Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Арманда кеткен актер Мукамбет Токтобаев


Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев 68 жашында жол кырсыгынан каза болду. Ал акыркы жылдары Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында иштеп жаткан.

Театрда, кинодо аты таанымал Мукамбет Токтобаев эл эсинде калган көптөгөн ролдорду жаратты. Антсе да өмүрүнүн жарым кылымын актерлук кесипке арнаган таланттуу инсандын өз чыгармачылыгына байланыштуу бир арманы бар эле. Ал тууралуу кезинде өзү “Азаттык” радиосуна кеп салып берген:

- Заман оодарылып кеткен убакта жыйырма жылдан ашык убакыт бою же кино болгон жок, же жакшылыктуу бир драма коё албай койдук. Өкүнүч ушунда. Заман дурус болсо, жыйырма жыл ичинде бир нерсе тартылат эле да. Мен кинодо башкы каарман ойноп көрө элекмин. Бар эми, алар майда-чүйдө эле. Бир жакшы каарман болуп, анда мен роль ойносом ал өзүмө да, элге да эстелик болмок, "ушундай киши болгон экен" деп.

Тасма жаатында өз ийгиликтерине ыраазы болбой, арманда кеткен актер театрда “Король Лир” (Лир), “Машырбек үйлөнөт” (Машырбек), “Танабай” (Танабай), “Осмонкул” (Осмонкул төкмө), “Манастын уулу Семетей” (Семетей) сыяктуу бир нече спектаклдерде башкы ролду жаратса, тасмада “Он үчүнчү небере”, “Күнөстүү арал”, “Эл арасында”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын”, “Бабалардын керээзи”, “Чиркин өмүр”, “Белгисиз маршрут”, “Президент жана бомж” сыяктуу жана башка тасмаларда ойногон.

Мукамбет Токтобаев: Кээде ырчы болбогонума өкүнөм

Мукамбет Токтобаев: Кээде ырчы болбогонума өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:51 0:00

Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов Мукамбет Токтобаевдин тасмада же театрда ролду ийине жеткире аткара аткарган, өз чыгармачылыгына жан дили менен берилген, сахнада калп айтпаган актер болгонун белгиледи:

- Менимче, Кыргызстандын 20-кылымындагы театрында төрт-беш абдан таланттуу залкар адамдын ысымдары аталып калат. Алар: Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров жана Мукамбет Токтобаев. Ал өзүнүн актерлук деңгээли, масштабы боюнча жогорудагы залкар актерлордун катарында турат. Мындан сырткары Токтобаев ар тараптуу таланттуу экени менен да өзгөчө эле. Ал керек кезде ырдап, комуз чертип, обон чыгарып, айтор бардык жагынан төгөрөгү төп келген таланттуу инсан болгон.

Кулмамбетовдун айтымында, Токтобаев 27 жашында “Курманбек” спектаклинде Тейитбектин образын 50-60 жаштан ашкан залкар актер Муратбек Рыскуловдун Тейитбегинен кем эмес аткарышы менен режиссерлорду таң калтырып, актер катары кенен келечеги бар экенин далилдеген.

Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге режиссерлордон киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген. Маркумдун чыгармачылыктагы үзөңгүлөш досторунун бири, Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев Токтобаев каза болордун алдында эле бир тасмага тартылып жатканын айтты.

- Экөөбүз мурдагы күнү эле “Супарада” таңкы саат бешке чейин бир тасмага тартылганбыз. Ал хандын ролун, мен хандын акылманынын ролун аткаргам. Эртеси ошол иш боюнча баратканда кырсык болду окшойт.

Мукамбет Токтобаевди 30-июлда тасманы кайра тартууга бараткан учурунда Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде машине коюп кеткен. Катуу жаракат алган актер 4-ооруканада көз жумду. Кырсыкка себепчи болгон унаанын 27 жаштагы ээси учурда тергөөчүлөргө сурак берүүдө.

Мукамбет Токтобаев 1947-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында төрөлгөн. Ал актерлуктан сырткары обончу катары таанымал. Мисалы, эл арасында анын “Каркыралар”, “Кыздар жана көйнөктөр”, “Биз отурган автобус”, “Ышкырык” атуу ырлары ырдалып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG