Боршайком 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуучу саясий партияларды жана башка талапкерлерди мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырууда. Маалыматта айтылгандай, шаар кеңештерине талапкерлер 11-ноябрдан тарта гана үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу, ал эми айылдык кеңештердин талапкерлери 21-ноябрдан баштап үгүт иштерин жүргүзө алышат. Бардык талапкерлер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү добуш берүүгө бир сутка калганда, тагыраак айтканда 10-декабрь күнү, саат 8:00дө токтотулат.
Үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда жүргүзгөн талапкерлерге алгачкы жолу БШК жазуу түрүндө эскертүү берет. Мыйзам бузуу кайталанса, талапкердин аты-жөнү тизмеден алынып салынат. (ZKo)