Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Сөз дайра. 1.10.12



Айтылуу Толубай сынчынын замандашы Жээренче чечен жолоочулап кетип баратып уулу Төлөмырзага:

Балам, узун жолду кыскарт,–деди.

Төлөмырза аттан түшө калып, жолду туурасынан кетмендеп жиберди. Ошондо Жээренче чечен уулуна:

– Балам, узун жолду кыскарт деген, жол жүрүп баратканда убакытты тез өткөрүү үчүн кызыктуу кеп салып жүрүп отурганды айтат. Кызыктуу кандай окуяларды билесиң, билсең ошолордон сүйлөй бар,– деген экен.

– Аксакал аябай сөзмөр киши экен, тоого жеткенче зериктирбей узун жолду кыскартып барды,–дейт.

“Үн чыгаруу” деп койот. Өлгөн адамды кошуп ыйлоо, жоктоо деген түшүнүк. Мисалы:

– Атчандар өкүрүп түшөрү менен боз үйдөгү катын-кыздар үн чыгарды,–дейт.

Кыргыз өлүктү жайга койорго чейин тестиер балдарга таяк таянтып өкүртүп койгон. Өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон.

Атасы же апасы жакын бир туугандарын жоктоп өксүп ыйлаган. Айрым чала молдо дин бузарлардын:

– Өлүккө ыйлабаш керек. Кошок кошпош керек!–дегендери таптакыр туура эмес.

Салттуу ислам байыртан бери эле кыргыздын өлүк коюу салтына сыйлап, урматтап келгенин, ыйлап-жоктоого, кошок кошконго тыюу салбаганын эстейли. Улуу адамдар ыйлап аткан балдарды:

– Жөн койгула! Көкүрөгү сууганча ыйлап алсын. Ыйлаба деп тыйсаңар ыза-муңу өзөгүнө түшүп кетип, өмүр бою оорукчан болуп калат,–деп айткан. Бул медицинада да такталган.

Ыза-муңу ичине түшүп кетип, колу-буту тырышып, баспай калган же өмүр бою балдак менен басып калган адамдарды биз далай ирет көрдүк.

“Кыргыздын түбүнө жете турган диний секталар каптап кирди” дейт. Мындагы “түбүнө жетүү” деген жок кылуу, ойронун чыгаруу, элдин дүйнөгө, башка элдерге мактана турган жакшы салт-санааларын, үрп-адаттарын эч нерсесин калтырбай жок кылуу дегенди түшүндүрөт.

Мисалы: –Эл ишенген балдары элдин түбүнө жетмей болду,–дейт.

–Президент коррупциянын түбүнө жетер бекен?–дейт.

–Бул бийлик ит куйругун түйүштүрмөйлөрдөн деги эле арылбай койду,–дейт.

“Ит куйругун түйүштүрүү” деген – жөн турган адамдарды бири-бирине кайраштыруу, араздаштыруу, ортого бүлүк салуу, бузуу деген маанини түшүндүрөт.

–Баягыл дагы кызматка барыптыр, эми эки айга жетпей ит куйругун түйүштүрө баштайт,–дейт.
XS
SM
MD
LG