Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Караколдо асыл тукум малдардын көргөзмөсү өттү


"Компаньон" тобу тарабынан уюштурулган асыл тукум малдардын көргөзмөсүнө элүүгө жакын жеке фермерлер менен биргеликте асыл малдарды баккан чарбалар катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн негизги максаты малдын санынан сапатына өтүү жана ушул тармакта ийгиликтүү иш алып бараткан фермерлер менен тажрыйба бөлүшүү болуп саналат.

Көргөзмөгө асыл тукум өстүргөн үч ферма жана малдын асылдуулугуна кызыккан үч миңге жакын жергиликтүү тургундар келишти.

"Рейна кенч" асыл тукум чарбасында мал доктур болуп эмгектенген Улан Иманбаев мал багуунун да өзгөчө эрежеси бар деп эсептейт:

“Биз көбүнчө малдын туягын саноо менен алекпиз, андыктан мындай көргөзмөнү көбүрөөк уюштурсак эл арасында кызыгуу пайда болот”,-дейт ал.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, атайын даярдалган белектерге ээ болушту.

Мындай көргөзмө Нарын, Ош жана Талас облустарында өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG