Касиеттүү Ахмет Ясави: табышмагы жана керемети
Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калктары үчүн мааниси аябагандай зор. Эң негизгиси бизге ислам динин, анын ичиндеги эң жакшы тарикатты -- суфизмди же сопулукту, такыбалыкты араб же фарси тилинде эмес, өзүбүздүн эне тилибизде, түрк тилинде түшүндүргөнү жана таратканы болгон.