Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Эмчи-домчудан эм издегендер


Бишкектеги Ош базарында отурган бир көзү ачыктын шаймандары.
Бишкектеги Ош базарында отурган бир көзү ачыктын шаймандары.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү мамлекеттик медицинага эмес, бүбү-бакшыларга, табыптарга дабаа издеп баргандардын алды аянычтуу абалга кириптер болуп жатканын айтууда.

Өлкө эгемендик алгандан бери салттуу медицина менен катар элдик деп аталган дарылоо түрлөрү дүркүрөп өнүктү. Кээси кереметтин күчү менен сакайып кетсе, кээсинин тагдыры арсар болуп калууда. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштү ар тараптан ачып берүүгө аракет жасайт.

Элдик дарыгелердин, көзү ачыктардын, бүбү-бакшылардын ордосу албетте - Ош базары. Бул жерден дартка дабаа чөп-чардан тарта жаныбарлардын ич майларына чейин бар. Анын баары эч кимдин уруксатысыз сатылууда. Ден соолугунан гана эмес, үй-бүлөсүнөн, жеке турмушунан өксүгөндөр да бүбү-бакшыларга көп келишет.


Түз линк


Көзү ачык, табып-бакшыларга түп-оту менен ишенип, алардын айтканын жасап, акыр түбү ажырашууга чейин жеткен фактылар жок эмес. Оштун тургуну Данияр Калматов да “тез арада ажырашкыла, алдыда жаман окуялар күтүп турат” деген бакшынын жоромолунан кийин үй-бүлө очогун бузууга аргасыз болгон. Жаңы эле түтүн булаткан жаш бүлөнү көзү ачыктын айтканы боюнча кыздын апасы заматта ажыраштырып салган. Данияр өз тагдырын айтып берди.


please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00
Түз линк


Таласта Нылды-Ата аттуу мазар бар. Ал жерге оорулуулар зыярат кылып барып, дартынан сакайып кеткендери айтыла жүрөт.


please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк



Баткенде үй шартында төрөгөндөр акыркы жылдары кыйла кыскарды. Бирок токтогон жок. Бирөөлөрү доктурга тыйын-тыпыр берүүгө кысынса дагы бирөөлөр айла жок үй шартында көз жарат. Эскилерден насаат алган дагы бирөөлөрү өлүк төрөлгөн баланы тирилткен учуру да бар экен.


please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
Түз линк



Саламаттыкты сактоо министрлиги табыптар менен бүбү-бакшылардан дабаа издеп, бирок дартын күчөткөндөр көбөйдү деп коңгуроо кагууда. Дарыгерлердин маалыматында, табыптардан айыгам деп кайрылгандардын дээрлик көпчүлүгү жабыр тартып жаткандыктан, бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү суранып жатышат. Бул маселенин айланасында республикалык Иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калилов менен маек курдук.


Түз линк
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG