Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди. Анын айтымында, сөгүш Чек ара кызматынын кампасынан көп сандагы курал-жарак уурдалганы үчүн берилди.
Буга чейин Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон. (BkA)