Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Кыргыз поэзиясынын уучу кур эмес


21-март - Эл арлык поэзия күнү. “Азаттыктын” арай көз чарай талкуусу азыркы кыргыз поэзиясы, анын абалына арналды.

Талкууга акын, жазуучусу Меңди Мамазаирова, акын, котормочу Нурлан Калыбеков жана акын Жылдызбек Турсунбаев катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”: Ар бир доор, мезгилдин өз акындары чыккан. Эң башкысы акындардын чыгармалары элдин, окурмандын эсинде калып, оозунда айтылып жүрсө, демек ошол адамдын ырлары жүрөктөн түнөк тапты десе болот. Азыркы кыргыз поэзиясынын абалын кандай баалайсыздар? Адамды ойго салган же тескерисинче жашоого шоола чачкан ырлар жаралып жатабы?


Меңди Мамазаирова: Деги эле кыргыз эли ыр жандуу эл эмеспи. Ар бир келип аткан муундун өзүнүн акындары чыгып эле жатат. Учурда акындар дымып эле жаткансыйт, бирок мындай карап келгенде ар бир акындын жазып жаткан чыгармалары ыр куржунунда жатканына күбө болдум. Азыр китеп чыгаруу кыйын, каржылоо кыйын деп ыйлап, какшап эле келатабыз. Ошого карабай жабалактаган жаштар, айрыкча кыздардын поэзиясы өсүп турган кези экен. Жакында кыздардын лира кечесин өткөрдүк. Кыргыз элинин менталитетине, жан дүйнөсүнө жараша поэзиянын көчү эч үзүлбөптүр деген ойго келдим.

Бир топ жаш акындардын ырлары ар бир жерден көрүнө калып, мүмкүн болушунча китептерин ар кандай жолдор менен чыгарып, эл алдында окуп жүрүшөт. Ошондой жигиттер ырларында кадимки эле Жолон менен Турардын салтын улап келатат.


Нурлан Калыбеков: Азыр Меңди эже белгилегендей акындар бар, жок эмес. Көч үзүлгөн жок. Бирок мурдагыдай пропоганда деген жок, Жазуучулар союзунун өзүндө эле агитбюросу иштечү. Жазуучулардын баары идеологиянын башында турат деп ЦКнын 3-катчысы журналисттер, адабият, деги эле көркөм искусствону башкарчу. Мамлекет аны идеологиялык курал катары пайдаланып турганда абдан жайылтчу. Азыр андай жок. Ар ким өзүнүн казанынында кайнап, өз жазганын чыгарып жүрөт. Чыгарган китеби деле жетпейт, көп болсо 500, андан кыйыны 1000 нуска чыгарышы мүмкүн. Ал шаардагы урук-тууган, анча мынча китепканаларга тарабаса, калгандарга жетпейт. Кыргызстанда канчалаган окурман бар. Андан сырткары азыр жаштар эле колдонбосо компьютер, интернет менен орто, улуу муун иштебейт. Ошондуктан да элге жаңы чыгармалар жетпей жатат. Ошол жагын да жакшы колдонсо болмок. Негизинен эле пропаганданы күчөтүп койсо жакшы болмок. Бирок өсүш бар.

Анын үстүнө “жарк” этип суурулуп чыгыш үчүн да адабий сын деген болуш керек. Миң гений болсо деле ал 500, 100 нуска китеп чыгарып алып, бирок аны ачып берген адабий процесс болбосо ал өз казанында эле кайнай берет да. Мисалы эгемен жылдары канчалаган акындар чыкты. Ошону “мунусу таасын, кашкайган талант, мунусу ортозаар, мунусу начар” деп ачып берген адабий сын болсо жакшы болот эле да. Адабий процесс жок.

Жылдызбек Турсунбаев: Вице-премьер-министр Камила Талиеванын жакында эле берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 300 киши бир китеп окуйт экен, бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Ал китеп детективби, повестби деген маселе бар. Мисалы поэзиянын угармандары көп, окурмандары аз, прозаныкы тескерисинче. Ошондой жагдайда поэзияны алардын көөдөнүнө сиңирип окута билүү абдан кыйын. Бүгүнкү күндө көкүрөктөгү ырды жаратуу бир маселе, аны кагазга түшүрүп китепке ылайыктап иреттөө, китеп кылып чыгаруу, андан келип китепти окурманга жеткирүү өз-өзүнчө маселе.

Мына ушундай төрт аспектинин ортосунда чайналып жаткан акын канчалык деңгээлде “жарк” деп чыга алат. Ал сөзсүз түрдө оорчулукту жаратат. Жолон, Турар агайлар деле убагында Жолон, Турар болуп бааланбаган болушу да мүмкүн. Бүгүнкү күнү алардын атын айтып атабыз. Мындан бир канча жыл өткөндөн кийин биздин кийинки муундардан Нурлан Калыбеков, Меңди Мамазаирова деген ысымдардыог баса белгилеп айтса, ошондо биз сүйүнөбүз.
XS
SM
MD
LG