Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Кыргыз медицинасында орган алмаштыруу өнүгүүгө муктаж


Профессор Осмонов башында турган дарыгерлер тобу операция маалында. (Сүрөттү тарткан: Жыргалбаев Мурат, Саламаттык сактоо министрлиги)

Профессор Осмонов башында турган дарыгерлер тобу операция маалында. (Сүрөттү тарткан: Жыргалбаев Мурат, Саламаттык сактоо министрлиги)

Жылына дүйнөдө миңдеген кишиге донордун органы салынып, доктурлар өмүрүн сактап калышат. Кыргызстанда трансплантация жөнүндөгү мыйзам мындан 10 жыл мурун кабыл алынса дагы өлкө тарыхындагы алгачкы операция былтыр жайда гана жасалды.

Бул татаал операция үчүн алдынкы технологиялар, лабораториялар жана эң негизгиси мыкты адистерден турган атайын даярдыктагы топтор керек. Анын үстүнө Кыргызстандагы мыйзам бейтаптын жакын тууганынын гана органын көчүрүүгө жол берет. Андыктан адистер мыйзамды өзгөртүү керектигин баса белгилешет.

11 жаштагы Ырыскелдиге атасынын бөйрөгүн салуу операциясын профессор Олег Калачик жетектеген беларустук доктурлар бригадасы жасады. Алар ушуну менен экинчи жолу Кыргызстанга келип кетишти. Биз Бишкекке доктурларын жиберген Минскидеги адам органдарын трансплантациялоо институтунун директору, профессор Олег Руммо менен телефондон байланышып, Беларустун бул тармактагы тажрыйбасын айтып берүүнү өтүндүк:

"Азаттык": Сиздердин институт постсоветтик аймактагы эң ийгиликтүү жана таанымал клиникалардан болуп эсептелет. Качантан бери адам органдарын алмаштыруу операцияларын жасап келатасыңар?

Олег Руммо: Андай операциялар өлкөдө 1970-жылдардан бери жасалып келет, биздин борбор 2010-жылы негизделген. Жылына бөйрөк алмаштыруу боюнча 200дөн көп, ал эми боор трансплантациясы боюнча 50дөй операция жасалат. Жана жылына 20дай кишиге жүрөк трансплантациясы жүргүзүлөт. Өлкө калкынын саны 9 миллиондун айланасында экенин эске алсак, 1 миллион кишиге 29-30 операция туура келээрин айтса болот. Бул - Европанын орточо көрсөткүчү жана Орусиядагыдан 3 эсе көп.

"Азаттык": Демек, муктаж адамдардын бардыгына операция жасалат турбайбы?

Олег Руммо: Кезек күткөндөрдүн тизмеси ар дайым бар. Биздин тизме аябай кыска. Башка өлкөлөрдүн да жарандары кайрылышат. Бирок аларга орган биздин жаранга туура келбегенде гана жасалат. Чет өлкөлүктөрдүн санына квота киргизилген.


"Азаттык": Ошондой операция канча турат?

Олег Руммо: Беларус жарандарына дарылануу, органдын трансплантациясы акысыз жасалат. Операциядан кийин мамлекет алардын бардыгын иммунитетти колдоп туруучу дары-дармек менен бекер камсыздап турат. Андай бейтаптардын саны 1 миңге чукулдайт. Чет өлкөнүн жараны операцияны акча төлөп жасатат.

"Азаттык": Атайын система, маалымат банкы барбы?

Олег Руммо: Ушул маселелер менен алектенген атайын бюро бар. Өлгөндөн кийин органдарын башка бирөөгө берүүгө каршы болгон адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алар өздөрү ошондой арыз жазышат. "Макул эмесмин" деп жазбаса, кудай анын бетин ары кылсын, кимдир бирөө кырсыкка учураса, анын органдарын донорлук орган катары пайдаланууга болот дегенге жатат. Бирок жакындарынын да макулдугу керек. Беларус, Орусия, Австрия, башка алдыңкы өлкөлөрдө мыйзам адам өлгөндөн кийин анын органдарын колдонууга тыюу салбайт.

"Азаттык": Кыргызстандык кесиптештериңер менен кандайча кызматташып калдыңар?

Олег Руммо: Алар бизге окууга келип жүрүштү. Андан кийин ушундай кызматташтык жөнүндө макулдаштык. Биз Кыргызстандагы операцияларды бекер жасайбыз. Бул өзүнчө бир достуктун, ак ниеттин белгиси. Силердин өлкөдө да технологиялар өнүгүп, муктаж адамдарга өз алдынча жардам берип турасыңар деген үмүт бар. Азырынча болсо биз үйрөтүп, өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп жатабыз.

Беларус дарыгерлер Ырыскелдиге атасынын бөйрөгүн салышты

Ар кандай маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Ырыскелдидей бөйрөк алмаштырууга муктаж адамдардын саны миңге чукул. Тилекке каршы илдети өтүшүп кетип, донор табылбай же башка себептерден улам операция жасалбай калып, жарыкчылык менен кош айтышкан учурлар аз эмес.

​300гө жакын кыргызстандык гемодиализ же жасалма бөйрөк менен жашап келет. Ал эми жарым миңдей киши диализге кезек күтүүдө. Ошондой аппараттан өлкөдө 55 даанасы гана бар. Ал эми калктын 11% бөйрөктүн түрдүү ооруларынан жабыркайт. Донордун бөйрөгү менен жашаган адамдардын саны 40тан ашат. Бир кишини гемодиализ менен камсыздоого мамлекет жылына 400 миң сомго жакын каражат жумшайт. Адистер андан көрө бир жолу операция жасап, орган алмаштырылса, бөйрөгү иштебей калган бейтап гемодиализден көз каранды болбой, кадимкидей жашап кетет, каражат да үнөмдөлөт дешет.

1902-жылы веналык хирург Эммерих Улман бир жаныбардын бөйрөгүн алып, экинчи жаныбарга жамаган. Операция ошол кездеги медицина дүйнөсүндө чоң резонанс жараткан. Ал эми адам органынын алгачкы трансплантациясы 1933-жылы профессор Юрий Вороной тарабынан жасалган. Азыркы медицинада доктурлар бул тармакта изилдөө жүргүзүп, жаңы ачылыштарды жасап, улам бир органды алмаштыруу тажрыйбасын өркүндөтүүдө.

Бөйрөктөн тышкары боор, жүрөк, өпкө, жүлүндүн трансплантациясы жасалып жүрөт. Дарыгер-илимпоздор илимдин жардамы менен мурда айыккыс делген дарттардан жапа чеккен миллиондогон кишиге жашоо үмүтүн тартуулап келатышат.

Профессор Осмонов (солдон экинчи), хирург Эркин Орозакунов (солдон үчүнчү) дарыгерлер тобу менен (Сүрөттү тарткан: Жыргалбаев Мурат, Саламаттык сактоо министрлиги)

Профессор Осмонов (солдон экинчи), хирург Эркин Орозакунов (солдон үчүнчү) дарыгерлер тобу менен (Сүрөттү тарткан: Жыргалбаев Мурат, Саламаттык сактоо министрлиги)

Кыргызстанга кайтсак, адам органын трансплантациялоо жөнүндөгү мыйзам мындан 10 жылдай мурун кабыл алынган. Ошол эле жылы Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илимий институту ачылган. Бирок кыргызстандык доктурлар андай операцияларды өз алдынча жасоого өткөн жайда эле киришти. Алгачкы операция былтыр жайында адегенде Түркияда иштеген хирург Эркин Орозакунов, андан кийин жергиликтүү адистер тарабынан 2 трансплантация жүргүзүлдү.


Орган алмаштыруу операциялары жагынан Кыргызстан эмне үчүн артта?

Анын себептерин Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илимий институтунун директору, профессор Талгат Осмонов мындайча түшүндүрөт:


Кыргызстан тарыхында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясын жасаган хирург Эркин Орозакунов Кыргыз медициналык академияны бүтүрүп, Түркияга ординатурага окууга кеткен. 10 жылдан бери ошол жакта иштеп, учурда Анкарадагы Ибн Сина ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүндө алдынкы хирургдардын катарында эмгектенет. Эркин мырза күнүнө бир нече операция жасайт. Биз аны ошондой операциялардын биринен чыгып, үйүнө бараткан жеринен телефондон сөзгө тарттык:


Былтыр жайда Кыргызстанда трансплантация маселеси козголуп, кээ бир доктурлар, депутаттар менчик клиникаларга орган алмаштыруу операцияларын жасоого уруксат бериш керек деген демилгени көтөрүп чыгышкан. Профессор Талгат Осмонов да бир нече жолу Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Жогорку Кеңеште андай демилгеге каршылыгын билдирген.

Минскилик профессор Олег Руммо муну ар бир оорукананын контекстинде кароо керектигин, бирок жалпысынан мындай операцияларды жасоо мамлекеттик көзөмөлдө болуусун жактайт:

- Бизде мамлекеттик клиникалар гана трансплантация операциясын өткөрүшөт. Бул деген мамлекеттин иши. Бардык андай операциялар биздин борбордун көзөмөлүнө алынган. Менчик клиникаларга берүү маселесин ошол өлкөдөгү жагдайды эске алуу менен чечиш керек. Бирок мени бул маселе абдан түйшөлтөт. Себеби менчик ооруканалар биринчи кезекте кайтарымды ойлошот. Акча табуунун медицинага тиешеси жок деп ойлойм. Балким, конкреттүү шарттарды карап туруп, уруксат берсе болоор. Бирок жеке мен карышымын.

Дарыгер Эркин Орозакунов болсо менчик клиника даяр болсо, аларга да андай мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, Түркияда трансплантация боюнча операциялар менчик ооруканаларда да жасалаарын айтат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG