Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Казакстан кара жолун жабаарын эскертти


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети.

Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу саларын эскертти.

Расмий органдарга келген катта быйылтан тарта ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө зарыл болгон товарлар Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керектиги айтылган. Адистер мындай билдирүү Бажы биримдигинин келишимдерине каршы келерин белгилешүүдө.

"Күтүлбөгөн эскертүү"

Казакстан кара жол менен ташылчу товарларга тыюу саларын быйыл 3-январда эскерткен. Анда коңшу өлкөнүн Айыл чарба министринин орун басары кыргыз расмий органдарына кат жазып, мындан ары ветеринардык көзөмөл талап кылган товарлар Казакстан аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керек деген кат жөнөткөн. Анда казак бийлиги мындай чечимди Бажы биримдиги боюнча келишимдин талабы менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов казак тараптын мындай эскертүүсү күтүүсүз болгонун жашырбайт. Жумакановдун жүйөсүндө, коңшулардын талабы эки өлкө ортосундагы жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы бир катар келишимдерге каршы келет:

- Мындай чара Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы макулдашууга каршы келет. Учурда эмне себептен мындай кат жиберилгенин тактап жатабыз. Бирок азыр чек арадан өтүүдө тоскоолдук жок.

Жумаканов учурда бул талап дипломатиялык жолдор аркылуу такталып жатканын кошумчалады.

Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Казакстан эскерткени менен азырынча Кыргызстандан чыккан товарлар Казакстан аймагы аркылуу башка өлкөлөргө тоскоолдуксуз ташылып жатат. Муну Орусияга жүк ташыган айдоочулар да “Азаттыкка” ырасташты. Алардын бири Акылбек Алдабергеновдун айтымында, айдоочулар казак тараптын жаңы талабынан кабарсыз:

- Бизге эч ким эч нерсе деп эскерткен эмес. Чек арадан мыйзам чегинде салыгыңды төлөп өтө берсең болот. Болгону ташыган жүгүңдүн ичинде мыйзамгө туура келбеген ок атуучу курал же маңзат болбошу керек. Калганы баары мыйзам чегинде эле өтүп жатат.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Негизинен Казакстандын аймагы аркылуу бардык эле товарлар өтө бербейт. Бул айрыкча тамак-аш продукцияларына тиешелүү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулганда бул уюмдун талаптарына жооп берет делген 15 атамекендик ишканага өз продукциясын Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын аймагында тоскоолдуксуз сатууга уруксат берилген.

Темир жол кымбатка турат

Бул ишканалар өз товарларын Казакстандын аймагы аркылуу жогоруда аталган өлкөлөргө чыгарып сатып келген. Эми жаңы талапка ылайык, алар өз продукциясын темир жол менен гана ташууга уруксат берилсе, бир топ кыйынчылык жараларын айтышууда. Маселен, ишкер Райымбек Жумановдун пикиринде, эгер жүктү автоунаа менен эмес темир жол аркылуу ташууга туура келип калса, анда чыгаша бир топ көбөйөт:

- Бизге темир жол менен кымбат түшүп калат. КамАЗ менен ташыгандан өтөрү жок. Жүктү темир жолго чейин да унаа менен алып барып, андан түшүргөндөн кийин үчүнчү унаага которуу көп чыгашага алып келет. Оор жүк ташыган унаалар бул жерден жүктөлгөн жүктү туура базарга алып барат.

Айрым серепчилердин пикиринде, Бажы биримдиги боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып барууда Кыргызстан өз кызыкчылыктарын жетиштүү коргой албай келет. Буга чейин казак тарап жашылчаны эч бир текшерүүсүз өткөрөбүз деп, бирок иш жүзүндө андай болбой калган. Мындан улам дыйкандардын картошканын баасы беш сомго түшүп кетип зар какшаган учурлары болгон. Ошол эле учурда Кыргызстандын айыл чарба азыктары Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына шайкеш келбей жатканы да айтылып келет.

ЕАЭБдеги тоскоолдуктар

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кыргызстандык жүктү Казакстан аркылуу ташып өтүүдө пайда болуп жаткан тоскоолдуктардын үч себебин санап өттү:

- Адатта мамлекетти бир адам башкарган өлкөлөрдө мыйзамдар иштебейт. Эки тараптуу, көп тараптуу мыйзамдар иштебейт. Андай мамлекеттерде авторитардын көз карашы өзүнүн мамлекетинин кызыкчылыгынан дагы, керек болсо эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн саясий-экономикалык кызыкчылыктардан да жогору турат. Ошондуктан алар каалаган учурунда келишимдин иштешин токтотуп турушат. Экинчиден, Казакстан же Орусия биздин мамлекетти, биздин жетекчилерди теңине алгысы келбейт. Үчүнчүдөн, биздин айыл чарба товарларыбыз Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келбей жатат. Бул биздин жетекчилердин күнөөсү.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Жээнбековдун пикиринде, бул аракет жүктү темир жол менен ташуу аркылуу пайда табууну көздөгөн Казакстандагы айрым саясий- экономикалык топтордун демилгеси болушу да мүмкүн.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда айыл чарба азыктарына байланыштуу бир нукка түшпөй келаткан бир нече маселелер бар.

Анын бири – эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери талкууланып келаткан ветеринардык көзөмөл тууралуу жыйынтыктуу чечим кабыл алынбай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG