Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Ак боз атчан Алыкул: табышмагы жана жандырмагы


Алыкул Осмоновдун туулган айылындагы музейдеги сүрөт. Каптал-Арык айылы, Чүй.
Алыкул Осмоновдун туулган айылындагы музейдеги сүрөт. Каптал-Арык айылы, Чүй.

"Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар" түрмөгүндө бул жолу улуу акын Алыкул Осмоновдун тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Тарыхтын элеги, мезгилдин сынагы деген кээде аябагандай таш боор, кээде күтүлбөгөндөй айкөл нерсе го. Буга мисалдар адабияттан, маданияттан, ошол эле тарыхтан сандап табылат. Нечен абройлуу деген акындар менен жазуучулар тирүү кезинде эле унутулуп, чыгармалары окулбай калган учурлар турмушта өтө көп.


please wait

No media source currently available

0:00 0:07:31 0:00
Түз линк


Ошону менен бирге өз мезгилинде эч кимдин деле көзүнө урунбай, орден же медаль албай, өзү менен өзү сыяктанган кээ бир инсандар “Манастагы” Тайбуурул сыяктуу улам узаган сайын арышын кенен таштап, тарыхтын марасына биринчилерден келгенин көрүп да, билип да жүрөбүз.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун акын катары даңкы каза болгондон кийин чыкты. Адегенде аны туурап жазган акындардын бүтүндөй мууну келди. Бара-бара адабиятта өзүнчө “Осмонов мектеби” пайда болду. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы "күмүш доор" деп аталып жүргөн адабий доордун керегесин тикелеп, каалгасын ачкандардын негизгиси - Алыкул Осмонов экенин азыр ар бирибиз билебиз. Ал эми эгемендик заманында Алыкулдын аты өзүнчө эле коомдук символ, улуттук культ болуп кетти, моралдык тазалыктын, руханий аруулуктун бирден-бир үлгүсүнө айланды.

Сыягы тарыхта түбөлүк калыш үчүн аябай көп жазып, калың китептерди, сандаган томдорду чыгарыштын эч бир кереги жок окшойт. Алыкул бир нече гана чыгармасы менен, классика болуп калган бир катар лирикалары жана поэмалары менен төл адабиятыбыздын эң төрүнөн орун ээледи.

Ошол үркөрдөй болгон бир нече чыгармалары бүтүндөй адабият агымын жаңы багытка буруп, башка бир доордун, жаңы этаптын, жогоруда айтылган “күмүш доордун” дарбазасын ачты. Бул Алыкулдун акын катары биринчи табышмагы болду десек туура болот го.

Алыкулдун экинчи табышмагы - ага болгон чыныгы элдик сый жана урмат, тагыраак айтсак - элдик сүйүү. Маселен, ошол эле Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков Алыкулдай эле эмгек кылышты, адабият босогосун бирдей эле мезгилде атташты, аларды деле эл урматтайт жана сыйлайт, бирок Осмоновго карата биздин, кыргыз элинин өзгөчө мамилеси - бул өтө кызык тема. Биз Алыкулду урматтайбыз десек сөзүбүз так болбой калат, жок, биз Алыкулду жан-дилибиз менен сүйөбүз - а бул башка маселе...

Ооба, Алыкул эрте кетти. Катуу оорудан эч бир айыга албай, 35 жашында кеме сыяктуу калкып кете берди. Убагында аны эч ким деле кадырлап, коомдук масштабда мактап, ардактаган жок. Кургак учук, болгондо да туберкулездун ачык формасы акынды элден обочо жүрүүгө мажбурлап, Алыкул эл сыяктуу не карындаш-урук, не үй-бүлө күтө албады. Жалгыз чүрпөсүнөн айрылды.

Айласыздан бүт өмүрүн чыгармачылыкка, поэзияга арнады. Китеп которуп, китеп менен жашап, китеп менен сүйлөштү, китеп менен жүрүп өмүрүн өткөрдү.

Жазган негизги темасы - өмүр жана өлүм, мезгилдин учкулдугу, жашоонун кыскалыгы, турмуштун түпсүздүгү, сүйүүнүн ыйыктыгы, анын ачуу даамы, мааниси болду.

Ошону менен бирге катуу оорунун айынан Алыкулдун өмүрү кумдай ушаланды; өлүм сааты улам жакындап калганын жаны-дили менен сезип, акын ошону чыгарма кылып жазды. Өлүм ирегесин сагалап, ажал бетме-бет келгенде Алыкул жарык дүйнөнүн кадырын чындап сезип, натыйжада ой жүгүртүүсү деңиздей тереңдеп, асмандай кеңейди.

Алыкулдун инсан катары трагедиясы, убагында бааланбагандыгы, томолой жетимдиги боорубузду ачытып, чыгармаларындагы чынчылдыгы купулубузга толду; ырларындагы ысык мээрим дилибизди жылытып, адам катары тереңдиги жана акылмандыгы ар дайым өзүнө тартып келди. Ошентип Алыкулга болгон элдик сүйүүбүз жаралды.

Алыкул Осмоновдун дагы бир чечиле элек сыры - анын саясатка мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан жок. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазды.

А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир.

Айрыкча баарыбыз жатка билген “Ата Журт” деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берип коюптур:

Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүрсүң,
Кыш да катуу, бороон уруп, кар уруп...


Же болбосо:

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп,


Же болбосо:

Жаз да башка, жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут, ж.б.


“Кыштын катуу”, “жолдун кыйын” болуп турганы, “түндөр жаман”, “жаз да башка” экендиги, заман оорлоп, асманды “сур булут” каптап тургандыгы - абдан күчтүү тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы, башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор “Манас” эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап, заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек Алыкул саясатты жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган.

Алыкулдун дагы бир табышмагы - 1941-жылы “Лирика” деген басууга даяр ыр жыйнагын өрттөп салганы. Эмне үчүн? Өрттөбөй эле, сандыкка салып, катып койсо эмне болот эле? Жок, акын эмнегедир өрттөөнү ылайык көрүптүр.

Демек замандын тартиби катуулап, саясаттын түрү абдан каардуу болуп кеткенин Алыкул көргөн, билген.
Акын мындай деп ачык жазат: “1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым. Бирок көп окудум. Негедир ошол мезгилде “Лирика” аттуу китеп камдап, бир топ пессимисттик ырларды жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым”.

Айтор Алыкул Осмонов илгерки грек философу Диоген сыяктуу жыгач челектин ичине коргологон инсан, замандын агымынан сыртта жашаган кечил, жеке чарба жазмакер эмес, доор портретин өзгөчө боёктор менен таасын кылып тарткан ойчул сүрөткер экен.

Албетте Алыкул тууралуу айта берсек сөз өтө көп. Анын өмүрү, адам катары трагедиясы, жазылбай калган чыгармалары, жазылса да заман каарынын тайсалдап, нечен чыгармаларын өрттөп салганы - дагы да изилдене турган, ой жүгүртө турган маанилүү маселелер.

“Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим”, - деген экен улуу лирик, кайталангыс философ, жаңы кыргыз адабиятынын баштоочусу Алыкул Осмонов.

Чынында да Алыкулдун адамдык, же болбосо биологиялык өмүрү, албетте өттү, бирок ырларындагы экинчи өмүрү, чыгармаларындагы руханий дүйнөсү түбөлүккө жашап калды.

Таштан болоор, кумдан болоор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калаар сөздөрүм,
Өлсө дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп, таскак салып өтөөрмүн, -
деген улуу акындын көрөгөчтүк менен айтылган сөздөрү бүгүн тарых фактысына, турмуш чындыгына айланып отурат.
XS
SM
MD
LG