Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

1-январдан баштап Орусиянын "Чет элдик жарандар жөнүндө" жаңы мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык эми КМШ өлкөлөрүнөн жумуш издеп баргандар патент алуусу шарт.

Ал ортодо орус өкмөтү быйыл 126 миң гана мигрант кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени жарыялады.

Былтыр Москва шаарында иштегендер үчүн патент баасы 4 миң рубль деп келишсе, ушул тапта патент 16 миң рублге чыгып кеткени айтылууда. Мындай жагдайда серепчилер акчасы тартыш эмгек мигранттары кайра эле көмүскө иштегенге аргасыз болорун белгилешет.

Төрт жылдан бери Москва шаарында эмгектенген Улан Болотовдун айтымында, учурда Орусияда патентке ортомчу болуп, акча жасап алууга шымаланып киришкен фирмалар пайда болду.

- Май айына чейин кыргызстандык мекендештер бул жакка иштегени келбей эле турганы оң. Бүгүнкү күндөн баштап патенттин баасы 12 миңден 16 миңге чейин көтөрүлөрү дайын болуп калды.

Бирок минтип үстүнө үстөгүн кошуп туруп документ жасатып алган күндө деле Кыргызстанга салганга акча арттырып алуу маселеси кыйындап баратат дейт Улан:

- Мигрант жашаган жерине 5 миң берсе, баскан-турганына 5 миң берет. Жалпы жонунан эсептеп көргөндө бир жылда бир эле киши документтерге кеткен чыгым менен 228 миң рубль сарптайт экен. Жылына тапкан айлык акыбыз орточо эсеп менен 220 миң болот. Ошондо бизге Кыргызстандан туугандарыбыз жылына 8 миңден 10 миңге чейин салып турганга туура келет. Бул жерде менин эсебим менен эч кандай пайдасы болбой турат.

Бирок Улан Болотов эгер Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук кирсе, ал жактагы мигранттар үчүн шарт-шаани өзгөрөт го деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан патенттин баасы ар аймакта ар башка суммада болору, алардын ичинен эң кымбаты Москва шаарында 4 миң рублдин тегерегинде экени айтылган эле.

Бүгүнкү күндө ал баа эмнеге кымбаттап кеткенин Орусиядагы мигранттарды коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Осмонова мындайча түшүндүрдү:

- Жалгыз-жарым барып патент алуу кыйын экен. Андыктан менин угушумда ортомчу фирмалар пайда болуптур. Анын ичинен медициналык карта, орус тилинен жана тарыхынан сынак тапшыруу маселеси да бар эмеспи. Аны биздин мигранттардын баары эле тапшыра албайт. Андыктан тилди билет деген жалган справка жасатууга туура келет. Ага эле беш миң рубль бериш керек экен.

Чолпон Осмонова учурда патент системасы эмгек мигранттары үчүн мурдагыдан эки эсе кыйынчылык жаратканын белгиледи.

СССРден билим алсаң сынак тапшырбайсың

Мигранттардын айтымында, мындай кыйынчылык бир гана Орусиянын чоң шаарларында болуп жаткан жок. Маселен, Түштүк Сахалинде эмгектенип жаткан Альфиза Табылдыева өзү жүргөн шаарда патент алуу арзан болгону менен, айына төрт миңден төлөөгө туура келерин айтат:

- Мурда патентке 1116 рубль төлөчүбүз. 12-январдан кийин айына 4 миң төлөйсүңөр деп жатат.

Альфиза патент берүүдө Орусиянын федералдык миграция кызматы Советтер Союзунун курамында турган учурда мектепти аяктаган жарандарга жашыл патент берип, алардан орус тили, тарыхы боюнча сынак албай турганын, ал эми эгемендик жылдары мектепти аяктаган мигранттарга сары патент берип, алар жогорудагы сабактардан сынак тапшырышы зарыл экенин белгиледи.

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтпаевдин пикиринде, Орусияда жүргөн мекендештерибиз учурда жаңы эреженин негизинде чыгарылган патентти ала элек. Бирок 1991-жылга чейин мектепти бүткөндөргө башка, эгемендик мезгилинде мектепти бүткөндөргө башка түстө патент берилери тууралуу маалыматы бар:

- Бул ошол адамдын орус маданиятын, тилин, тарыхын канчалык деңгээлде билери тууралуу айырмалай турган аракет окшойт. Сынак алуу системасын киргизгенде 1991-жылга чейин мектепти бүткөндөр сынактардан бошотулат.

Айтпаев Орусиядагы айрым мекендештерибиз буга чейин патент алып, аны менен иштеп келгенин, алар мөөнөтү бүткүчө жарактуу болорун да айта кетти.

Быйыл Орусия мигранттарга куштар эмес

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси Улукбек Бакенов болсо мигранттар туш болгон жогорудагы көйгөйлөр Кыргызстан май айында Евразия экономикалык шериктештигине кирери менен аяктайт деп ишендирүүдө.

- Азыр жол картасына кол коюлду. Ал документ эми Жогорку Кеңештен колдоо тапса, 9-майда кол коюлат. Биримдикке киргенден кийин мигранттар эч кандай документсиз, болгону эмгек келишими менен гана каалаган жеринде иштей берет.

Иш издеп жүргөн мигранттар

Иш издеп жүргөн мигранттар

Анткен менен Орусиянын өкмөттүк сайты жаңы жылда министрлер кабинети 2015-жылга сырткы өлкөлөрдөн 126 миң мигрант кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени тууралуу чечим кабыл алганы боюнча маалымат таратты. Бул өткөн жылдагыга караганда 20 миңге аз. Анын ичинен аймактардын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү экени көрсөтүлгөн.

Анын ичинен быйыл Орусиянын борбордук округу - 38 100, батыш округу - 11 075, Приволжский аймагы - 23, 700, Башкыртстан - 3000, Сибир - 20 000, Москва шаары - 2000, Санкт-Петербург - 1500, Крым - 1900, Севастополь - 400 эмгек мигрантына гана квота бере алат. Бул жалпы КМШ жана чет өлкөдөн баргандар боюнча. Ал эми ушу тапта Кыргызстандан Орусияда 500 миң мекендешибиз жүргөнү айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG