойт деп ойлойсуң. Бирок баары бир жүрөк Кыргызстан деп согуп турат.

Материал "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун Мекендештер форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG