Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

"Бүгүнкү Москва" жабылуу коркунучунда


Кинорежиссер, "Бүгүнкү Москва" долбоорунун уюштуруучусу Бакай Эген "Азаттыктын" студиясында.
Кинорежиссер, "Бүгүнкү Москва" долбоорунун уюштуруучусу Бакай Эген "Азаттыктын" студиясында.

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалын чагылдырып турган “Бүгүнкү Москва” маалыматтык долбоору жабылуу коркунучунда турат. Долбоордун Кыргызстандагы жергиликтүү телеканалдар аркылуу чыгуучу апталык берүүсү апрелден тарта чыкпай калды. Аталган теледолбоордун негиздөөчүсү Бакай Эген “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бул теледолбоор аркылуу кыргыз көрүүчүлөрү Москвадагы журтташтарыбыздын турмушунан кабардар болуп, программа көрөрмандарын таап калды эле. Анын токтоп калышына эмне себеп болду?

Бакай Эген: Токтоп калышына каражат маселеси себеп болду. Биздин четтеги, негизинен Москвадагы мигранттардын кызыкчылыгын колдоо максатында студия ачып, ал жактагы кыргызстандыктарга тиешелүү бардык жаңылыктарды Кыргызстандагы калктын калың катмарына жеткирели деген мүдөө менен иштеп аттык эле. Бул нерсени мамлекет жасашы керек болчу, анткени бул өтө чоң күчтү жана көп суммадагы каражатты талап кылат. Бул жеке студиянын иши эмес экен. Азыр эми долбоор жабылуу коркунучу алдында турат, ошентсе да биз аны сактап калуу айласын издеп жатабыз, кыргызстандык ишкерлерди да биздин долбоорду колдоого, бирге иштешүүгө чакырабыз.

Биз кыргыз ишкерлеринен түз жардам сурабайбыз, эгер алар бизди колдосо, биз да алардын ишин жарнамалап берет элек. Бул улут кызыкчылыгындагы долбоор болгондуктан бизди өзүбүздүн улуттук гана ишканалар колдоорун аз убакытта түшүндүк. Биз болсо Кыргызстанда жарнама базары өнүкпөгөндүктөн ишкерлерге түз чыкканга аргасыз болуп жатабыз. "Бүгүнкү Москва” менен 1 млн.го жакын кыргызстандыктын кызыкчылыгы Кыргызстанга кеңири жайылат.

“Азаттык”: Долбоордун негизги максаты эмнеде?

Бакай Эген: Биздин максат – Орусияга карай агылган миграциянын алдын алуу. Мигранттардын жашоосун өзгөртүүсүз, так чагылдырып берүү. Бир миллионго чукул мигранттар тууралуу кеңири айткандар, жазгандар өтө аз. Маалыматтык боштук бар деп айтсак да болот. Биз ошону толтуралы деп чакан студия ачкан элек.

“Азаттык”: Орусияда иштеп жүргөн мигранттардан жыл сайын Кыргызстанга 2 млрд. доллардын айланасында акча которулат, биздин бийлик ал акчаны санап отуруунун ордуна, миграциянын агымын азайтууга аракет кылбайт деген сын-пикирлер бар. Ошол акчанын кандай азап менен табылганын көрсөтөлү деген максат барбы?

Бакай Эген: Биздин өкмөт мигранттардын пайдасы үчүн иштегенин көрө элекпиз. Мисалы, миграция министрлиги эмне жардам берип жатат? Бүгүнкү күнү мектепти бүткөн эле жаштар үйүнөн түптүз Москвага барып түшүп атат. Аларга жол көрсөтүп, кеп-кеңешин берип жаткан бир да мамлекеттик орган жок. Миграция менен төрт-беш киши эмес, толук мамлекеттик машина иштеп, аны жөнгө салууга аракеттенүүгө тийиш. Биз тиешелүү тараптарга кайрылып да көрдүк, бирок кызыкчылык болгон жок. Анткени бул жерде эч кандай бизнес, түшө турган пайда жок.

“Азаттык”: Эмгекке жарамдуу калкыбыздын басымдуу бөлүгү дүйнөнүн төрт бурчунда иштеп жүрүшөт. Өзгөчө Орусияда иштеген мекендештер ден соолугуна да карабай кара жанын карч урууда. Алардын ден соолугу, келечеги тууралуу да айтасыздарбы?

Бакай Эген: Үч айдын ичинде биз мигранттар тууралуу бир нече материалдарды даярдадык, орчундуу темаларды козгодук. Миграция – бүгүн айтылып бүтпөс дастан. Миграция токтомоюнча айтчу сөз да көп. Миллиондогон мигранттардын ар бир көргөн күнү өзүнчө турмуш, өзүнчө тарых. Азыркы учурда мына ушулар айтылбай, көмүскөдө калууда.

“Азаттык”: Үч айдын ичинде миграциянын көпчүлүк билбеген кайсы жагын көрсөттүк деп айта аласыз?

Бакай Эген: Бизде мигрантты акчалуу адам деп ойлошот. Таптакыр андай эмес. Мигрант бул жолдогу адам, мусапыр. Жолдо ар кандай, алдын-ала айталбаган тагдыр күтүшү мүмкүн. Экинчиден, акыркы убакта миграциянын мүнөзү да өзгөрдү. Миграцияда интеллигенция пайда болду, акчалуулар бар, жеңил жашагандар пайда болду. Миграциядан үй-бүлөлөр бузулуп, балдар тирүүлөй жетим калып атышат. Миграциядан никесиз балдар көп төрөлүүдө. Биз мына ушул жактарын ачып көрсөтүп берели деп атабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG