Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Атамбаев: бул жолу шайлоочулар аз келет


Президент Алмазбек Атамбаев Лейлекте жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда 4-октябрда боло турган шайлоо таза өтөрүн жана ага мурдагы бийликтер көрсөткөндөй 100% эмес, 60 пайыздай шайлоочу катышышы мүмкүн экенин айтты.

"Буга чейин айрым шайлоо участкаларында 100-110 пайыз келишсе, азыр ашып кетсе 60% катышат. Анктени биометрика деген бар. Ар бир жарандын добушу Кыргызстандын келечегине же түрткү, же бөгөт болот. Кимди шайласаңар келечек ошондой болот. Азыр шайланган парламент жаңы өкмөттү шайлайт. Ууруларды шайласаңар алар ууруларды өкмөткө алып барат”, - деди президент.

Мамлекет башчы Баткенге бүгүн барган. Анын жолугушууларына журналисттер катыштырылган эмес.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG