Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Турат Мадылбеков: Парламентте криминалдык таржымалы барлар жүрөт


Турат Мадылбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-марты.
Турат Мадылбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-марты.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Турат Мадылбеков бийлик чөйрөсүнө чейин аралашып кеткен уюшкан кылмыштуулуктан арылмайын коом оңолбостугун айтат.

“Азаттык”: Турат мырза. Майлы-Суу шаарында жүздөгөн адамдар кылмыштуулукка каршы митинг өткөрүштү. Алар соңку кезде талап-тоноочулук, адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыштар көбөйүп, айрым укук коргоо органдары менен кылмыш дүйнөсү биригип кетти деген дооматтарды айтып атышат. Сиз тартип коргоо тармагында иштегенсиз, бул тармакты жакшы билесиз. Бул сыяктуу дооматтар канчалык жөндүү?

Турат Мадылбеков: Эми Майлы-Сууда көтөрүлүп аткан элдер бекер жеринен чыгып аткан жок. Бул кыргыз элинин арасында, коомчулугунда көптөн бери айтылып келатат. Мен мурда 28 жыл укук коргоо органдарында иштегем. Ошондон бери бул маселени жакшы билем. Акыркы он жыл ичинде уюшулган кылмыштуу топ “керек болсо мамлекетти башкарабыз” деп, ошого аракет кылып атышат. Ошондуктан жалпы коом менен биригип булар менен күрөшүбүз керек. Бул бир гана укук коргоо органдарынын иши болбошу керек.

“Азаттык”: Сиз бул боюнча конкреттүү мисалдарды келтирип бере аласызбы. Кайсы кылмыштуу топтор бийликке аралашуу максаттарын көздөп атышат, кандай аракеттер болду эле?

Турат Мадылбеков: Мисалы, бизде уюшулган кылмыштуу топ деп, 1992-1993-жылдарга чейин бизде мындай көрүнүштөр болгон эмес. Кылмышкерлер болгон, бирок абдан уюшулган эмес эле. Уюшулган түрдө биздин Кыргызстанга 1992-93-жылдары келди. Бул негизинен Балтика боюнан, анан Орусиядан келди.

Кийинки кездерде мынакей Рысбек Акматбаевди билесиздер. Ал дагы 1993-жылы керек болсо Ички иштер министрлигинин Академиясына өзүнүн кишилерин киргизген окууга. Ошондо мен Абдыбек Суталиновго айткам, ушундай окууга киргизип атат, эгер жылына үчтөн окууга киргизе турган болсо, беш жылда 15 кылмышкерди биз оперативдүү кызматтарга үйрөтүп, келечекте жаман окуялар болот деп. Аягында мына өзүңүздөр көрүп отургандай, оперативдүү кызматкерлер да уюшулган кылмыштуу топторго кирип кетип, кээ бирлери каза болуп калды. Анын баары тарыхта бар. Мен алардын аттарын атагым келбейт, өтүп кеткен кишилердин.

Ошондуктан менин оюмча, бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинде, башка мекемелерде да уюшулган кылмыштуу топторго кирип кеткен биздин кызматкерлер бар. Бүгүнкү күндө коомчулук ошол маселелерди туура коюп атат. Биз аларды тазалабай туруп, ошондой кызматкерлерден арылбай туруп коомчулук оңолбойт, экономикабыз түзөлбөйт.

“Азаттык”: 7-апрелден кийин дагы “Ата Мекен” партиясы бийликке кылмыштуу топтор аралашканы атат деп айтып чыгып атты. Шайлоо алдында дагы бул партия “Кылмыштуу топтор менен күрөшөбүз. Бийликке умтулган, аралашкан кылмыштуу топтордун адамдарын тазалашыбыз керек” деп айтып келди эле. Кантсе да “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү парламентте отурат. Сиздер бул жаатта эмне аракеттерди көрүп атасыздар?

Турат Мадылбеков: Сиз туура суроо бердиңиз. Коомчулук дагы муну жакшы билет. Биздин айткандарыбызды эл унута элек. Себеби биз бардык нерселерди, бүгүнкү турмушубузду терең анализдеп көрүп айтканбыз. “Эң негизги биздин кедерибизди кесип аткан эмне? Ушул уюшулган кылмыштуу топтор” деп.

Аскар Акаев да убагында айткан, “уюшулган кылмыштуу топтун өзөгү бүгүнкү күндө ак үйдүн жетинчи кабатына жетти” деп. Туура, бүгүнкү күндө дагы жетинчи кабатка жетип турат. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясы шайлоо, үгүт учурларында көп айтканбыз, аны көбүнчө Өмүрбек Текебаев көп айткан, “биз бийликке келсек, мына ошолор менен биринчи күндөн баштап күрөшөбүз” деп.

Мынакей, бүгүнкү күндө биз ошол уюшулган кылмыштуу топко каршы мыйзам даярдап атабыз. Ошол мыйзамдын долбооруна мына мен өзүм катышып атам. 28 жыл өмүрүмдү ошол жакка бергем. Мен күрөшүүнүн жолдорун билем. Азыркы тушта мыйзам долбоорун даярдап бүттүк. Буюрса эртең-бүрсүгүндөн өзүнүн тартиби боюнча башка министрликтерге жиберип, алардын дагы сунуштарын кабыл алып, январдын аягында комитетте талкуулап туруп февралда парламентке алып чыгабыз. Эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо, кескин түрдө уюшулган кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн жолдорун, укук коргоо жолдорун ачып берген болобуз.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин парламентке криминалдык таржымалы бар адамдар дагы келгени көп айтылды. Сиздин бул боюнча кабарыңыз болсо керек, гезиттер да жазышты эле. Ачыгын айта аласызбы, ушундай адамдар азыр парламентте барбы?

Турат Мадылбеков: Эгер мен парламенттин ичинде жок деп айтсам туура эмес болуп калат. Бирок мен азыркы кезде алардын аттарын атоого акым да жок болуш керек. Анткени ал кишилер дагы мага окшогон эле депутаттар. Мен билген көпчүлүк эмес, мисалы 99 пайыз таза адамдар бар. Бирок менин баамымда, арасында жанагыдай адамдар бар. Аны убакыт өзү тастыктайт.

“Азаттык”: Сизде ишенич барбы, келечекте криминалдык таржымалы бар адамдар парламентке, дегеле бийлик түзүмдөрүнө келбейт деп айтканга?

Турат Мадылбеков: Мен келечекте биздин парламенттеги кыргыз элине кызмат кыла турган адамдар толук таптаза болобуз деп айта албайм. Андай болбойт. Анткени көпчүлүк өлкөлөрдө деле мындай болуп келген. Башка өлкөлөрдү ала турган болсок, ошол криминал чөйрөсү менен байланышы бар адамдар бийликке келген учурлар болгон. Мына бизде дагы бүгүнкү күндө парламентте криминал чөйрөсү менен аралашкан адамдар бар. Бирок мен алардын фамилиясын айтпайм. Кийинки учурларда биз баарыбир тазаланууга барышыбыз керек. Мисалы мен ошого аракет кылам. “Ата Мекен” партиясы ушуга аракет кылат. Мисалы биздин фракцияда кылмыштуу топторго байланышкан адамдар жок. Баары мекенчил адамдар, келечекте тазаланалы деген адамдар...

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG