Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Өкмөт тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу мыйзамын артка чакыртты


Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 25-январда жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртты. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди. Сариев өз сөзүндө аталган долбоорго терең анализ жасалбаганын баса белгилеп, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырды.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга каралган жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушуга байланыштуу Нарын эли 27-январда митингге чыкмак. (UEz)

XS
SM
MD
LG