Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борбору мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге коюлган доо боюнча түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, доо өндүрүү тууралуу арыз убактылуу гана токтотулду жана айрым бир процессуалдык жагдайлар такталгандан кийин кайра жанданмакчы.

Билдирүүдө Кыргызстан Максим Бакиевге койгон айыптарынан баш тартпай турганы да айтылган.

Буга чейин Максим Бакиевдин таламын талашкан Hickman&Rose компаниясы кыргыз тарап ага коюлган 20 миллион фунт доодон баш тартты деп жарыялаган эле. Айрым адистердин пикиринде, Кыргызстан эл аралык сотторго катышуу, доо өндүрүү иштеринде тажрыйбасыздык кылып жатат.

Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун маалыматы боюнча, ушул жылдын апрель айында Социалдык фонд менен Өнүктүрүү фондунун атынан Лондондогу Жогорку Сотко арыз жөнөтүлгөн. Анда Максим Бакиев менен “АзияУниверсалБанк” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мурунку жетекчиси Михаил Надель бул фонддорго ири каржылык зыян келтирген, мунун айынан “АзияУнверсалБанк” банкрот болгон деген айып тагылган.

Сот өкүлчүлүгү борборунун билдиришинче, Лондондун Жогорку соту 5-сентябрда Михаил Надель Социалдык фонддун зыянга учурашына жооптуу деген чечим чыгарды жана эми андан доону толук өндүрүп алууга мүмкүн болуп калды.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз тарап Максим Бакиевге коюлган доодон баш тарткан жок:

- Кыргызстан Маким Бакиев “АзияУниверсалБанкты” банкроттук абалга алып келген, мунун айынан Кыргызстандын өзү зыянга учураган деген айыбынан баш тартпайт. Ишти токтотуу тууралуу маалымдама Кыргызстандын Маким Бакиев боюнча доосуна залалы тийбегендей болуп берилди. Айрым бир процессуалдык жагдайларды тактагандан кийин бул багыттагы иш уланат жана Кыргызстан бул иш жакшы перспективага ээ деген пикирде.

Бийлик Максим Бакиевге койгон 20 миллион фунт доодон баш тартканы тууралуу анын укугун коргоп жаткан Hickman&Rose компаниясы жарыялаган. Анда Максим Бакиевдин “2010-жылы атасынын бийлигине каршы аскердик төңкөрүштөн кийин Улуу Британияга келгенин, ошондон бери жаңы бийликтин саясий өч алуусунун курмандыгы болуп жүргөнү” тууралуу сөздөрү кыстарылган.

2-ноябрь, 2009-жыл

2-ноябрь, 2009-жыл

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, өкмөт Максим Бакиев менен жең ичинен келишип алышы мүмкүн деген сөздөр негизсиз:

- Азыр эми “булар сатылды, андай-мындай болду” деп сыртынан тон бычып жатышпайбы. Мен эми өкмөттүн андай кадамга барарына деле ишенбейм. Эми кантип эле күчтүү жарандык коом, журналисттер, парламент турганда өкмөт Максим Бакиев менен кантип эле коюн-колтук алышып кетмек эле.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Курманбек Осмонов болсо Кыргызстан эл аралык сотторго кайрылуу, доо өндүрүүдө тажрыйбасыздык кылып жатканын токтолду:

- Мунун коомчулукка айта турган да, айтылбай турган да себептери болот. Кыргызстанда эл аралык соттордо соттошуунун тажрыйбасы азыраак. Эл аралык укук нормалары менен тааныш юристтерибиз, бул жаатта чет тилди билген адистерибиз азыраак. Чет элдик компаниялар, уюмдар менен соттошуп, талашып-тартышкан тажрыйбабыз жетишсиз.

Мурунку юстиция министри Марат Кайыпов дагы мындай пикирге кошулат. Ал Кумтөргө байланыштуу доолордун өнбөй жатканы өңдүү мисалдарды дагы келтирди:

- Кумтөр боюнча мен юридикалык топтун жетекчиси болгом. Биз документтердин баарын даярдап бергенбиз. Өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш да Канада тарап менен сүйлөшүүлөрдө ошол документтерди колдонушту. Бирок эл аралык сотторго бере албай коюшту. Эгер ошол документтер менен сотко бере алганыбызда, таламыбызды талаша алганыбызда көп утушта болот элек. Ошол биздин юридикалык топто АКШда окуп, иштеп келген адамдар бар эле. Ошолорду чакырып, түшүндүрүп тапшырманы берсе эле доону өндүрүп алмакпыз. Мындай мисалдар көп да. Биздин даярдыгыбыз начар, же болбосо көп көңүл бурбайбыз. Эн башкысы кесипкөй, иш билги адистер келбей жатат.

Эл аралык укук нормалары менен тааныш юристтерибиз, бул жаатта чет тилди билген адистерибиз азыраак.

Максим Бакиевге Социалдык фонддун “Азия Универсал банктагы” эки миллиард сомун кымырып кеткен деген айып тагылган жана 2014-жылы сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Аны менен кошо бул банктын Директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель менен MGN group компаниясынын жетечиси Евгений Гуревич да айыпталган, экөө тең 25 жылга сыртынан кесилген. Сот алардын үй-мүлкү конфискацияланып, үч миллиард сом өндүрүлсүн деген чечим да чыгарган.

Өнүктүрүү фонду 2007-жылы түзүлгөн жана анын гүлдөгөн доору 2009-2010-жылдарга, апрель окуясына башына туш келген. Убагында Максим Бакиев фонддун Директорлор кеңешинин төрагасы болуп да иштеген. Өнүктүрүү фондунун каржылык кеңешчиси MGN group компаниясы болгон жана акчанын баарын башкарган. 2010-жылдын март айында бул компаниянын башчысы Евгений Гуревичке Италияда кылмыш иши козголгондон кийин Өнүктүрүү фонду кызматташуу тууралуу келишимди токтоткон.

2010-жылы апрель ыңкылабына чейин Өнүктүрүү фондунун карамагында Орусиядан келген 300 миллион долларга жакын насыя, АКШдан алынган 20 миллион доллар насыя, Кумтөрдөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү үчүн деп түшкөн каражаттын жарымы жана ири акционердик коомдордогу мамлекеттик акциялары болгон.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG