Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Белгилүү окумуштуу, профессор, социолог Кусеин Исаев калк ичиндеги бийликке карата маанай тууралуу байкоолору менен бөлүштү.

"Азаттык": 2005-жылдын март айында Кыргыз Республикасында нааразычылык маанай күчөп, 24-мартта бийлик кулатылды эле. Былтыр да жаз айларынын башында нааразычылык күчөп келип, 7-апрелде бийлик кулады. Кандай ойлойсуз, быйыл айрымдары тынчсызданып аткандай калк арасында нааразычылык маанай барбы?

Кусеин Исаев: Анчалык нааразычылыктын деңгээли жогору эмес. Анткени биринчиден, референдум аркылуу жаңы баш мыйзам кабыл алынып, Жогорку Кеңеш жакшыбы, жаманбы көп партиялык курам менен шайланып, ишке киришти.

Экинчиден, алардын аракети бар. Алар жеке адамдын бийлиги эмес, парламенттик республика жасап, элдин каалоосу боюнча элдик демократияны, элдик бийликти күчөтөлү деген ниет бүгүнкү күнү басымдуулук кылат. Ошондуктан, “март айынын аягында, апрелдин башында өйдө-төмөн болуп кетет” деген сөздөр, такыр эле элдин маанайына жооп бербеген пикир болуп атат.

Бул айрым бийликтен кулагандардын, жеке менчиктеринен айрылгандардын жана өзүнүн жеке максаттары аткарылбай калгандардын айткандары.

Мынакей, февраль айынын башында биз Нарын облусунун Кочкор районунда, Нарын шаарында жана Нарын районунда өлчөө жүргүздүк. “Элдин бийликке, парламентке болгон ишеничи канчалык деңгээлде?” деп. Ошол өлчөөнүн жыйынтыгында биз байкап атабыз, элдин ичинде мобу бийликтегилерге анча-мынча ишенүүнүн үлүштөрү көбөйүп жатат. Эми албетте ар-кандай пикирлер бар, бирок ишенүү көбүрөөк. Ошондуктан “марттын аягында, апрелде бирдеме болуп кетет” деген сөздөрдүн баары орунсуз.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаттары 24-мартты “Элдик ыңкылап күнү” деп кабыл алган, ырасмий майрам катары жарыяланган. Азыр бул күндү 7-апрелге которуу тууралуу сунуштар айтыла калып жүрөт. Буга кандай пикирдесиз?

Кусейин Исаев: Албетте 24-мартты элдик ыңкылап жеңген күн катары майрамдайлы деген ой учурунда туура болгон. Бирок бир жылга жетпей ошол кезде бийликке келген кыргыз жарандары, президент баш болуп өздөрү эл алдында берген убадаларын аткарбай, такыр башка жолго түшүштү. Орус премьери Путиндин сөзү бар эле, “бул бийлик дагы эски бийликтин жолун жолдоп атат” деген. Бул былтыр 2010-жылдын башында айтылган эле да.

Ошол сыяктуу 24-мартта бийликке келгендер кийин 100 пайыз мурдагы президент Аскар Акаевдин жолун жолдоп кетишпедиби. Менчикти бөлүштүрүү, зордук менен колу жеткен байлыкты тартып алуу, анан ошол байлыкты чет мамлекетке катуу болгону үчүн ушунун баары болуп кетти да. Ошондуктан 24-март ыңкылабы мыйзамдуу түрдө өтсө дагы, өзүнүн ролун аткара албай калды.

7-апрель тууралуу айтсак, бул жерде бир топ нерсе бар. Биринчиден, ушул ыңкылап өзүнүн максатына жеткенден кийин ыңкылап катары майрамдалышы толук ыктымал. Мисалы, 1917-жылдагы ыңкылаптан 7-8 жылдан кийин гана Ленин мына ошол күндү майрам катары майрамдайлы деп киргизген болчу.

7-апрелде биз ошол элдин арасында чогуу жүрдүк. 87 жаш жигиттин өмүрү кыйылды. Тиги жаңы бийликтин душмандары “кандуу жол менен келишти” деп, ар-кандай нерселерди айтып атышат. Чындыгында аны кандуу кылгандар эски бийлик, кетип аткан бийлик болчу да. Ошолордун буйругу менен биздин жаш балдар атылды да. Ошол эле октордун бири мага да тийиши мүмкүн эле. Анткени мен алардын арасында жүргөм. Ошондуктан быйылкы жылы 7-апрелде салтанаттуу түрдө майрам өткөрбөй эле, 87 балага толук мусулман болбосок да куран окутуп, ата-энесинин, туугандарынын көңүлүн тынчытып, майрам катары эмес кайгылуу салтанат катары өткөрсөк жакшы болот эле деген пикирдемин.

Ыңкылапты коргоп, нагыз жаңы мамлекет кура баштагандан кийин, 5-6 жылдан кийин деле 7-апрелди майрам катары белгилесек болот. Азыр менимче, мобуреки өлгөн балдардын арбагын сыйлап, ошолорду эскерип койсок туура болот деген ойдомун.

“Азаттык”: Сизде ошондой үмүттөр барбы? 5-6 жылдан кийин ыңкылаптын чыныгы максаттары ишке ашып, салтанаттуу майрамдай баштайбыз дегенге?

Кусейин Исаев: Эгерде бийликтегилер сатылбай, байлыкка алданбай, жеке керт башы жөнүндө гана ойлобой эл жөнүндө, кыргыз мамлекетинин эртеңи жөнүндө ойлонгон болсо, мендеги үмүт толук акталат. Бирок бүгүнкү күнү бийликтегилердин, бизди башкарып аткандардын арасында ынтымак, түшүнүү болбой жатат. Кими эмнени аткарат, кандай максатка жетиш керек деген нерсе жетишпей атпайбы. Бул ошол биздин лидерлердин өтө чоң кемчилиги болуп атат.

“Азаттык”: Бирок өлкөдөгү азыркы башкаруу түзүмү парламенттик жакка оогондон кийин, жакшы жагына өзгөрөт дегенге негиздер барбы?

Кусейин Исаев: Негиздер бар. Бирок тилекке каршы азыркы парламентке келгендер өздөрүнүн тарыхый миссиясын толук түшүнбөй атканы мени өтө капалантып турат...

“Азаттык”: Сиз ошол жетекчилер өздөрүнүн тарыхый миссиясын түшүнсө, тарыхта калат эле деген сөздү айтып атасыз да?

Кусейин Исаев: Туптуура. Петр биринчи кандай революциялык өзгөрүү жасап Орусиянын тарыхында калган. Мустафа Кемал Ата Түрк Осмон империясы талкаланып атканда улуттук идеяны, улуттук кызыкчылыкты жана жыргалчылыкты ойлонуп, Түркия мамлекетин жок жерден пайда кылып, кандай республика түзүп кетти. Бул мамлекеттин 75 миллион калкы бар азыр. Бүгүн ошол Түркия бүтүндөй түрк дүйнөсүнө үлгү боло тургандай саясат жүргүзүп атат. Албетте өйдө-төмөн болгону бар, бирок өрнөк жагы көп.

Мына ушуну биздин бүгүнкү жетекчилер туура түшүнүшү керек. Ошондо гана жакшы жакка оойбуз. Албетте оңой-олтоң эч нерсе жок. Бирок сарамжалдуулук, сабырдуулук, чыдамдуулук биздин бийликтегилерде, президентте, премьер-министрде, төрагада болгон болсо, ошол губернаторлорго, акимдерге жана башкаларына жугуп, карапайым элге да жакшы маанай, чыдамдуулук маанай келе баштайт. Ошондо анан бирдиктүү кыргыз мамлекетинин тагдыры, келечеги үчүн күрөшүү бир муштумдай болуп тирилет эле.

“Азаттык”:
Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG