Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Окуучулардын урушу өлүм менен аяктады


Иллюстрация
Иллюстрация

Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташа кетип, натыйжада эки өспүрүм бычак жеп бири ошол жерден каза болуп, экинчиси оор акыбалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Окуя 19-январда кечки саат онго чамалуу болгон. Тез жардам бөлүмү билдирүү түшөрү менен окуя болгон жерге жетип барган. Тилекке каршы бычакташкан өспүрүмдөрдүн бири ошол жерден каза болгонун Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

- Окуя болгон жерге Кочкор районунун прокурору, Кочкор РИИБнүн жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу барышты. Кочкор айылынын чыгыш тарабындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу, 17 жаштагы бала каза болгон. Учурда тиешелүү соттук медициналык экспертиза түзүлүп, тергөө иштери башталды.

Милициянын маалыматында, Кочкор районундагы орто мектептин онунчу классынын төрт окуучусу өздөрү менен тең, башка класста окуган баланын үйүнө барышкан. Ич ара чырлашуу кызыган кезде ал өспүрүм үйүнөн бычак алып чыгып, берки төрт баланы качырган.

Бычак жеген эки баланын бири ошол жерден жан берип, экинчиси оор акыбалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда анын абалы турукташып калганын оорукананын башкы врачы Турат Жумабеков билдирди.

- Курсакка сайган экен. Бычак ич майдан өтүп ашказанга тийген. Ооруканага убагында келгендиктен кан көп кеткен эмес, өз учурунда операция жасалып, учурда абалы туруктуу.

Теңтушуна бычак шилтеди деп шектелип жаткан баланын эжеси Миргүл (аты өзгөртүлдү) инисин мектеп парламентинин президенти, классташтарынын алды болчу дейт. Анын айтымында, өспүрүмдөр чырына мектептеги рекетчилик себеп болгон.

- Көргөн жерден эле сабап, акча талап кылышчу экен. Ошол күнү иним үйдө жалгыз болчу. Чакырганда чыкпай койсо, "суу берчи" дешиптир. Алдап чыгарып алышканда бир нерсе дешсе керек, иним ызасына чыдабай ушул ишке барыптыр. Негизи иним 9-классты бүткөндө "бул мектепке барбайм, балдар сабай берет, башка жактан окуумду улантам" деген. Бирок апам болбой койгон. Апам мектепке барып, ал балдарга чара көргүлө деп арыз да жазган.

Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жылдыз Капарова мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн иштер жыйынтык бербей жатканын айтууда. Ошол эле маалда жоопкерчиликтен качкан ата-энелер да жок эмес дейт.

- Ата-энелер менен иштешүү үчүн аларды мектепке чакырсак келбейт. Анткени алар балдары жөнүндө жаман кеп укканды каалабайт. Биз ата-эне, окуучу жана мугалим деп үч тараптуу келишим түзүп алып иштеп жатабыз. Тарбия берүүдө ата-эне менен мектеп бирдей эле ролдо.

Учурда классташтарына бычак шилтеген окуучу кылмышка шектүү катары камакка алынды. Ага кылмыш иши козголуп териштирүү башталды.

Мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган мындай көрүнүш 2015-жылы да катталган. Жумгал районундагы орто мектепте 9-класстын окуучусу да жогорку класста окуган баланын айынан жан берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG