Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Кожоюндары Теңир-Тоодон чыккан бизнес компаниялар Нарын областын өнүктүрүүгө инвестиция жумшоо жөнүндө жергиликтүү бийликтин чакырыгын кабыл алышты.

6-мартта Нарында өткөн бизнес форумга Бишкектен жана чет жактан чакырылган ишкерлер тоолуу аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын чыңдоо максатында жергиликтүү бийлик сунуштаган сунуштаган долбоорлордун ичинен 15 долбоорду тандап алышты. Алардын үчөөн Ат-Башы районунда, он экисин Нарын шаарында ишке ашыруу каралган.

Мисалы, айтылуу “Дордой” ассоциациясы “Эл чыгармачылыгы - руханий дөөлөт” деп аталган элдик уздардын ишмердигин колдоого эки миллион сом, шаарда мончо салууга эки миллион сом инвестиция жумшап жатканы айтылды. “Дордойдун” ишкерлери башка долбоорлорго да катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышканын билдиришти.

Казан шаарында иштеп жүрүп байыган ишкер Таштанбеков Дүйшөнбек Нарында 50 иш орундуу кийим тигүү цехин иштетип баштап, ал жердеги иш орундарын 500 гө чейин жеткирмек болууда. ЖКнын депутаты Нариман Түлеев Нарын шаарында 7-апрель окуясынын баатырларына арналган эстелик куруу милдетин алды. Губернатор Канатбек Муратбеков өзү шаардын кире беришиндеги “Алма-Бак” багын оңдоп көрктөндүрүүгө 11 миллион сом жумшоону чечкени жарыя айтылды.

“Аю” компаниясы Нарындагы универмагды чоң соода борборуна айлантып оңдоп, ошондой эле шаарда бокс боюнча спорттук машыгуу борборун салып бермей болду. Арак-шарап чыгарган ири ишкана социалдык маселелерди чечүүгө орчундуу көңүл буруп келе жатат, дейт “Аю” компаниясынын гендиректору Бейшен Өскөнбаев.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен Нарын областынын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыккан. Ал документке ылайык, тоо-кен жана энергетика тармактары, чакан жана орто бизнес, транзиттик траффик, инновациялык технологиялар, айыл чарбасы менен мал чарбасы, туризм областты өнүктүрүүнүн негизги жолдору болуп каралган.

Облустун жаңы губернатору Канатбек Муратбеков биринчи бизнес форумга Нарын жергесинен өсүп чыккан ишкерлерди чакырып, аларды кичи мекенине инвестиция жумшоого чакырды. Анткени Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн ишкерлердин, ири бизнес компаниялардын кожоюндарынын арасында теңиртоолуктар көп. Мисалы нарындык ишкерлер кожоюндук кылган “Дордой” ассоциациясы, “Акун”, “Кыргыз темир”, “Аю”,”Беш сары” сыяктуу фирмаларды атоо эле жетиштүү.

Жергиликтүү ишкерлер Нарын аймагын өнүктүрүү үчүн бул областты бүтүндөй эркин экономикалык зона кылуу максатка ылайыктуу болору жөнүндө сунуш көтөрүшүүдө. Жергиликтүү ишкер Бейшеналы Нурдиновдун айтымында, Нарын областы дотацияда турган область катары мамлекет казынасына кыйраткан деле салык база болуп бере албайт, ошондуктан областтын аймагын эркин экономикалык зона кылып жарыялоо бул жакка инвестициялардын келишине жол ачмак.

Нарын шаарынын инфраструктурасы совет заманында курулган бойдон соңку жыйырма жыл бою каралбай келди. Эгемендик жылдары социалдык-маданий бир дагы курулуш бүткөн жок. Кирпич заводу, эт, сүт комбинаты, курулуш ишканалары таланып тонолуп кеткен. Область 87 пайыз республиканын дотациясында турат. Жумушсуздуктун маштабы чоң, ошондуктан сыртка иш издеп кетип жаткандар толтура. Бирок шаар Кытайга кеткен соода жолунда жайгашкан, чек арага жакын шаар катары стратегиялык мааниси да бар жана экономикалык келечеги да бар, дейт облустун губернаторунун орун басары Сабырбек Сардарбеков.

Нарын облусунун бийликтери жакын арада дагы эки бизнес форум өткөрүп, ага эл аралык донор уюмдарды жана тоо-кен өндүрүш компанияларын чакырган жатат. Областтын аймагында көмүрдүн, темирдин, алтындын, алюминийдин ири кендери бар. Темир, алтын кендери иштетиле элек, ал эми көмүр казган ишканалардан облус жарытылуу пайда көрө элек.
XS
SM
MD
LG