Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстанда жергиликтүү адабиятчылар дүйнөлүк адабияттагы өнүгүү тууралуу эки ача пикирде.

Улуттук адабияттын деңгээлине да канаттангандар аз. Анын себебин жаралып жаткан чыгармаларды иргей турган адабий сындын жок экенинен көрүшөт.

Адабияттагы бурулуштар

Учурда Бишкектин чок ортосунда, ачык асман алдында жайгашкан чакан китеп базарында адис адабиятчылар жазуучу деп эсептебеген авторлордун жеңил-желпи темадагы китептери өтүмдүү. Мисалы Айгүл Шарше кызы аттуу автордун китеби 70 миң нуска менен жарык көрүп өз окурмандарын тапкан. Ал эми аттуу-баштуу акын-жазуучулар өз китептерин беш жүз же миң нуска менен чыгарып, аны сатуу кыйын болуп жатканына кейишет.

Бирок учурда китеп базары Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жакында жарык көргөн "Агындылар" аттуу китеби өтүмдүү болуп жатканын көрсөтүүдө. Автордун айтымында, аталган чыгарма адабияттын бир да жанрына сыйбайт. Китеп айылдын жашоосун сүрөттөгөн кыска тексттерден турат.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов дүйнөлүк адабиятта да ушул багытта күтүлбөгөн жаңылыктар болуп жатканын айтат:

- Маселен өткөн жылы Элисс Энн Манро деген канадалык жазуучу Нобель сыйлыгын албадыбы. Аны бул сыйлыкты алат деп эч ким күткөн эмес. Ага чейин тизмеде такыр башка жазуучулар жүргөн. Беларус, Жапония сыяктуу жана башка мамлекеттин жазуучулары алмак болуп жаткан. Күтүлбөгүн жерден бул эжекебиз сыйлык алып кеткенде элдин баары таң калды. Буга калыстар тобундагылар Манро Чеховдун Европада кайра жаралышы, анын чыгармаларынын жаңырышы деди. Бул автор өмүр бою бир чакан шаарда жашап, ошол шаардын адамдарын кыска аңгеме кылып жаза берген экен. Буга чейин дүйнөлүк адабиятта көбүнчө адабияттын деңгээли, бийиктиги роман жанры менен өлчөнүп келген. Демек бүгүн дүйнөлүк адабият кыскалыкка умтулуп жатабы дейсиң.

Абдыкерим Муратов муну менен бирге улуттук адабиятта эгемен жылдардын жаңы мууну жарала электигин, айрыкча поэзия жанры тек гана 60-70 жылдардан бери уланып келаткан салттуу жолду кайталап жатканын белгилейт.

Адабий сындын азары

Адабий сынчы Рысбек Эшматовдун пикиринде да, учурда жалпы эле адабият ааламынын абалы жакшы эмес:

- Менин жеке пикиримде, жалпы эле дүйнө жүзүндө адабият чоң кризиске туш болду. Биздеги жаш акын-жазуучуларды эгер метофора менен салыштырып айта турган болсок талаада жалаң аппак коёндор оттоп жүргөндөй. Аларды сыртынан эч ким кайсынынсы жаман, кайсынысы жакшы айырмалай албайт эмеспи. Баары эле аппапак, баары эле бирдей көрүнүштө.

Рысбек Эшматовдун айтымында, адабий сындын болбой жатканынан улам акыркы мезгилде жарык көргөн чыгармалар өз баасын ала элек.

Эгемендик жылдарындагы жаштар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, чыгармачыл жаштардын эл аралык “Нурборбор” академиясынын жетекчиси Нурлан Калыбеков жогорудагы кемчиликтерди моюндап, азыркы жаш акындар уйкаштыкты гана мыкты үйрөнүп алышканын айтат:

- Айтматов жок, Касымбеков жок. Акындардан илгеркидей Байдылда, Тургунбай, Табылдылар жок. Кечээ эле адыраңдап жүргөн Алик Акималиев да заманга кор болуп жүрүп өтүп кетти. Улуттук адабиятыбыз чын эле супсак тартып кеткендей. Мүмкүн мунун өзү мамлекеттин адабиятка болгон камкордугунун жоктугунан. Менимче, чоң адабиятты чоң мамлекеттер гана жарата алат окшойт. Ошол эле Айтматовду, Касымбековду, Гамзатовду, Евтушенкону жана башкаларды улуу Совет мамлекети жараткан. Мамлекеттин камкордугу жок болсо адабият да болбойт окшойт. Азыр орус адабиятын карасаң деле жарк эткен инсандар көрүнбөйт.

Буга улай Нурлан Калыбеков кийинки муун китеп окубай, адабиятка билимсиз бойдон келип жатканына басым жасады.

Көрөңгө

Ал эми акыркы кезде бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган жазуучу Турусбек Мадылбай өз чыгармалары чет өлкөлөрдө окурмандарын таап жатканын айтып, дүйнө интернет заманында да адабиятка олуттуу мамиле кылыш керек дейт:

- Мен азыр мындай деген ойдо болуп калдым, дүйнөлүк адабиятта чындык менен жалган фантастика, чындык менен жалган адабият деген бар. Калганын баары мода сыяктуу келет, кайра кетет. Мен азыр дүйнөлүк деңгээлге чыккан жапон жазуучуларын окуп жатам. Эгер кыргыз адабиятына кайрыла турган болсок адабиятыбыз бир беткей болуп калып жатат. Себеби кыргыз тилдүү жазуучулар жазса эле ар ким өзүнүн уруусун, айылын мактап, тээ илгери өзүнүн айылында жашаган тыңдарды баатыр көрсөтүп, же байларды мактап ошону менен эле токтоп калууда. Орус тилдүү жазуучуларыбыз болсо фентезге кызыгып, фантастика жагына ооп кетишип, оюнан чыгарган элестерди жазып жатышат. Мен өзүм мүмкүн болушунча бүгүнкү турмушту кызыктуу формада окурманга жеткирүүгө аракет кылам.

Муну менен бирге Турусбек Мадылбай дүйнөдө бардык адамдардын балалыгы, жан дүйнөсү, турмушу бирдей болорун, андыктан мыкты жазылган чыгарма окурмандын кайда жашаганына карабай таасир бериши керектигин белгилейт.

Бирок бул пикирге каршылар да бар. Мисалы жаш адабият таануучу Азат Абдысадыр уулунун пикиринде, учурда жалпы эле исскусство тармагы өзүнүн ушул доорго шайкеш келе турган эн тамгасын издеп жатат:

- Мисал үчүн Советтер союзунда элдин дегредацияга түшүүсүнүн эн тамгасы Айтматовдун маңкуртчулук идеясы болгон. Ар бир адам маңкурт десе ошол доорду эстей турган болбодубу. Искусствонун негизги милдети ошол эн тамганы иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө өнөрдүн бардык тармагында ошол эн тамга изделип жатат. Мисалы Гарсия Лорканы алсак анын Ерма деген испаниялык баласы жок аял Испаниянын фашисттик доордогу эн тамгасы болгон. Ошол эле учурда анын досу Сальвадор Дали да өз сүрөттөрү менен ошол доорду берген. Мындан эгер жыйынтык чыгара турган болсок ар бир жазуучу же жалпы эле өнөр адамы өзүнүн улуттук көрөңгөсүнө кайтыш керек. Ансыз образды түшүнүү мүмкүн эмес.

Адабият таануучу Азат Абдысадыр уулунун айтканына караганда, учурда дүйнөлүк искусство, анын ичинен адабият өзүнүн эн тамгасын же өзгөчөлүгүн өзүнүн улуттук көрөңгөсүнөн издеш керек. Анткен менен адистер бүгүнкү күндө дүйнөлүк адабиятта китеби көп өтүп жаткан жазуучулардын чыгармаларында фантастика, кандуу окуялар, философия дегеле бардык темалар аралаша баштаганын белгилейт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG