Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Кайдыгер эне, карайлаган бала


Мигрант келиндердин көпчүлүгү боюнда бар кезде дарыгерге убагында көрүнбөйт.

Мигрант келиндердин көпчүлүгү боюнда бар кезде дарыгерге убагында көрүнбөйт.

Орусиянын Самара шаарында кыргызстандык мигрант келин төрөгөн ымыркай жарык дүйнөгө келип, бир нече мүнөттө эле чарчап калды. Дарыгерлер мунун себебин эне кош бойлуу кезинде өзүнүн да, түйүлдүктүн да саламаттыгын бир да жолу медициналык жактан текшертпегенине байлашууда.

Самара шаарындагы борбордук базарда соода кылган кыргызстандык мекендештердин айтуусунда, ымыркайы чарчап калган келин кош бойлуу кезинде дарыгердин көзөмөлүндө болбоптур:

- Бечара акчадан кысынганбы, догдурга көрүнбөй жүрө бериптир. Анан толгоосу кыстап барса, баласы туулары менен чарчап калып атпайбы. Ымыркай болсо да мусулманча кепиндеп, жерге көмөлү дешсе, ооруканадан сөөгүн бербей кыйнады. Юристтерди ортого салып атышып, бир жума дегенде араң алып, мына бүгүн шаар четиндеги мүрзөгө коюп келишти. Ал үчүн да 10 миң рубль алышты.

Кош бойлуу келиндердин маселеси Москвада деле ушул. Курсагындагы түйүлдүк тургай, өз абалына карабагандар четтен чыгат. Буга биринчиден, каттоого турууга убакыттын жоктугу себеп болсо, экинчиси – баягы эле акчанын азабы. Дарыгерге көрүнүп, тиешелүү анализдерди тапшырып, анын жыйынтыгын күтүүгө убакыт керек. Күн сайын, дээрлик дем алышсыз иштеп жаткан кыз-келиндер үчүн күнүнө төлөнчү акы өзүнүн жана курсагындагы баласынын ден соолугуна караганда маанилүү сыяктуу.

Дени сак аялдан дени сак бала...

Мигрант эне, Москва шаары

Мигрант эне, Москва шаары

​Дагы каарманыбыз Толгонай кээде сыркоолоп жүргөнүнө карабай, боюндагы баласы алты ай болуп калганча, дээрлик дем алышсыз иштеген. Жаш келин бир күнү бели чыдатпай ооруганда медициналык тез жардам чакыртып, ооруканага барганын, ошондо дарыгерлер катуу тилдегенин, андан кийин гана медициналык кароого каттоого турганын айтты.

Бизге чечилип сүйлөп берүүнү каалабаган Толгонай бул өлкөнүн жараны. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, орус жарандыгына ээ мигранттар кош бойлуу кезде ооруканага акы төлөбөйт. Бирок келин кош кабат кезде каттоого туруу зарыл экенин да билсе да, убактысын кызганып, дарыгерге көрүнгөн эмес. Эми минтип айы-күнүнө жеткенде гана туула элек ымыркайынын ден соолугуна кабатырланып, догдурга эрте көрүнбөгөнү үчүн өкүнүүдө. Алты айында коркунуч туулуп, козголуп калган курсактагы бала андан бери да бир нече ирет энени чочутуп, Толгонай бир нече ирет ооруканага жатууга аргасыз болду.

Ал эми Кыргызстандын жараны болгон кош бойлуу келиндердин абалы чынында оор. Алар мамлекеттик медициналык мекемеге акысыз каттоого тура алышпайт, жеке менчик клиникаларга барса, олчойгон акча сурашат. Албетте, кыргызстандык дарыгерлер тарабынан ачылган медициналык мекемелер деле бар. Аларга акы төлөө менен өзүнүн жана курсагындагы наристесинин саламаттыгын УЗИ аркылуу текшертип, тиешелүү анализдерин тапшырып, жыйынтыгына жараша дарыланса болот. Бирок мыйзамдуу түрдө каттоого туруп, аягында төрөт үйүнө жолдомо берүүчү кагазды ала албайт.

Мунун себебин Москвадагы “Лидер” деп аталган медициналык борбордун башкы врачы Дилбара Асаналиева төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Төрөт үйүнө жолдомо кагазын берүү үчүн медициналык мекеме Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигинен өзүнчө уруксат алууга тийиш. Анткени анын жоопкерчилиги чоң. Жолдомо кагазды берген дарыгер кош бойлуу келин менен ичтеги баланын ден соолугуна жоопкер болот. Москвада эмне, анализ тапшыр десең тапшырбайт, кароодон өт десең, убагында өтпөйт. Режимди сактабаса, дарыланбаса, 15-16 сааттап иштесе, анан кокус бирдеме болсо, дарыгер күнөөлүү деп табылганы турбайбы. Анын үстүнө мигрант кыз-келиндердин көбү расмий катталган дарегинде жашабайт, аларды Москванын кайсы тешигинен табасың? Жашоо-шарттары да оор, көп киши жашаган жерде жугуштуу оорулар да көп болот.

Толгоо келгенге чейин "тоотпой"...

Москвадагы төрөт үйү, 2011-жыл

Москвадагы төрөт үйү, 2011-жыл

Орусияда иштеп жүргөн кыз-келиндер кош бойлуу кезинде эч кандай дарыгердин көзөмөлүндө болбой, айы-күнүнө аз убакыт калганда Кыргызстанга барып төрөп, айрым учурларда мунун жыйынтыгы кайгылуу аяктап жатканын Кыргызстандын өзүндөгү медициналык кызматкерлер айтып жүргөнү маалым.

Ошол эле сөздү бул жактагы дарыгерлерден да угууга болорун, алар келиндин же ымыркайдын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбесин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин билим берүү жана медициналык маселелер боюнча атташеси Чолпон Исмаилова “Азаттыкка” айтты:

- Убагында медициналык каттоого турушпайт. Анан толгоосу келгенде “Тез жардам” чакырышат. Кош бойлуу кезде ден соолугу көзөмөлдөнбөгөн эне менен баланын өмүрү үчүн дарыгерлер жоопкерчиликти өз моюнуна алгылары келбейт. "Тез жардам” жеткиргени үчүн гана карап, төрөтүүгө милдеттүү. Ошондуктан акыркы жылдары акушерлер баланын документин бербей, белгилүү бир суммада акча төлөтүп аларын мигрант кыз-келиндер айтып жүрүшөт.

Кош бойлуу келиндердин өзүнүн жана наристесинин ден соолугуна кайдыгерлиги кыргыздардын арасында гана эмес, жалпы эле мигранттардын арасында кеңири жайылган көрүнүш. Бул тууралуу Орусияда иштеп жүргөн мигрант аялдардын маселесине арналып өткөрүлгөн тегерек столдо Тажикстандан, Молдовадан келген аялдар да айтып жатышты.

Мигранттарга укуктук маалымат берүүчү “Миграция жана мыйзам” борборунун жетекчиси Гавхар Жураеванын айтуусунда, мигрант аялдардын өзүнө жана наристесине жасаган кайдыгер мамилесинен улам жергиликтүү акушерлер да аларды акысыз төрөтүүдөн баш тарта баштады:

- Өзүнчө эле жаңылык пайда болду, мигрант кыз-келиндерди төрөтүүчү төрөт үйлөрүндө алардан акча талап кылмай. Бул ошол төрөтканалардын ички уставдарына байланыштуу имиш. Кош бойлуу келин төрөтканага түшөрү менен акча сурашат, эгер акчасы жок болсо карабайт. Тилекке каршы бул көрүнүш күндөн-күнгө өсүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын 48 пайызын аялдар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү бала төрөчү курактагы кыз-келиндер.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG