Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Welcome to English колдоого муктаж


Welcome ro English китеби. Ортодогусу 2000-жылы басылган. Көк түстүүлөр эми басууга даярдалууда (сүрөттө китептин үлгүсү).
Welcome ro English китеби. Ортодогусу 2000-жылы басылган. Көк түстүүлөр эми басууга даярдалууда (сүрөттө китептин үлгүсү).

Ош шаарында жашаган Хамид Турсунов өз алдынча англис тилин үйрөнүүгө багытталган Welcome to English китебинин толукталган версиясын жазып бүтүрдү. Аны басмадан чыгарууга каражат маселеси тартыш болуп турат.

Китептин биринчи бөлүгү он беш жыл мурун басылып, колдонмо бир топ кишилердин англис тилин үйрөнүүсүнө негиз болгон эле.

Хамид Турсуновду жакшы билгендер аны Ош шаарындагы "№1 котормочу" деп коюшат. Эл аралык уюмдардын жыйындарына котормочу керек болобу же маанилүү документтерди англисче жазуу зарылчылыгы туулабы, айтор көпчүлүк дароо Хамидге телефон чалат. Англис тилден репетитор издегендер да андан сабак алууга аракеттенишет.

- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Арасында башка тилдерди үйрөнүүгө умтулуп жаткандар да бар, өз эне тилинен башкасын түшүнбөгөндөр, түшүнүүгө аракет кылбагандар да жүрөт. Мен каалайт элем, келечек муун өз тилинен сырткары башка тилдерди, айрыкча дүйнөнүн көпчүлүк жеринде колдонгон англис тилин үйрөнүп алса. Айрымдар көбүрөөк орусча окуганга басым жасайт. Ооба, орус тили да маанилүү. Бирок орус тилин да, англис тилин да билип алган пайдалуу,- дейт каарманыбыз.

Хамид бала кезинен эле башка элдердин маданиятына, тилине, үрп-адатына кызыккан. Дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан тезирээк кабардар болууга умтулчу. Ошондуктан, англис тилин үйрөнүүгө бел байлаган. Башкалардын тил үйрөнүүсүнө көмөктөшүү максатында 2000-жылы – 31 жашында Welcome to English китебин жазып, басып чыгарган. Салмактуу, жөнөкөй жана аябай ыңгайлуу жазылган колдонмо азыркыга чейин көп адамдын англисче сабатын жоюуга көмөктөшүп келүүдө.

- Мен Ош мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинде окуп жүргөн кезимде балдарга англис тилинен репетиторлук кылат элем. Ошондо алдыма максат коюп, жөнөкөй ыкмада англис тилин үйрөтө турган колдонмо жазам дегенмин. Андан студенттер да, окуучулар да, үйдө өз алдынча үйрөнгүсү келгендер да пайдалана алгыдай болушун мерчемдегенмин. Ошентип китепти жаздым, андагы ар бир сабакты кыска, бирок түшүнүктүү кылып даярдадым. Аны университетте же мектепте колдонмо катары пайдаланган мугалим да, окуучу да кыйналбагыдай болушу үчүн издендим. Анан 2000 нускада басып чыгардым.

Арадан 15 жыл өтүп, Хамид аталган китепти толуктап, кайрадан басып чыгарууга бел байлады.

Хамид Турсунов
Хамид Турсунов

- Он беш жыл аралыгында көп нерсе өзгөрдү. Интернет жеткиликтүү болуп калды, ар бир үйдө компьютер бар. Адамдардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусу дагы да ашты. Ошондуктан, китепти кайра толуктап басып чыгаруу зарылчылыгы туулганын байкадым. Мурунку китепке кошумча сабактарды киргиздим. Текшертүү максатында 3-4 нуска чыгарып, англис тили адистерине, америкалык тилчилерге сунуштадым. Алар карап жатышат. Буйруса, китепке аудио-тиркеме даярдалат.

Хамид Турсунов китепти орус-англис тилдеринде жазган. Аны калктын калың катмарына жеткирүү максатында кыргызча-англисче версиясын чыгаруу аракетин көрүп жаткан кези:

- Баарыбызга белгилүү, Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2014-2020-жылдарга мерчемделген улуттук программа кабыл алынган. Ага ылайык, үч тилдүү муунду тарбиялаш керек. Тагыраак айтканда, жаңы муун кыргызча, орусча жана чет тилдеринин бирин билиши кажет. Чет тилдердин ана башысы катары англис тили саналат. Ошондуктан, адамдардын англисче үйрөнүүсүн жеңилдетип, улуттук программанын аткарылышына салым кошууну милдетим деп билем. Бул максатымды ишке ашыруу үчүн китептин орусча версиясын да, кыргызча версиясын да басып чыгарышым керек. Ал үчүн мага колдоо зарыл болуп турат.

Колдоо демекчи, Хамиддин англисче үйрөтүүгө багытталган китебин түстүү ыкмада, эл аралык стандартка ылайыктап 2000 нускада чыгаруу үчүн 15 миң доллардын тегерегинде каражат зарыл. “Парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан учурда балким талапкерлерге кайрылып көрөрсүз, келечек муун үчүн жардам бергиси барлар табылып калар”- деген сунушума, төмөнкүчө жооп берди:

- Азыркы же болочоктогу депутаттарга кайрылып, жардам сурасамбы деп да ойлогом. Аларга кайрылышым да мүмкүн... Китеп басып чыгарууга демөөрчүлүк кылган адамдар китеп бизнеси пайда алып келбейт деп ойлошу ыктымал. Бирок китеп пайдалуу жана кызыктуу болсо албетте кирешелүү болот. Англис тилин үйрөнүүнү каалагандарга жардам берүү жаш кезимдеги кыялым. Болгону мага бул китепти басып чыгарууга көмөктөшкөн, Кыргызстандын аймагында таратууга жардамдашкан инвестор керек.

Хамид мырзаны таанып-билгендер анын китебин басып чыгаруу чын эле зарыл болуп турганын белгилешет. Анын жардамында англис тилин үйрөнүп, азыр абройлуу эл аралык уюмдардын биринде иштеп жаткан Үмүтай Даулетованы угалы:

- Хамид Турсуновду мен 10 жылдан ашуун убакыттан бери билем. Мен аны жөн эле мактагым келбейт. Ал чынында алкоого арзыган адам. Анын сабактары, тил үйрөтүү ыкмалары өзгөчө. Алгачкы китеби да аябай жеткиликтүү тилде жазылган. Ошол китеби менен англис тилин үйрөндүм. Кыйынчылык байкалбады, себеби аябай оңой жазылган. Ал китеп кайрадан басылса, коомчулук үчүн аябай пайдалуу болот.

Учурда каарманыбыздын негизги эле иш-мерчеми китепти басып чыгарууга багытталган. Каалоосу ишке ашып, китеби чыккан соң чет элдегилер үчүн да пайдасы тиер деп, колдонмого “Кыргызстанда чыгарылган” деген мөөр бастырууну көздөп жаткан экен:

- Китепте Made in Kyrgyzstan деген мөөр болсо, аны чет элдиктер көрүп, Кыргызстан тууралуу маалымат алса деп ойлойм. Мен ушул мекенде төрөлдүм, өстүм. Кыргызстанды аябай жакшы көрөм...

XS
SM
MD
LG