Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Медакадемиядагы ректор шайлоо саясатташты


Медициналык академия
Медициналык академия

Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эмгек жамааты жаңыдан дайындалган ректор Индира Кудайбергенова негизсиз жерден каралоого дуушар болгонун айтып, жетекчисин коргоп чыгышты.

Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы апрелчилердин башын кошкон “Эр-Теги” уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариевдин жаңыдан дайындалган ректор тууралуу билдирүүсүн мурдагы жетекчиликтин шыкагы катары мүнөздөштү.

Тандоодон чыккан “талаш”

Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы бир топ профессорлордон турган эмгек жамаатынын мүчөлөрү жаңыдан дайындалган ректор Индира Кудайбергенова тууралуу соңку мезгилде чындыкка коошпогон маалыматтар жайылып, ал кызматка кирише электе эле курулай каралоого дуушар болгонун айтып, жетекчисин коргоп чыгышты.

Буга “Эр-Теги” коомдук уюмунун башчысы Осунбек Жамансариев Индира Кудайбергенованы мурдагы бийлик режими менен байланышы бар деп айыптаганы негиз болду.

Ректорлукка талапкер болгондордун бири Мавлян Кадыров айрым “апрелчилердин” билдирүүсүн окуу жайдын ишине кийлигишүү деп мүнөздөдү:

- Өкмөт башчысы үч талапкердин ичинен Индира Кудайбергенованы тандаган соң биз мыйзамдын талабына баш ийишибиз зарыл. Биз да Апрель элдик ыңкылабынын катышуучулары жанагындай айтып чыкканын уктук. Бирок биздин дарыгерлер ошол окуя учурунда көптөгөн жарадарларды сактап калууда эмгеги чоң болгонун эске салууга туура келет. Жеке эле мен ошол күнү өпкөгө, ашказанга, боорго кирген окторду алып чыгып, операция жасап, төрт адамдын өмүрүн сактап калгам. Сиздер кийлигишпей эле койсоңор, эмгек жамааттын ичиндегилер биз өзүбүзчө эле териштирип алабыз.

Быйыл 30-июнда болуп өткөн шайлоодо ректордун милдетин аткаруучу Ишенбек Сатылганов 185, экинчи талапкер Доктурбек Адамбеков 166, үчүнчү талапкер Индира Кудайбергенова 139 добуш алган. Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо тууралуу жободо эң көп добуш алган үч талапкердин тизмеси өкмөт башчысынын кароосуна жөнөтүлөт. Өкмөт башчысы шайлоодо алган добушунун санына карабастан, үч талапкердин ичинен бирин тандап, ректорлукка дайындай алат.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Роман Тухватшин ректор тандоодогу өкмөт башчысынын чечими туурасында мындай дейт:

- Индира Кудайбергенова мыйзам чегинде шайлоого катышып, анан өкмөт башчысынын буйругу менен тандалды. Бул нерсе бирөөлөргө жакпай жатса, анда ага доомат коюштун кереги жок. Дооматты биздин жамаатка эмес, депутаттар иштеп чыгып, кабыл алган мыйзамга коюшсун. Ар бир жетекчинин ишине 100 күндөн кийин баа берилет. Анан эми ал жаңыдан эле дайындалганда антип бут тосо берүүнүн кереги жок. Жок дегенде жүз күндөн кийин ишине баа берели.

“Компроматтар кармашы”

“Эр-Теги” уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев Индира Кудайбергенованын талапкерлиги ректорлукка каралып жаткан учурда эле ал тууралуу билдирүү тараткан болчу. Кызмат талаштын астында чыккан Жамансариевдин билдирүүсүнүн мазмуну жаңы ректордун мурдагы бийлик режими менен кызматташтыгы туурасында болчу:

- Биз аны түздөн-түз Акмат Бакиевди качырган деп айта албайбыз. Бирок Бакиев 3-мартта жеке менчик медициналык борбордон качса да, Индира Кудайбергенова бул тууралуу 7-мартта кабарлаганы көптөгөн шектенүү жаратат. Эми өкмөт бул адамды ректорлукка дайындоого аракеттенип жатканы апрель окуясында жапа чеккендердин нааразылыгын туудурууда.

Окуу жай жамааты Осунбек Жамансариевден ректор Кудайбергенова боюнча айыптоосун жокко чыгарууну же далилдеп берүүнү талап кылды. Медициналык академиянын мурдагы ректору Аширалы Зурдиновдун ишмердигин изилдеген “АКОС” уюмунун жетекчиси Камил Умаров Осунбек Жамансариевдин кызы Медакадемияга мыйзамсыз окууга кабыл алынгандардын тизмесинен чыгып калган фактыны айтып, анын каралоосун эски тааныштыктын эпкини деп атады:

- Мунун бардыгын Зурдинов менен Сатылганов уюштуруп жатат. Анткени негизсиз жерден доомат артып жаткан бул жигиттер Зурдинов жана Сатылганов менен тыгыз байланышта болуп жүргөн. Менимче жакшы бир сый-урмат үчүн ушул иш болуп жатат. Мындай баягы эле эски адамдар өздөрүнүн бийлигин кайра сактап калгысы келип, мына ошонун бардыгын уюштуруп жатышат.

Индира Кудайбергенова буга чейин Медакадемиянын онкология кафедрасын жана ага чейин онкологиялык улуттук борборду жетектеп келген. Мурдагы ректор Аширалы Зурдинов быйыл 31-майда кызматынан алынган. Ага чейин 2011-жылдан 2014-окуу жылдарында туугандарынын жана депутаттардын балдарын окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган фактылар ачыкка чыгып, башкы көзөмөл органы аны тастыктаган менен бирок кезинде кылмыш иши козголгон эмес.

XS
SM
MD
LG