Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Келгиндердин балдары үчүн кечки мектеп


Келгиндердин балдары үчүн кечки мектеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Москвада “Жарандык көмөктөшүү борбору” деп аталган коомдук уюмдун алдында мигранттардын балдарына орус тилин жана башка сабактарды акысыз үйрөткөн кечки мектеп бар. Он жети жыл мурун бул мектеп Чеченстандагы согуштан качып келгендердин балдарын окутуучу жай катары ачылган. Азыр бул мектепте кыргызстандык мигранттардын балдары да орус, англис тилдерин окушууда.

Жети жаштагы Даткайым Кыргызстандын Ош облусунан. Москвага келгенине бир жарым жыл болду. Ага чейин айылдагы чоң ата-чоң энесинин колунда жүрүп, мектепке жашына жеткенде ата-энесинин жанына келген. Даткайым бул мектепте өзүнөн улуулар менен кошо орус тилин, андан тышкары сүрөт тартканды да үйрөнүп жатат. Аталган мектепте кыргызстандык тогуз мигрант бала окуйт, алар негизинен орус тилин үйрөнүшөт. 11-класстын окуучусу Айгерим бизге бул жерде тажик, ооган, чечен жана башка улуттагы балдар менен чогуу окуурун айтып берди:

- Мен Москвадагы кадимки мектептердин биринде окуйм. Бул жакка акем экөөбүз келебиз, азыр англис тилин кошумча үйрөнүп жатабыз. Мектеп жакшы, эки-үч баладан окутат. Кыргызстандык балдар бар, бизден тышкары башка жактардан келгендер да бар.

Ал эми он эки жаштагы Сори Кабо Африканын Гвинея өлкөсүнөн келген, орусчаны эми үйрөнүп келе жаткан Сори француз тилин да билет:

-Менин атым Сори, 12 жаштамын. Москвада 1076-орто мектепте окуйм. Алтынчы класстамын, ал жакта досторум көп. Орус тилин жакшы билбейм, ошондуктан, бул жердемин. Африкадан келдик. Гвинеядан. Мен французча бир аз сүйлөй алам, атам Африкага кеткен. Биз апам, агам, эжем болуп жашайбыз.

Кечки мектеп жумасына төрт күн, кечки саат төрттөн тартып иштейт. Анда волонтер мугалимдер балдарды окутат. Бул мектеп алгач 1994-жылы “Жарандык көмөктөшүү борбору” деп аталган коомдук уюм тарабынан Чеченстандагы согуштан качып келгендердин балдары үчүн ачылган экен. Кийинчерээк ар кайсы өлкөлөрдөн келип, Орусияда жашап калган мигранттардын балдарын окутуучу мектепке айланган. Бул тууралуу уюмдун координатору, мектептин администратору Аминат Солтаханова билдирди:

-Кыргызстандан тогуз бала окуйт. Ошондой эле тажикстандык балдар бар. Алардан тышкары Чеченстандан, Ооганстандан, Филиппинден келген балдар окуйт. Мектепте элүүгө жакын мугалим иштейт, бардыгы волонтерлор. Биз жумасына төрт жолу, кечинде окутабыз. Программабыз жалпы билим берүүчү мектептердики сыяктуу эле, тилдерден башка дагы предметтер кошумча окутулат, ошентсе да тил үйрөтүү биринчи орунда турат. Бизде Сириядан качып келген эки бир тууган бар, улуусу 10-класска барышы керек, аны орус тилин билбегени үчүн араң эле 4-класска алышат. Биз азыр аны окутуп жатабыз, сентябрга чейин жок дегенде 7-8-класска ала тургандай кылып, даярдоого аракеттенүүдөбүз. Борбор Азиядан келген балдар орус тилин башкаларга салыштырмалуу жакшы эле билишет.

Аминат Солтахнованын айтуусунда мектепке балдар качкын же мигрант экендигин тастыктаган документтерисиз эле кабыл алынат. Ошондой эле бул жерде мектепте жалпы сабактардан жетишпеген жергиликтүү балдар деле келип окуса болот, бирок андайлар чанда кайрылат.

Орусиядагы жарандык коом жыл өткөн сайын мигранттардын балдарын орто мектепке алуу кыйындап бара жатканын билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча балдардын мектепке кирүүсүнө жолтоо болгон бир себеп: орус тилин жакшы билбегени.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG