Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

"ВИЧ банан" же соцтармактагы жалган


WhatsApp'тан келген билдирүүлөрдүн бири
WhatsApp'тан келген билдирүүлөрдүн бири

Социалдык тармактар аркылуу оор илдеттерден сак болууга үндөгөн ар кандай чакырык-маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатат. Ага ишенгендер да, ишенбей, жалган маалымат таратуучуларды сынга алгандар да бар.

Соцтармактан коркунуч тууралуу маалыматты окугандан кийин Алмира чын эле чочулап, жер-жемиш жебей калган.

- Мен аябай корктум. Эми мындан ары жемиштерди карап жейм. Анын ичинде кан болсо оору жугузарына толук ишенем.

Соңку кездери айрым жер-жемиш азыктарынан сак болууга чакырган билдирүүлөр социалдык тармактар, WhatsApp байланышы аркылуу көп таратылууда. Андай маалыматтардын биринде СПИД менен ооруган адамдын каны кошулган мандарин же банан сатыкка чыкканы айтылат.

Ошол эле текст түрүндөгү билдирүүлөрдүн тасмасы, сүрөттөрү да маал-маалы менен тарап жатат. Маселен, мандариндин ичине канга окшош суюктук ийне аркылуу куюлуп жатканы көрсөтүлгөн тасма бар.

Соцтармакта тараган сүрөттөрдүн бири
Соцтармакта тараган сүрөттөрдүн бири

Мындай тасмаларды таратууга кол кабыш кылгандарды да, анын чындыгына ишенбегендерди да интернет колдонуучулар арасынан көп эле кезиктирүүгө болот. Алардын бири - бишкектик студент Азат:

- Мен мындай билдирүүлөрдү жыл сайын эле көрүп келем. Аларга ишенбейм. Анткени, ВИЧ жер-жемиш жегенден жукпайт. Бирок, алгач социалдык тармактан окугандан кийин бир аз чочулап, жемиштин ичин ачып текшерген элем.

Саламаттык сактоо адистери СПИДдин ВИЧ инфекциясы эч качан мындай жолдор менен жукпастыгын айтып, интернет пайдалануучуларды жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырууда. СПИД борборунун адиси Замира Тилепова:

- Болбогон кеп, мүмкүн эмес. ВИЧ вирусу кол алып учурашканда, жер- жемиш жегенде, бир буюм колдонгондо, чымын-чиркей чакканда жукпайт. Анткени, ал вирус адам организминде эле болот. Анын жугуу жолдору такыр башка. Кан куйганда же тазаланбаган жабдууларды колдонуп татуировка жасаганда, энеден балага жана корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугат. Кан куюлган жемиш болгон кезде деле андан илдет жукпайт.

Акыркы күндөрү эми сак болгула деген чакырыктар СПИДдин ВИЧ инфекциясына эле эмес, сасык тумоо илдетине байланыштырып да таратыла баштады.

Социалдык тармактарда үрөй учурган мындай билдирүүлөр Кыргызстанда эле эмес, жыл башында Казакстан, Орусиянын кээ бир шаарларында тараган. Бирок буга чейин кайсы бир жер-жемиш же өсүмдүктөр аркылуу жугузган бейтаптар тууралуу эч кандай маалымат жок. Айрым адистер мындай билдирүүлөрдүн бир максаты - акча табуу экенин айтышат.

Маалымат технологиялары боюнча эксперт Сергей Макаров айрым адамдар маалыматты ажырата билбегени үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатканын айтты:

- Вирус болуп кеткен кабарлардын басымдуусу жалган болуп чыгат. Кандай кабар болбосун, ал аз убакыттын ичинде эле расмий такталышы керек. Ошол эле жалган жаңылыктардын да түрлөрү бар. Кээ бирин атайын даярдалган топ кандайдыр бир максатты көздөп жиберсе, кээ бири эч максатсыз эле калк арасында жайнап кетет. Маселен, ошол эле "бактылуу болосуң" деген каттар. Кандай гана маалымат болбосун ар бир колдонуучу өзү иргеп алышы керек. Оболу "Гуглдан" изде, башка булактарды текшер. Тилекке каршы, биздин өлкөдө маалыматты туура тандоо боюнча тиешелүү билим берилбейт.

Макаровдун пикиринде, интернет ичиндеги социалдык тармактар жалган маалыматты тез таратуучу булак катары сыпатталат. Учурда алардын айрымдары, маселен, Фейсбук "фейк" (жалган) малыматтарды иргөө боюнча иш баштады.

Мындан бир жыл мурда интернетте Түштүк Африкадан ВИЧ инфекциялуу 50 миң банан алып келинип, сатыкка чыкканы тууралуу сөздөр тараган. Бирок, аны санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору четке каккан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG